Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:04

Айтматовдун эстелигин курууга Церетели катышпасын дегендер чыгууда


Москвалык маданият таануучу Сергей Маркус Чыңгыз Айтматовго эстелик тургузуу, анын күмбөзүнө мемориалдык комплекс куруу иштерине айкелчи Зураб Церетелинин катышуусуна каршы пикир таратууда.

Бул тууралу islamRF.ru интернет сайтында да кеңири жазылды. Макаланын автору, журналист Сергей Зейлюк мырзага кайрылганыбызда ал Чыңгыз Айтматовго эстелик жана анын Ата-Бейиттеги күмбөзүнө мемориалдык комплекс куруу боюнча конкурс өткөрүү үчүн уюштуруу комитети азыр атайын концепция иштеп жаткандыгын эскертип келип, ошол конкурска айкелчи Зураб Церетели да катышуусу жайдак сөз эмес экендигин баса белгиледи:

- Мен интервью алганымда, Кыргызстандын маданият министри Султан Раев айткан - конкурска Зураб Церетели да катышуусу ыктымал экендиги тууралу менде маалымат бар деп.

Андан кийин биз Кыргыз Республикасынын маданият министри Султан Раевдин өзүнө кайрылып, тастык-жооп алдык:

- Конкурска бардык каалоочулар катышат. Ошонун ичинде биздин өлкөбүздөгү аттуу-баштуу айкелчилерден баштап – жаштарга чейин. Албетте, чет өлкөлөрдөн да катышуулары ыктымал. Мурда Чыңгыз Төрөкуловичтин эстелигин жасаган Зураб Церетели да катыша тургандай болуп турат. Бирок азырынча эч нерсе так эмес, белгисиз.

Журналист Сергей Зейлюк IslamRF.ru интернет сайтында Зураб Церетели – москвалык атактуу айкелчи, көптөгөн эстеликтердин жана айкелдердин автору экендигин, айталы, “Көз-жаш” деген эмгеги Америкадагы 11-сентябрь курмандыктарына багышталгандыгын, бирок ал мыкты эмгек болбогондуктан, мурда сүйлөшүлгөндөй Нью-Йоркко коюлбагандыгын, Нью-Джерси штатына орнотуп берип, америкалыктар зорго кутулгандыгын, түпкүлүгүндө аталган айкел эки маанини чагылдырып тургандыгын жазат.

Биз Москвадгы атактуу маданият таануучу Сергей Маркус мырзага да байланышка чыктык. Анын айтуусунда, москвалык айкелчи Зураб Церетели – чыныгы чыгармачыл адам эмес, болгону менеджер. Көркөм өнөр тууралу түшүнүгү аз жетекчилер – шаарлардын мэрлери, облустардын губернаторлору менен келишим түзө койгонго маш, маселени чыныгы көркөм өнөр адамдары карай турган жерлерге жолобойт. Сергей Маркус эмне үчүн ага Айтматовдун айкелин курууну ыраа көрбөгөндүгүн мындайча түшүндүрдү:

- Ага каршы чыгууга эки себеп бар. Биринчиси, анын жасаган айкелдерин чыныгы адистер болбогон бир чанжырак катары баалап келишет. Мен Зураб Церетели жасаган Франциянын Анфлёр шаарындагы айкелди көрүп эсим ооду. Пётр Биринчиге тургузган эмгегинин эле башын алмаштырып койгондой. Экинчи себеп, Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары деген түрк элдеринин исламга чейинки дагы, исламдан кийинки дагы диний, философиялык ой-жоруптары да! Бугу-эненин, башка таңгаларлык мифологиялык персонаждардын коштоосунда кетиш керек Айтматовдун айкели же мемориалдык комплекси! Адам-Еваны жепжеңил бир порнография катары чагылдырган Зураб Церетелиге ошондой омоктуу ишти ишенип берүүгө болобу өзү?..

Москвалык атактуу маданият таануучу Сергей Маркус Чыңгыз Айтматовдун образын жеңил-желпи түзүүгө болбостугун, ага биринчи кезекте, кыргызбы, казакпы, азербайжанбы, түрк элдеринин өзүнүн чыгаан таланттарынын күчүн пайдалануу – ийгилик апкелерин белгилей кетти.




XS
SM
MD
LG