Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:43

Ооганстанга дагы аскер жөнөтүүгө АКШнын Кабулдагы элчиси каршы


АКШнын Ооганстандагы элчиси Карл Айкенберри. 11-ноябрь, 2009-ж.
АКШнын Ооганстандагы элчиси Карл Айкенберри. 11-ноябрь, 2009-ж.

АКШнын Кабулдагы элчиси Карл Айкенберри Ак үйгө жөнөткөн катында Ооганстанга кошумча аскер жөнөтпөөгө үндөп, ооган президенти Хамид Карзайдын өкмөтүн сынга алган.

Американын Кабулдагы элчиси Карл Айкенберри – отставкадагы генерал, ал 2005-2007-жылдары Ооганстандагы аралашма күчтөрдү башкарып турган. Анын өткөн аптада президент Барак Обамага жөнөткөн эки катында айтылгандар Вашингтондо Ооганстанга кошумча аскер жөнөтүү маселеси кызуу талкууланып жаткан чакта жарыяланып отурат. Элчи ооган президенти Хамид Карзайдын саясий сапаттары жана жеке адамдык жүрүм-туруму көңүлүнө толбогонун, ал башкарган өкмөт катуу коррупциялангандыктан, Ооганстанга дагы миңдеген аскер жөнөтүү натыйжа алып келбейт деген пикирин айтат.

Шаршембиде Барак Обама армия генералдары жана аскердик эксперттери менен Ооганстандагы стратегияны өзгөртүү маселесин талкуулаган 8-кеңешме өткөрдү. Маалыматтарга караганда, анда согуштук төрт башка стратегия талданды. Биринчиси боюнча, АКШ Ооганстанга дагы 10-15 миң аскер жөнөтөт, алардын көбү ооган коопсуздук күчтөрүн машыктырып-үйрөтүү менен алектенет. Калган 3 стратегиясы Ооганстанга кошумча 20, 30 жана 40 миң аскер жөнөтүүнү сунуштап, аларды алыскы чөлкөмдөргө да жайгаштырып, талиптерге каршы урушту кеңейтүүгө пайдалануу максат кылынат.

Американын Ооганстандагы кайра куруу иштерин тескеген башкы инспектору, генерал Арнолд Фиелдс Ооганстанда ушу тапта коррупция баарынан көйгөйлүү маселеге айланып, ал жакка жөнөтүлчү аскерлердин гана эмес, дүйнө коомчулугу жардамга деп берген каражаттын кайтарымы аз болуп жатканын айтат.

- Ооганстандагы кайра куруу иштерине жардам бергиси келгендер ал каражат эл турмушун оңдоого жумшалып жатканына көзү жетиши керек. Буга чейин АКШ 40 млрд доллардай, калган өлкөлөр 63 млрд доллардай акча бөлүштү. Ушунча каражат башында айтылган максаттарга сарпталганына ишенмейинче, дагы кошумча жардам келет деп үмүт кылууга ким батынат?

АКШнын Кабулдагы элчиси Айкенберри да Ооганстанга канча миңдеген аскер жөнөтүлсө да, ооган өкмөтү өлкөнү башкарууга жөндөмдүү болмоюнча, кырдаал өзгөрбөйт деп белгилейт. Анын пикирин бирок, башка америкалык генералдар колдобойт. Ооганстандагы АКШ күчтөрүнүн башкы командачысы, генерал Стэнли Маккристалл маселен, ал жакка дагы 40 миң аскер жөнөтүү зарыл деп эсептейт. Вашингтондо андай көз караштагы аскербашчылар менен саясатчылар Кабулдагы элчинин катына катуу ачууланып жатканы маалымдалууда.

Ушу тапта Ооганстанда 68 миңдей америкалык аскер кызмат өтөп жатат, жалпы көп улуттуу күчтөрдүн курамында ар кайсы өлкөдөн барган 100 миңдей жоокер бар.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG