Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:22

Ооган оппозициясында дымак чыга баштады


Кабул -- Президент Хамид Карзай мамлекет башчылыгына талапкер болорун алиге чейин ачык айта элек.
Кабул -- Президент Хамид Карзай мамлекет башчылыгына талапкер болорун алиге чейин ачык айта элек.

Ооганстанда оппозиция массалык демонстрацияларга камынып жатат.Анын өкүлдөрү Хамид Карзайды президент шайлангыча бийликте калтырууну чечкен жогорку соттун бүтүмүн мыйзамсыз деп эсептешет.

Хамид Карзайдын кызматтагы мөөнөтү 21-майда бүтөт. Жаңы мамлекет башчысы 20-августта шайланат. Ага чейин өлкө иш жүзүндө президентсиз калышы мүмкүн.

Ушундан улам жогорку сот жекшемби күнү маселени карап, Карзай жаңы президент шайланганча мамлекет башында турат деген чечим чыгарды.

Карзайдын басма сөз катчысы Хумаюн Хамидзаде саясий бардык тараптарды соттун чечимине моюн сунууга үндөдү. “Демократиялык системада,мыйзам улуктугун тутунган коомдо жогорку укук институттары чыгарган чечимге баары ыкрар кылышат. Биз да бардык досторубузду, жалпы калкты жогорку соттун бүтүмүн кабылдаганга чакырабыз. Бу чечим өлкөдөгү туруктуулукту сактоо, шайлоого тийиштүү деңгээлде камылга көрүү максатында кабыл алынды“, - деп билдирди президент өкүлү.

Өлкөдөгү негизги оппозициялык кыймыл - “Улуттук майдан“ коалициясы соттун чечимин кабыл алгылыксыз жана конституцияга сыйышпаган бүтүм катары баалады. Карзайдын башка сынчылары бийлик башында калып ал шайлоо учурунда кызмат абалын өз кызыкчылыгына пайдаланышы мүмкүн деп чочулашат.

“Улуттук майдандын“ лидери Сайед Ака Фазил Саншараки сотту ушундай чечим кабыл алганга бийликтер кысмактады деген ишенимде турат. “Өкмөттүн мандатын узартуу конституцияны бузганга жатат. Биз болсо 21-майдан кийин президент, анын орунбасарлары менен министрлери мандатын тапшырышын талап кылабыз“,-деп айтты коалиция башчысы.

Жакынкы күндөрдө коалиция жалпы оппозициянын тарапкерлерин бириктирип,соттун чечимине нараазылык билдиргени массалык демонстрацияларды, жыйындарды өткөргөнү жатат.

Ооган конституциясында бийликтеги президенттин бийлик мөөнөтү бүтөрдөн 60 күн мурда жаңы шайлоо өткөрүү эрежеси каралган. Бирок материалдык-техникалык шарттарга, коопсуздук кырдаалынын татаалдыгына, ошондой эле аба ырайынын ыңтайсыздыгына шылтоологон эл аралык донорлордун шыкактоосу менен бийликтер шайлоо мөөнөтүн быйылкы жаздан 20-августка которушкан.

Карзай ушу кезге чейин экинчи мөөнөткө бийликте калганга ат салышар-салышпасын айта элек. Президенттикке талапкер болчулар арасында Карзайдын өкмөтүндө мурда министр болуп иштеген саясатчылар да бар.

Ооган сотунун чечимин АКШ өкмөтү кубаттап,өлкөдөгү стабилдүүлүк үчүн мунун өтө чоң мааниси бар экенин белгиледи.

XS
SM
MD
LG