Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:38

Шайлоодон Ооганстан оңолбоду


Ооганстан – Көз карандысыз шайлоо комиссиясынын төрагасы Азизулла Лудин "Азаттыктын" суроолоруна жооп берүүдө.
Ооганстан – Көз карандысыз шайлоо комиссиясынын төрагасы Азизулла Лудин "Азаттыктын" суроолоруна жооп берүүдө.

Быйылкы президенттик шайлоону Ооганстандын эл аралык сүрөөнчүлөрү кырдаалдын оңолушуна огожо болот деп ойлошкон.

Бирок ал өлкөнү ого бетер чоң кризиске салганы турат.

Ооганстанда алдыдагы бир-эки күн ичинде 20-августтагы шайлоонун биринчи ырасмий жыйынтыгы жарыяланганы турат. Шейшемби күнкү маалыматтарда президент Хамид Карзай элүү проценттик чектен ашканы ырасталды.

Бул кабарга кубанычын жашыра албаган Карзай "добуштардын ачык жана адилет санагын" камсыз кылганы үчүн борбордук шайлоо комиссиясына ыраазылык билдирди."Көз карандысыз" деп аталган бу комиссиянын башчысын жана бир нече мүчөсүн Карзай өзү дайындаган.

Шаршемби күнү АКШнын мамлекеттик департаменти Ак үйдүн позициясын билдирип, добуш берүү учурундагы будамай-бурмалоо фактыларын териштирип чыгууга ырасмий Кабул шайлоонун экинчи этабы катары карашы керектигин эскертти. Вашингтон жаңы ооган өкмөтү менен өнөктөш болуунун чечүүчү маанисин ушундан көрөт.

Улуттар Уюмунун атайын Кабулда түзүлгөн даттануу комиссиясы териштирип чыга турган жагдайлар өтө көп экенин белгилеген. "Биз тынбай иштеп жатабыз,бирок муну бир-эки күндө бүтүрө салыш өтө кыйын экен. Бир нече аптадан соң арыздарды толук иликтеп чыгып,өз чечимибизди айтабыз",- деп билдирди комиссиянын төрагасы Грант Киппен.

Карзайдын атаандаштары,алардын ичинде мурдагы тышкы иштер министри Абдулло Абдулло азырынча ачык каршылык көрсөтүү аракеттерине өтө элек. Ошол эле учурда алар шайлоонун ырасмий жыйынтыктары чыгарылгандан кийинки кырдаал үчүн жоопкерчиликти толугу менен Карзайга жүктөшүүдө.

Депутат Кабир Ранжибар араздашкан лагерге бөлүнүп, улут аралык тирешке чейин барганга даяр турган саясий элитаны сынга алып: "Жалпысынан атаандаштардын баары утушсуз калбайт, утулган эле эл болот,анткени ал өзү каалаган өкүлүнө колдоо көрсөтө алган жок",-деп айтты биздин кабарчыбызга. Буга кошо ал соңку жети жыл ичинде мурдагы корбашыларды, ар кайсы аймактарды менчик музапатындай башкарып турган төбөлдөрдү борбордук бийликке алып келген Батыш алянсын да айыптады.

Ооган темасына кайрылган бир катар басылмалар,алардын ичинде The Independent гезити "Карзайдын жеңиши" өлкөнүн ичинде саясий жаңжалды эле тутантып тим болбостон "Кабул менен Батыштын мамилелеринде да жаңы кризисти пайда кылганын" белгилешти.

Бул ойду улантып,The Guardian "Карзай өзү жеңбеген шайлоону утуп алганын", Батыш лидерлери массалык бурмалоолорго же көз жумуп коюшту,же жаңы шайлоо өткөрүштү билбей, башы катып турушканын" көрсөтөт. "Карзай кааласа шайлоону жөн деле утуп алмак, бирок ал өз элине да, демократиялык системага да ишенбей турганын көрсөткүсү келди" жана бул мүмкүнчүлүктү толук пайдаланды".

Эми "шайлоонун экинчи айлампасы болобу-болбойбу, буга карабастан Батыш көп үмүт арткан быйылкы саясий өнөктүк Ооганстандагы абалды оңдогондун ордуна ого бетер оорлотконун моюнга алууга туура келет",-деп жазат ошол эле басылма.

XS
SM
MD
LG