Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:52

Ооганстан: Шайлоонун экинчи айлампасы Абдулласыз өтөт


Абдулла Абдулла Ооганстандагы президенттик шайлоонун экинчи айлампасына талапкер катары катышпай турганын жарыялады. 2009-жылдын 1-ноябры.
Абдулла Абдулла Ооганстандагы президенттик шайлоонун экинчи айлампасына талапкер катары катышпай турганын жарыялады. 2009-жылдын 1-ноябры.

Ооганстанда 7-ноябрда өтө турган президенттик шайлоонун экинчи айлампасына оппозициянын талапкери Абдулла Абдулла катышпай турганын жарыялады. Карзай өкмөтү болсо шайлоо жараяны баары бир белгиленген нукта улантылаарын айтууда.

Абдулла Абдулла бул чечимине башкы себеп катары шайлоонун акыйкат өтүшү үчүн койгон талаптары бийлик тарабынан аткарылбаганын келтирди.

Анын талаптарынын арасында шайлоо бийлигинин бир беткей саясат жүргүзгөн деп күмөн туудурган өкүлдөрүн, анын ичинде шайлоо комиссиясынын төрагасы Азизулла Лодинди, айрым вилайет акимдерин жана кээ бир министрлерди кызматтан четтетүү талабы да бар эле.

Бирок президент Хамид Карзай бул талаптарды аткаруудан баш тартты.

Мурдагы Тышкы иштер министри Абдулла азыркы президент Хамид Карзай менен президенттик кызмат үчүн 7-ноябрда шайлоонун экинчи айлампасында беттешмек.

Абдулла бүгүнкү (01-ноябрдагы) билдирүүсүндө “Шайлоого катышпоо боюнча чечим кабыл алуу ал үчүн оңой болбогонун” айтып, бирок 7-ноябрда шайлоонун ачык, акыйкат өтүшүнө ишеним калбаганда ушундай кадамга барганга мажбур болгонун кошумчалады.

Ооганстанда президенттик шайлоонун алгачкы айлампасы быйыл 20-августта өткөн. Анын алдын-ала жыйынтыктары боюнча президент Хамид Карзай экинчи мөөнөткө шайланганы жарыя кылынган.

Бирок Бириккен улуттар уюмунун колдоосу менен иш алып барган атайын комиссия добуштардын массалык түрдө бурмаланганын аныктагандан кийин, анын экинчи айлампасын өткөрө турган болушкан эле.

БУУнун колдоосу менен өткөрүлгөн добуш тактоо иштеринин натыйжасында биринчи айлампада Хамид Карзай добуштардын 49,6 пайызын, ал эми Абдулла Абдулла – 31 пайыз добуш алганы жарыяланган.

Абдулла Абдулланын чечими экинчи айлампаны ойрон кылдыбы?

Хамид Карзайдын башкы атаандашынын бул чечими Ооганстандагы президенттик шайлоонун мыйзамдуулугуна өтө оор сокку болду деп санагандар да бар.

Ал эми АКШнын Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон болсо кайсы бир талапкердин шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө жарыштан чыгуусу Ооганстанда эле эмес, Батышта да кадыресе көрүнүш экенин ишембиде (31-октябрда) Абу Даби шаарында (Бириккен Араб Эмирлигинде) маалымат жыйынында белгиледи.

Президент Хамид Карзайдын басма сөз өкүлү Вахид Омар (Waheed Omar) болсо Абдулла Абдулланын жарыштан чыгышына өз өкүнүчүн билдирип, бирок президенттик шайлоонун экинчи айлампасы баары бир болжолгон күнү өткөрүлөөрүн кошумчалады.

Бирок Абдулла Абдулланын колдоочулары анын шайлоо жарышынан чыгышын мындан аркы ички саясий күрөштө жигердүү пайдаланаары да шексиз.

Мурдагы көз дарыгери Абдулла Абдулла бир кезде талиптерге каршы согушкан Түндүк ынтымактын тышкы иштер министри болгон, талиптер Кабулду алган соң бозгундагы ооган өкмөтүнүн тышкы иштер министри кызматын аркалады. 2001-жылы талиптердин бийлиги кулаган соң, ал Хамид Карзайдын өкмөтүндө да беш жылдай тышкы саясат мекемесин башкарып турду.

Ооганстан: Абдулла шайлоодон баш тартты
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:58 0:00

XS
SM
MD
LG