Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:29

Ооганстанда президенттикке талапкерлердин телетаймашы өттү


Ооганстанда телетаймашка чыккан үч талапкер
Ооганстанда телетаймашка чыккан үч талапкер

Кечээ Ооганстандын тарыхында алгачкы ирет учурдагы президент Хамид Карзай шайлоодогу эки атаандашы менен түз ободогу теледебатка катышты.

Afghanistan Presidential Debate
Карзайдын өкмөтүндө убагында министрлик кызматты ээлеген эки талапкер – Ашраф Гани жана Рамзан Башардост ооган бийликтерин коррупция, жер-жерлердеги аскербашчылар, каржалган экономика, өлкөдөгү чет элдик аскерлер, Талибан козголоңчулары менен элдешүү плындары жаатында курч суроолор жаадырып жарга такашты.


Эки саатка созулган талкуу Ооганстандын мамлекеттик телеканалы менен Эркин Европа/Азаттык радиосунда түз ободо чагылдырылды. Карзайдын башкы атаандашы, мурдагы тышкы иштер министри Абдулла Абдулла мурунку күнү талкууга катышпай турганын билдирип, башкы мөөрөй талашын ачык калтырды.

Дебатка катышкан 3 талапкер 20-августта өтө турган шайлоо алдында элди өз тарабына тартууга аракет кылып жатышты, айрыкча Башардост Ооганстанда баары түп-тамырынан өзгөртүлмөйүнчө жагдай азыркы тейинде кала берет деп Карзайга ачык чабуул койду.

“Мен мекендештерге кайрылып, бир да талапкердин сөзүнө, ал талапкер Башардост болсо да ишенбегиле деп суранаар элем. Талапкер мен сиздерге кызмат кылам, Ооганстанды кайра курам, адилеттүүлүк менен мыйзам үстөмдүгүн орнотом десе да ишенбегиле. Андан көрө ал талапкердин буга чейин жасаган ишин баалагыла”, - деп эскертип жатты коомдук сурамжылоо көргөзгөндөй, азырынча 3-орунда келаткан Башардост. Ал ар кайсы жердеги жолугушууларда маалым болгондой, эл баарынан да коррупцияга нааразы, айрыкча киши өлтүргөн талаа командирлери өкмөткө дайындалганы калктын кыжырына тийүүдө деп белгиледи.

Карзай учурдан пайдаланып, Талибан кыймылы менен элдешүү планына токтолуп, анын террорго каршы согуш, куралчан оппозиция менен элдешүү жаатындагы мыкты пландары эл аралык коомчулуктун колдоосун тапканын белгиледи.

- Тилекке жараша, биз азыр элдешүү боюнча жагымдуу шарт түзө алдык. Ислам дүйнөсү, Сауд Арапстан, АКШ менен бул маселеде түшүнүшүүгө жетиштик. Америка менен НАТО уруштан көрө оогандарды ич ара элдештирүү маанилүү экенин аңдап билишти.

Андан аркы сөзүндө Карзай буюрса, Лойя Жирга, же Улуттук жыйынга бардык оогандар, анын ичинде талиптер менен исламчыл мужахединдердин да өкүлдөрү чакырылышы керек деп кошумчалады. “Акыркы 7 жыл ичинде мени туш тараптан көп маселеде чегиндиң деп сындап келатышат. Ооба, кээде чегинүүгө туура келди. Ооганстандын улуттук кызыкчылыгы, өлкөдөгү бейпилдик үчүн баш ийип бердим”, - деп жооп берди Карзай эмне үчүн сиз башкарган өкмөт көп нерсени колдон чыгарып, калкты алдыга жетелеп кете алган жок деген суроого.

Талкууга катышкан 3-талапкер, Ооганстандын мурдагы каржы министри Ашраф Гани кесиби экономист болгондуктан мени шайласаңар өлкөдө жаңы 1 миллион жумуш ордун түзүп берем деп убада кылып, элди добуш берүүгө сөзсүз катышкыла деп үндөдү.
“Ооган элин куттуктап кетким келет, анткени тарыхта эң биринчи жолу президентти эркин тандай алабыз. Кимге добуш берсек да, баарынан башкысы шайлоого сөзсүз катышып, акча, же бийликтин таасиринен көз карандысыз экенибизди көргөзүү зарыл”, - деди Ашраф Гани мекендештерине кайрылып.

Ал учурдагы президент Хамид Карзайды мурдагы талаа командири Мохаммад Касим Фахимди өзүнө өнөктөш кылып тандаганын катуу сынга алды. Бүткүл Ооганстан калкы теледеп көрүп, же радиодон уккан бул күнкү талкууну Азаттык радиосунун ооган кызматынын директору Акбар Аязи алып барды. Социологдор түз ободогу талкуудан ким лидер болуп чыкканын, ким жеңип, же жеңилгенин айтуу кыйын, аны шайлоо гана аныктачудай болуп калды деген бүтүмгө келишти.

Ооганстан: Талапкерлердин телетаймашы өттү
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:50 0:00
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG