Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:38

Карзай ар бир ооганга кызмат өтөөгө убада кылды


Хамид Карзай ант берүү салтанатында, 19-ноябрь, 2009-жыл.
Хамид Карзай ант берүү салтанатында, 19-ноябрь, 2009-жыл.

Бейшембиде Хамид Карзай ант берип, экинчи президенттик мөөнөткө расмий киришти. Кабулдагы салтанатка уруу аксакалдары, бийлик өкүлдөрү, чет өлкөлүк расмий делегациялар катышты.

Карзай тынчтык орнотуу маселеси жаңы администрациянын көңүл чордонунда болоорун, өкмөт мүчөлөрү “улутка кызмат өтөгөн адискөй” адамдар болууга тийиш деп белгиледи.

Ооганстандын мурдагы тышкы иштер министри Абдулла Абдулла президенттик шайлоонун экинчи айлампасына катышуудан баш тарткандан кийин Хамид Карзай 2-ноябрда президент болуп жарыяланган.

Экинчи 5 жылдык мөөнөтүнө киришип жатып, Карзай өлкөдө бейпилдик жана коопсуздук орнотууга, коррупцияга каршы күрөшүүгө убада кылып, элдик жыйынды же Лойя Жырганы козголоңчулар менен элдешүүгө үндөдү. Талаштуу шайлоодон кийин ооган коомунда пайда болгон бөлүнүп-жарылууну жоюу аракетинде президент ар бир ооганга кызмат өтөөрүнө ишендирди:

- Ооганстан президенти катары ант бергенден кийин өзүмдү бүтүндөй Ооган элине, өлкөнүн булуң-бурчунда жашаган ар бир ооганга кызмат өтөгөн адам деп сеземин.

Карзайдын ант берүү аземине катышуу үчүн Кабулга бир катар чет өлкөлүк жогорку даражалуу өкүлдөр, анын ичинде АКШ мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон, Пакистандын президенти Асиф Али Зардари келишти.

Карзай атаандашы Абдулланы улуттун кызыкчылыгын ойлоп кызматташууга үндөдү.

- Мен дагы бир жолу президенттик шайлоого катышкан ага-инилеримди элибиздин жаркын келечеги үчүн чогу аракеттенүүгө чакырам.

Абдулла буга чейин Карзай менен иштешпей турганын ырастап келген.

Клинтон Ооганстан үчүн бурулуш учур келди, Карзай өлкө жарандарынын турмушун жакшыртууга умтулуп жатканын далилдөө үчүн жакшы мүмкүнчүлүк алды деп белгиледи.

Карзай тынчтык орнотуу жана элдешүү маселесин жаңы администрациянын приоритети катары атады. Өкмөт бара-бара коопсузудукту камсыздоо вазийпасын өз колуна алууну көздөөдө деген президент, талип козголоңчуларын куралды таштап, кызматташуу жолуна түшүүгө чакырды.

Соңку кездери ооган лидерине эл аралык коомчулуктун кысымы күчөдү. Паракорлук ооздукталбаса, гуманитардык жардам кыскарат деген эскертүүлөр айтылып келди.

- Министрлер адилет, адискөй, компетенттүү, элди ойлогон адамдар болууга тийиш. Өкмөттүн жогорку өкүлдөрү, өзгөчө министрлер, орун басарлары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү байлык-мүлкүн каттоодон өткөрүүгө милдеттүү. Парламент менен коррупцияга каршы мыйзам жөнүндө кеңешип жатабыз.

Талиптердин режими кулатылгандан кийин Улуттар уюмунун арачылыгы менен өткөрүлгөн Бонн конференциясы 2001-жылы Карзайды Ооганстандын лидери катары тандаган. 2002-жылдын июнунда аксакалдар кеңеши аны дагы 2 жылга утурумдук жетекчи деп шайлаган. 2004-жылы Карзай алгачкы эркин президенттик шайлоону жеңген.

XS
SM
MD
LG