Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:44

Ирандын лидери атаандаштарын сынга алды


Ирандын президенти Махмуд Ахмадинежад шайлоо өнөктүгүн Батыш менен Израилди жана өз өлкөсүндөгү реформачыл саясатчыларды сынга алган сөздөрдү айтуу менен баштады.

12-июнга белгиленген президенттик шайлоодо экинчи мөөнөт үчүн ат салышууга бел байлаган Ахмадинежад Батышка каршы турумунан кайтпай турганын дагы бир ирээт тастыктады.

22-майда Тегеранда тарапкерлери алдында сүйлөгөн сөзүндө Ахмадинежад “Иран эли репрессиялык күчтөрдүн басымына чыдабайт” деп айтты. Өз сөзүндө президент “ирандык реформачыл саясатчылар Ислам өлкөсүн алсыздандырып, улуттун душмандары менен тил табышууну көздөшүүдө” деп кошумчалады.

Ахмадинежад мурдагы президент Мохаммад Хатаминин өкмөтүн да сынга алып, ал жүргүзгөн саясаттын кесепетинен Батыш Иранды басып ала таштаган деп белгиледи. Өз сөзүндө Ахмадинежад Ирандын душмандарын иттер менен салыштырып өттү: “эгер сиз артка кетсеңиз алар кол салат, эгер сиз кол салсаңыз – алар качат” деди Ахмадинежад.

Ирандагы башкы так үчүн күрөшкө азыркы президент Махмуд Ахмадинежад, мурдагы премьер-министр Мир Хоссейн Мусави, мурдагы парламент төрагасы Мехди Карруби жана Көзөмөлчүлөр кеңешинин экс-башчысы Мохсен Резави жолдомо алышты. Калган 450 талапкер, алардын ичинде 42 аял жарыштан чыгарылган.

Ахмадинежаддын атаандаштары аны оор экономикалык абал үчүн сынга алып келишет. Ахмадинежаддын негизги атаандашы деп эсептелген Мусави өкмөттү инфляциянын өсүшү жана кеңири кулачын жайган жумушсуздук үчүн айыптап келет.

Тегерандын тургун Фатима Голами 1980-жылдары Иран менен Ирак ортосундагы согуш учурунда экономикалык абалды жөнгө салганы үчүн Мусавинин талапкерлигин колдорун айтат:

- Ал тууралуу бир нерсени гана айта алам – согуш маалында ачарчылыктан эч ким өлгөн эмес. Бизге каршы согушкан душманыбызды дүйнөнүн баары колдогон. Бирок баалар өскөн эмес, жада калса мектептер да жабылган эмес.

Тегерандын дагы бир тургуну Ибрахим Нажиян мурдагы премьер-министр Мусави азыркы экономикалык абалды жөнгө салмак деп ишенет.

- Мен Иран менен Ирак ортосундагы согуш маалында жакшы иштегени үчүн Мир Хусейн Мусави үчүн добушумду берем.

XS
SM
MD
LG