Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:43

Ооганстан: Эки талапкер - бир кызмат


Кандагар. Шайлоо бийлигинин кызматкери шайлоо кутуларын аралап жатып телефон чалууда. 2009-жылдын 21-августу.
Кандагар. Шайлоо бийлигинин кызматкери шайлоо кутуларын аралап жатып телефон чалууда. 2009-жылдын 21-августу.

Ооганстанда өткөн президенттик шайлоодо негизги эки талапкер тең жеңишке жетишкенин айтып чыкканы менен БШК аларды сабырдуулукка чакырып, алдын-ала билдирүүлөрдү жасабаганга үндөдү.

Ооганстанда президенттик кызмат үчүн ат салышкан негизги эки талапкер – учурдагы президент Хамид Карзай менен мурдагы тышкы иштер министри Абдулла Абдулла - экөө тең жеңишке жетишкенин айтышууда.

21-августта АКШ президентинин Ооганстан боюнча атайын чабарманы Ричард Холбрук бул экөө менен тең жолугушкандан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Ричард Холбрук добуштар толугу менен саналып бүтө электигине карабастан Хамид Карзай да, Абдулла Абдулла да шайлоодо жеңишке жетишкенин ырастап жатышканын билдирди.

“Бирок Карзай жана Абдулла шайлоонун жыйынтыктары кандай болбосун, аны тааный тургандыктарын жана жеңилип калса өз тарапкерлерин нааразылык акцияларын үндөшпөрүн айтышты” деди Ричард Холбрук.

Хамид Карзайдын шайлоо штабы буга чейинки президент бул жолу да жеңишин майрамдаш үчүн жетиштүү добуш алганын айтып, шайлоонун экинчи айлампасын өткөрүүнүн кажети жок деп эсептейт.

Ал эми Абдулла Абдулла шайлоодо жеңиш үчүн жетиштүү добуш алганы менен экинчи айлампа өткөрүү ыктымалдыгын четке какпайт.

Шайлоонун алгачкы жыйынтыгы келерки аптада, ал эми акыркы расмий жыйынтыктары 17-сентябрда жарыяланат деп күтүлүүдө.

Ал аралыкта Ооганстандын Шайлоодогу арыз-даттанууларды караган комиссиясы байкоочулардан түшкөн арыздарды текшерип жатканын билдирди. Аталган комиссиянын өкүлү Фахим Хакими Кабул боюнча шайлоо бекеттеринен 100дөн ашуун арыз түшкөнүн “Азаттык” үналгысынын Ооган кызматына айтты.

- Эгерде биз шайлоочу бойго жете элек болсо, анын добушун эсептебейбиз. Эгерде арыз түшкөн чөлкөмдө шайлоо бурмаланганы далилденсе, анда ал жерде добуштар кайра саналып чыгат. Эгерде олуттуу мыйзам бузуулар катталса, ал аймакта кайра шайлоо өткөрүүнү талап кылабыз.

Шайлоого көз салган байкоочулардын жана бийлик өкүлдөрүнүн маалыматы боюнча талиптер көп жайгашкан түштүк вилайеттерге караганда, түндүк аймактарда добуш бергендердин саны жогору болду.

Шайлоонун алдында “Талибан” кыймылы бир нече ирээт билдирүү жасап, добуш берүүнү үзгүлтүккө учуратарын эскертип келген.

АКШнын президенти Барак Обама “Биз дале Ооганстанда аракеттерибизди улантып жатабыз жана талиптердин карасанатайлыгына карабай, Ооганстанда шайлоо ийгиликтүү өттү деп эсептейбиз”, - деп айтты.

Вашингтон буга чейин бир нече жолу АКШ кайсы бир талапкерге артыкчылык бербей турганын белгилеп келген.

Бүгүн (22-августта) Евробиримдиктин байкоочулар миссиясынын жетекчиси Филипп Морийон Ооганстанда президенттик жана аймактык шайлоолор жалпысынан таза жана акыйкат өткөнүн билдирди. Филипп Морийон Кабулда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, талиптердин кол салууларынан улам өлкөнүн айрым райондорунда шайлоо эркин өтпөгөнүн белгиледи. Морийон азырынча шайлоо боюнча акыркы бүтүм чыгаруу эрте болгонун айтты.

Ооганстан: Шайлоонун сыноосу
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:55 0:00

XS
SM
MD
LG