Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:23

Ооганстан кайрадан шайлоого камынууда


Кабул -- Ооганстандын борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Азизулла Лудин экинчи айлампа кыйын болорун эскертти.
Кабул -- Ооганстандын борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Азизулла Лудин экинчи айлампа кыйын болорун эскертти.

Ооган президенти Хамид Карзайдын шайлоонун экинчи айлампасын өткөрүүгө макул болгонун дүйнө лидерлери кубатташты. Жергиликтүү байкоочулар болсо 7-ноябрда добуш бергени калк аз келерин эскертишүүдө.

Шайлоонун экинчи айлампасында президенттик мандат үчүн эки талапкер - Хамид Карзай менен өлкөнүн мурдагы тышкы иштер министри Абдулло Абдулло күрөшөт.

Доктор Абдулло мандат талашка катышарын ырастады, ошону менен бирге мурдакы айлампада кетирилген каталыктарды кайталабас үчүн бир катар шарттарды сунуш кылганга да даяр экенин бышыктады.

Карзайдын позициясын Евросоюздун лидерлери кубатташты. АКШ президенти Барак Обама жаш ооган демократиясы үчүн бул "маанилүү өнөгө" болорун бөлүп көрсөттү.

"Президент Карзай, башка талапкерлер, менимче, ооган элинин кызыкчылыктарын, мыйзам жолун жана калктын ыктыяр-эркин башкы орунга коюша турганын көрсөтүштү",-деп айтты Обама.

Кабулдан келген жаңылыкты Улуттар Уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун да куш кабарга жоруду. "Коопсуздук шарттары, жер-жерлердеги кырдаал, материалдык-техникалык каражаттар канчалык өлчөмдө мүмкүнчүлүк берсе, ошончолук деңгээлде ооган элине өз пикирин опуза-коркунучсуз,эркин билдиргенге шарт түзгөнгө аракет кылабыз",- деп ишендирди баш катчы.

Улуттар Уюму шайлоонун биринчи айлампасында иштеген өз кызматкерлеринин теңинен көбүн жаңылоону чечти. Баш катчынын айтымында,"баарыдан мурда уюмдун көрсөтмөлөрү менен эрежелерине этибар бербей, добуштарды бурмалоого капшабы тийген адамдар алмаштырылат". Мурдагы калпыстыктарга жол койбоо үчүн уюмдун миссия өкүлдөрү "ар бир шайлоо участкасында болгонго аракет кылат".

Уюмдун миссиясы "бурмаланган добуштардын чыныгы масштабын жашарып-жаап койгонго аракет кылышканы" тууралуу айыптарды баш катчы четке какты. Ошол эле учурда шайлоонун экинчи айлампасы оңой болбой турганын да эскертти.

Муну шейшемби күнү Ооганстандын борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Азизулла Лудин да айткан эле.

Кабулдук саясий аналитик Вадир Сафинин баамында болсо кыска мөөнөттө шайлоонун экинчи айлампасын өткөргөнгө өлкө дегеле даяр эмес. "Өткөн жолу деле добуш бергени келген шайлоочулар саны абдан аз болду. Эмки ирет алардын беш проценти келип берсе чоң иш болот",-дейт ал.

Сафи эл канчалык аз болсо добуштардын санагы экинчи айлампада ошончолук көп бурмалана турганынан да асти шек кылбайт. "Будамай болбойт деп айтканга эч кандай кепилдик жок. Экинчи айлампа реалдуу, анык, эркин жана адилет шайлоо болбойт. Тек гана бир шайлоо ишаарасы болот". Бирок "буга карабастан экинчи айлампанын жыйынтыгы Ооганстандын өзүндө да, Батышта да бирдей өлчөмдө таза шайлоо катары бааланат. Болгону ушул",-дейт Сафи.

Бүгүн Нью-Йоркто Улуттар Уюмунун маң заттарына жана кылмыштарга каршы күрөшүү кеңсеси жаңы докладын жарыялайт.

Документте ооган апийими коңшулардан тышкары Балкан, Евразия аймагында, Кытайда, Индияда, Россияда жана Европа өлкөлөрүндө адамдардын ден соолугуна, жалпы коопсуздукка өтө катуу кесирин тийгизип жатканы, маң аткезчилиги уюшкан кылмыш топторун, козголоңчуларды жана террорчуларды каржылоо булагы болуп калганы айтылат.

XS
SM
MD
LG