Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:34

Карзайга каршы ким чыгат?


Абдулла Абдулла жактоочуларына кол булган турган кез. Кабул, 3-август, 2009-ж.
Абдулла Абдулла жактоочуларына кол булган турган кез. Кабул, 3-август, 2009-ж.

Ооганстандын мурдагы тышкы иштер министри 20-августтагы президенттик шайлоодо Хамид Карзайдын башкы атаандашы болчудай. Абдулла Абдулла чет жактарда таанымал ооган саясатчы.

Ал көп жылдар бою маалымат катчысы болуп иштеп, кийин ар кандай сүйлөшүүлөрдө ортомчулук кылып, Советтер Союзу, Талибанга каршы күрөшкөн саясий жана аскердик топторду колдоп келген.

Жайдын аптабында, Кабулдан түндүгүрөөк тараптагы Панжшер өрөөнүндөгү бийик тоолуу аймакта чогулган эл Абдулла Абдуллага кызуу колдоо көрсөтүп, аны жергиликтүү калк арасында кадыры бекем маркум аскербашчы Ахмад Шах Масуддун кыйышпас досу атап, бардык талапкерлер арасынан эң мыктысы деп мактоого алышты.

Абдулла чын эле 1980-жылдары советтик аскерлерге каршы “жихадга” катышып, кийин Талибан менен Ал-Каидага каршы “макомат”, же каршылык көрсөтүү кыймылынын көрүнүктүү мүчөсү катары ооган калкынын жаңы мууну арасында урмат-сыйга ээ. Өткөн аптада Кундоз вилайетинде чогулган эл астында жергиликтүү аким Азим Азими талапкер Абдулланын башкы максатын төмөнкүдөй белгиледи.

- Ооганстандын бүткүл калкы өлкөдөгү саясий системаны кайра карап чыгып, баарын түп-тамырынан өзгөртүүнү талап кылып турган кез. Эл биздин диний баалуулуктар, өлкө коопсуздугу, экономикалык өнүгүү үчүн жанын аябай курман болгон миңдеген, миллиондогон азапкорлордун укугу кайда деп суроо салууда.

48 жаштагы Абдулла Кабулда Сенаттын мүчөсү, улуту пуштун саясатчынын үй бүлөсүндө төрөлгөн. 1980-жылдары медицина жаатында жогорку билим алып, советтик армия басып киргенден кийин коңшулаш Пакистанга эмиграциялаган. Көп узабай апасынын төркүнү жашаган Панжшер вилайетине кайтып келип, советтик аскерлерге каршы күрөшкөн Масуддун ишенимдүү адамы жана жеке догдуру болуп калат.

Бир нече тилде эркин сүйлөгөн билимдүү Абдулла бат эле Ахмад Шах Масуддун басма сөз өкүлү болуп дайындалып, Талибан бийликке келгенде, оппозициячыл өкмөттүн башкы дипломаты катары сүйлөшүүлөрдү жүргүзө баштайт. 2001-жылы АКШ баштаган коалиция талиптердин бийлигин кулатып, Ооганстандын жаңы өкмөтүн курап жаткан чакта, дал Абдулла өзү Хамид Карзайды президенттикке сунуштаганы айтылып жүрөт. Жаңы өкмөттө ал өзү тышкы иштер министри кызматын ээлеген. Азыр эми Абдулла өзү Карзайдын өкмөтү көп жагынан өлкөнү калыбына келтирүү ишин аркалай албай, алсыз болуп жатканын моюнга алып, кырдаалды өзгөртүү колунан келээрин айтып турган чак.

- Карзай чанда гана бир келчү мүмкүндүктү колдон чыгарып, баары кыйраган кырдаалга алып келип такады. Эл азыркы башаламан жагдайды эми кантип жакшыртасың? – деп сураары бышык. Ал эми баарын оңдооруна көзүм жетпейт. Ооганстан өзгөрүүгө суусап турат, мен өзүмдүн программа, план, стратегиям аркылуу ошондой өзгөрүүнү ишке ашыра алам, - дейт экс-министр.

Абдулланы жактыра бербегендер ал башкарып турганда Тышкы иштер министрлиги анын уруулаш-жердештерине толуп кеткенин, кантсе да экс-министр азыркы бийлик менен көп жылдар ийиндеш иштеп, чырмалышып калганын айтышат. Бирок Абдулланын азыркы бийликке каршы ачык сүйлөп, жаңыланууну сунуш кылганын жактыргандар күндөн күнгө көбөйүп баратканы да байкоочулардын көз жаздымынды калган жок.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG