Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:19

Ооган өкмөтү кабарчыларга жаңы цензура ойлоп тапты


Кабулда жарылган бомбадан тутанган өрттөн кийинки көрүнүш. Телеканалдар бул окуяны жаңылыктар түрмөгүндө тике алып көрсөтүшкөн эле.
Кабулда жарылган бомбадан тутанган өрттөн кийинки көрүнүш. Телеканалдар бул окуяны жаңылыктар түрмөгүндө тике алып көрсөтүшкөн эле.

Ооганстандын коопсуздук күчтөрү козголоңчулар кол салган учурларды телерадиодо түз ободо көрсөткөнгө жана кабарлаганга тыюу салышты. Бийликтер мындай репортаждар экстремисттерге көмөк көрсөтүп жатат деп эсептейт. Журналисттер жана укук коргоочулар муну менен өкмөт өзүнүн алсыздыгын моюнга алды дешет.

Коопсуздук мекемелери кооп-козголоң маалында тике алып көрсөтүлгөн же уктурулган телерадио кабарларга мындан ары тыюу салына турганын жарыялашты. Алардын айтымында, мындай репортаждар тилиптерди шыктантып, өз аракеттерин жакшылап уюштурганга жардамдашып жатат. Бийликтер, маселен, жакында Кабулда болгон калайманды түз алып көрсөткөн телерепортаждар коопсуздук күчтөрүнүн жооп кайтарган операциялары тууралуу талиптерге жакшы маалымат болуп берди дешет.

Бул кадамга демилгечи болгон Улуттук коопсуздук башкармасы өз чечимин мыйзамдагы айрым жоболорго шилтеме жасап бышыктады. Мекеменин өкүлү Саид Ансари "түз ободогу усулдагы репортаждар өкмөткө эмес, өңчөй Ооганстандын душмандарына пайда келтирип жатканын" белгилеп, мындан ары буга окшогон окуяларды кабарчылар башкармалыктын уруксаты менен гана тартып, көрсөтө аларын билдирди.

Ансари бул эрежелерге баш ийбеген журналисттер жазаланат, аларга атайын чаралар көрүлөт, тигил же бул окуяны уруксатсыз тартканы үчүн кабарчылардын камералары, башка да техникалык шаймандары опуздалып алынат деп эскертти.

Былтыр да ооган өкмөтү 20-августтагы шайлоого байланыштуу маалымат каражаттарына ушундай цензура киргизген эле. Бул жолку чечим өткөн аптада талиптер Кабулда калайман уюштурган соң кабыл алынды.

Чалгын жана коопсуздук мекемелерин жаңы айла ойлоп тапканы үчүн айыптап, алардын эрежелерин журналисттер менен укук коргоочулар өкмөттүн өз алсыздыгын моюнга алган чечими деп аташты. Жарандык эркиндиктер жагынан коомдук көзөмөл жүргүзгөн уюмдун өкүлү Ажмал Самади бийликтер эл аралык мыйзамдарга жана ооган конституциясына каршы иш кылып жатышканын баса бөлүп көрсөттү.

Ооган журналисттер бирикмесинин башчысы Рахимулла Самандар: "Бу чечимге биз терс мамилебизди билдиребиз. Ооган мыйзамдары боюнча өкмөт жаңылыктар саясатына тикелей цензура орното албайт. Мамлекеттин мындай кадамына биз караманча каршыбыз. Бул өкмөттүн эчтемеге жарабаган бечелдигин гана көрсөтөт", -деп айтты "Азаттыкка".

Анын айтымында, ооган журналисттери үчүн атайын күчтөрдүн көрсөтмөсү мыйзам боло албайт, ага ким бирөө баш ийерине да эч ким ишенбейт.

Бул учурда талиптер бир топ активдеше баштады. Өлкөнүн түштүгүндө дүйшөмбү күнү бомбага жарылып, НАТОлук контингенттен төрт жоокер набыт болду. Ошол эле күнү Кандагарда полициянын мекемесине жакын жерде дүрмөттөлгөн машина жарылып, бир адам өлүп, жоон тобу жаракат алды. Мунун соңунан Пакистанда НАТОнун бөлүктөрүнө күйүүчү май тартып бараткан автокербенге козголоңчулар кол салышып, бир машина өрттөнүп кетти, калгандары зыян тартты.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG