Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:15

Карзай алдыда, айрыма чоң эмес


Ооганстан-- Көз карандысыз шайлоо комиссиясынын өкүлү Дауд Али Нажафи.
Ооганстан-- Көз карандысыз шайлоо комиссиясынын өкүлү Дауд Али Нажафи.

Ооганстанда президенттик шайлоонун жарым-жартылай натыйжалары жарыяланды. Президент Карзай башкы атаандашы доктор Абдулладан 2 пайыздай алдыда.

Көз карандысыз шайлоо комиссиясы дүйшөмбү күнү болгону добуштардын он проценти боюнча гана такталган маалыматтарды жарыялады.

"Ушу кезге чейин саналган бүллүтөндөрдөн Хамид Карзайга – 212 миң 927, доктор Абдуллага - 202 миң 889, Рамзан Башардостко – 53 миң 740, Ашраф Гани Ахмедзайга – 15 миң 143 добуш берилген",-деп айтты комиссиянын өкүлү Дауд Али Нажафи.

Бул сандарды тегеректеп алганда азырынча Карзай – 40, анын атаандашы Абдулла - 39 процент добуш алганын көрсөтөт. Карзайдын артыкчылыгы эки процентке жетпейт.

Карзайдын штабындагылар буга чейин эле аны 60 проценттен ашуун добуш алды, шайлоонун экинчи айлампасы болбойт деп жарыялап жиберишкен эле. Өз кезегинде доктор Абдулла президентти добуштарды массалык түрдө бурмалаганы үчүн айыптап, кокус ал жеңүүчү деп жарыяланса, өз тарапкерлерин нааразылык митингдерине алып чыгарын эскерткен. Мындай айыптоолорго башка талапкерлер да кошулган.

Буга байланыштуу Көз карандысыз комиссиянын өкүлү бардык тараптарды,аларга кошо маалымат каражаттарын шайлоонун такталбаган натыйжаларына таянып, коомчулуктун бүйүрүн кызыткандан сактандырды.

"Баса белгилеп кетейин, шайлоо дурус бүттү жана Көз карандысыз комиссия бүткүл өлкө боюнча добуш берүү ишин жакшы маанайда уюштура алды,- деп белгиледи комиссиянын өкүлү Нур Мохаммад. - Бул оңой-олтоң иш болгон жок, быйылкы шайлоо жалпысынан оңтойлуу шарттарда өткөн жок. Комиссияда иштеген жоон топ кишинин өмүрү кыйылды".

Алдын ала бүллүтөндөрдүн 80 проценти саналып бүттү, бирок борбордук комиссия алардын жарым миллионун – он процентин гана тастыктап, бекитти. Бул процесс дагы бир аптага созулат.Кынтыксыз делинген добуштардын санагы улам жарыяланып турат. Мындан тышкары даттануу комиссиясы бир миңден ашуун арыздарды териштирип жатат, анын 40 проценти Карзайдын атаандаштарынан түштү.

Шайлоонун толук жыйынтыгы 3-сентябрда чыгарылат. Азырынча Гилменд,Кандагар сыяктуу ири аймактардагы добуштардын натыйжалары белгисиз.

"Эркин жана адилет фондусу" деп аталган жергиликтүү топтун байкоочулары шайлоонун мандемдүү жактары көп болду деп эсептешет. Алар ырасташкандай, жалпы өлкө боюнча 650дөн ашуун шайлоо жайларында аялдар добуш берүүгө дегеле катышкан жок. Мындан тышкары "Талибандын" опуза-омуроосунан улам түштүк жана чыгыш аймактардагы пуштундардын көпчүлүгү бүллүтөн таштагандан баш тартышты.

Евросоюздун миссиясы ооган шайлоосун жалпысынан позитивдүү мааниде баалады. Батыш лидерлери да ушул пикирге кошулушту.

XS
SM
MD
LG