Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:28

Ооган шайлоосунун жыйынтыгы эки айдан кийин чыкты


Манави шайлоонун жыйынтыгын бүгүн жарыялады
Манави шайлоонун жыйынтыгын бүгүн жарыялады

Ооганстанда бийлик сентябрда өткөн шайлоонун жыйынтыгын жарыялады, бирок ал да толук жыйынтык болбой калды.

Көз карандысыз Шайлоо комиссиясынын жетекчиси бир дубандын жеңүүчүлөрү али аныктала элек экендигин билдирүүдө.

Эреже бузууларды тергөөгө байланыштуу ооган шайлоосунун жыйынтыгы эки айдан ашык убакыт кечигип чыгууда. Бир миллион 300 миңден ашык бюллетен, же берилген добуштардын дээрлик ар бир төртүнчүсү буга чейин эле жараксыз деп табылган.

Көз карандысыз Шайлоо комиссиясынын жетекчиси Фазел Ахмад Манави алдын-ала тизмеден бардыгы болуп 24 талапкердин ысмы алынып салынганын бышыктады:

- Шайлоо комиссиясы 24 талапкер депутат боло албайт деп тапты, ысымдары алдын-ала түзүлгөн тизмеден алынып салынды. Алардын ордун башка талапкерлер ээледи. Шайлоо боюнча арыздар комиссиясы жарыялагандай, 1153 шайлоо бекетинде берилген добуштардын жыйынтыгы жокко чыгарылды.

Шайлоо комиссиясынын төрагасы ошондой эле Ооганстандагы 34 дубандын бирөө – Газниде "техникалык" себептерден улам жыйынтык чыга электигин бышыктады. Баш калаа Кабулдан түштүк-батышта жайгашкан бул дубанда коопсуздук кооптонуусунан улам шайлоо күнү добушканалардын көбү жабык турган. Шайлоочулар өтө аз келгендиктен, дубандагы башка бекеттерде берилген добуштар жараксыз деп табылган.

Айрымдар Газнидеги шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу чечимин кайра карап чыгууну талап кылышууда. Бул дубанда азганактай берилген добуштардын жыйынтыгында Ооганстанда эң ири улуттук топ болгон пуштундар утулуп, дубанга бөлүнгөн бардык 11 мандатты хазари улутундагылар утуп алгандыгын көрсөткөн. Өзү пуштун улутундагы президент Карзай ооган элинин биримдиги үчүн Газниде жаңы шайлоо өткөрүүнү колдой тургандыгын айтууда.

Волеси жырга деген аталыштагы парламенттин төмөнкү палатасындагы 249 орун үчүн эки жарым миңден ашык талапкер, анын ичинде 400дөн ашык аял ат салышты.

Бириккен Улуттар уюму каржылашкан Көз карандысыз Шайлоо комиссиясына байкоочулардан, шайлоочулардан жана талапкерлерден алты миңден ашык арыз келип түшкөн.

Нааразы болгон талапкерлер жана алардын колдоочулары бир нече күндөн бери Кабулда демонстрацияларды өткөрүп келишти.

Ушуга байланыштуу президент Хамид Карзай нааразыларда сотко кайрылууга мүмкүнчүлүк бар экендигин мындайча белгиледи:

Жеңилип калган айрым талапкерлер шайлоого даттанып жатышат. Алардын даттанууга акысы бар. Эгер кимдин бирөө нааразы болсо, укук системасына кайрылып, арызын ошол жакка каттата алат. Бирок жеңилип калганы үчүн жолду бөгөп, ар кандай зомбулук баштаган туура эмес. Бул - өлкөгө каршы аракет. Мындайга барбашы керек.

Ооганстанда талиптердин бийлиги кулаган 2001-жылдан бери быйыл 18-сентябрда экинчи ирет парламенттик шайлоо өткөрүлдү. Анын аралыгында Ооганстандын баш прокурору шайлоодогу мыйзам бузуулар боюнча тергөө баштап жаткандыгын жарыялады. Шайлоодо добуштар акчасын Дубайда кармаган таасирлүү оогандар тарабынан соодаланды деп айтты Мохамад Исхак Алако.

XS
SM
MD
LG