Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:38

Британиянын ооган саясаты


Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Милибанд, Брюссель, 27-июль 2009-жыл
Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Милибанд, Брюссель, 27-июль 2009-жыл

Дүйшөмбүдө Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Милибанд НАТОнун Брюсселдеги баш кеңсесинде Ооганстан стратегиясы боюнча сөз сүйлөдү.

“Ооганстан: Келечекке карай жол” деген докладында министр айрым козголоңчулар менен элдешүү, жергиликтүү башкарууну жакшыртуу, регионалдык стабилдүүлүктү өнүктүрүү керектигин белгиледи.

Батыш Ооганстандагы талиптерге жана ал-кайидачыларга каршы аракеттерди толугу менен колдойт. Бирок ийгиликке жетүү жолдорун табуу керек, - деген оюн ортого салды Милибанд. Британ тышкы иштер министринин пикиринде, Ооганстандагы козголоңчулар ар кыл максаттарды жана кызыкчылыктарды көздөгөн элементтерден куралган.

- Адамдар козголоңчуларга ар башка себептерден улам кошулууда. Жана андай себептер идеологияга эмес, көбүнесе прагматикага негизделет. Талиптер жалданма аскерлерине күнүнө 10 доллардан төлөшөт. Бул полициячынын маянасынан көп. Апийим өстүргөн дыйкандар козголоңчулар маң заттарын жок кылуу аракеттеринен коргоп калышат деп ишенишет. Наркоаткезчилер баңги заттарын эркин ташып туруу үчүн козголоңчуларга таянышат. Талаа командирлери жана талиптер жеңсе өз саясий максаттарына жетүүнү көздөгөн адамдар да бар. Эң негизгиси карапайым оогандар талиптердин кайтып келишинен чочулаганы менен, мамлекет аларды коргоого канчалык кудуреттүү деп күмөн санагандар арбын.

Мындай татаал маселени чечүү үчүн Милибанд Ооган өкмөтүн калайыктын катышуусу менен козголоңчулар менен элдешүү жана аларды күнүмдүк турмушка тартуу стратегиясын ишке ашырууга үндөдү. Бирок бул жерде шариятты жергиликтүү деңгээлде орнотууну каалагандар менен зордукчул жихадды жактаган согушкерлерди айырмалоо керек, - деди британиялык министр.

- Ооган өкмөтү козголоңчуларга эффективдүү, масштабдуу демилгелерди сунуш кылууга тийиш. Эң башкысы, мурдагы козголоңчуларга айыл-кыштактарына барып, дыйканчылыкка кайтуу же айрымдарына өлкөнүн легитимдүү коопсуздук күчтөрүнө тартылууга мүмкүнчүлүк берилиши керек.

Коалиция Ооганстандын армиясын жана полицияны машыктырууга жардам берип келатат. Бул чөйрөдөгү айрым жетишкендиктерди белгилеген Милибанд жергиликтүү башкарууну жакшыртууга чакырды:

- Коопсуздук күчтөрү менен катар оогандарга бийликтин негизги пайдубалы маанилүү. Демек өлкөнүн 34 вилайетинин ар биринде ишин жакшы алып барган губернатор болууга тийиш. Алар өз кезегинде 364 облуста ишенимдүү жетекчини даярдашы керек. Компетенттүү, таза, элдин ишенимине арткан жергиликтүү өкмөттөр Кабул тарабынан колдоого алынып, тарых жана жергиликтүү уруулар түзүлүшү менен туура иштешүүнү билиши керек.

Батыш Ооганстандагы кырдаалды жөнгө салууда коңшу мамлекеттердеги стабилдүүлүк маанилүү экенин ырастап келатат. Милибанд Исламабаддын талип согушкерлерине каршы жакында өткөргөн операциясын жана Батыш жана Ооганстан менен кызматташуусун кубаттап, ошол эле маалда Ооганстандагы козголоңчулардын лидерлери Пакистандын Кветта жана Пешавар шаарларынан башкарып жатышат деди. Ал Пакистан өкмөтүн саясий реформаларды ишке ашырууга жана козголоңчуларга каршы стартегиясын өнүктүрүүгө үндөдү.

XS
SM
MD
LG