Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:51

Арап лигасы: Иерусалимди куткаруу планы


Арап мамлекеттер лигасынын баш катчысы Амр Муса уюмга кирген өлкөлөрдү палестин-израил сүйлөшүүлөрү толук ойрон болушуна даяр турууга чакырды.
Арап мамлекеттер лигасынын баш катчысы Амр Муса уюмга кирген өлкөлөрдү палестин-израил сүйлөшүүлөрү толук ойрон болушуна даяр турууга чакырды.

Өткөн жуманын этегинде Ливияда Арап мамлекеттер лигасынын саммити болуп өттү. Эки күндүк жыйында палестин-израил жаңжалы жана аны чечүүнүн мындан аркы кадамдары талкууланды.

Арап мамлекеттер лигасынын кезектеги саммити ачылар алдында палестин автономиясынын өкүлү Саеб Эрекат "Израил соңку жыйырма жылда Иерусалимди "иудеизациялоого" он төрт миллиард доллар сарптаганын" эске салып, "арап жана мусулман өлкөлөрүнөн Иерусалимди сактап калууга канча акча карыштаганын сурап көрүү керектигин" билдирген эле.

Жыйында "Иерусалимди куткаруу боюнча аракет планы" кабыл алынды жана бул максат үчүн палестиналыктарга 500 миллион доллар жардам бөлүнө турган болду. Корутунду документте айтылгандай, бул кадам "Израилдин Иерусалимде 1600 үжүрө куруу планына каршы турууга багытталат".

Документте ошондой эле "Израил өзүнүн агрессивдүү ушул ниетинен биротоло баш тартмайынча палестин автономиясы тикелей же кыйыр түрдөгү эч кандай сүйлөшүүлөргө катышпай турганы" айтылат.

"Израилдин бул жоругуна таптакыр чыдоого болбойт. Араптар эми өзүнүн бардык варианттарын кайра карап чыгууга кирише турганына мен чындап ишенем",-деп айтты ошол эле Эрекат жыйын аяктаган күнү.

Бул ойду Лиганын баш катчысы Амр Муса да кайталады. Ал уюмга кирген өлкөлөрдү "тынчтык процессинин толук ойрон болушуна даяр турууга" жана башка теңтайлаш жолдорду караштырууга чакырды.

Сирия менен Ливиянын жетекчилери палестин автономиясынын башчысы Махмуд Аббаска Израил менен сүйлөшүүлөрдөн биротоло баш тартып, куралдуу күрөшкө өтүүнү сунуш кылышты. Бирок бу сунуш жыйында колдоо тапкан жок.

Лиганын өлкөлөрү Йемен президенти Али Абдалла Салехтин Евробиримдиктин үлгүсүндө "арап союзун" түзүү демилгесин олуттуу түрдө ойлонуштуруп көрүү үчүн беш тараптуу комиссия түзүштү. Комиссия даярдаган документ быйыл сентябрда же октябрда тышкы иштер министрлер жыйынында каралып, эмдиги арап саммитине талкууга коюлат.

Лиганын лидерлери мындан тышкары арап дүйнөсүн жакынкы коңшулар – Иран жана Түркия менен бириктирген структура түзүү жагын да караштырмай болушту. Муну аларга лиганын баш катчысы сунуш кылган эле.

Ливиядагы саммитке, айтмакчы, Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган да конок катары катышып, Нетаняхунун Иерусалимдеги пландарын "жеткен акылсыздык" деп атады жана Израил региондо толук изоляцияда каларын эскертти.

Саммитке жолдогон катында Улуттар Уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун арап лидерлерин сүйлөшүүлөрдү кайра жандантуу боюнча АКШнын аракеттерин колдоого чакырган эле. "Мунун натыйжасында Иерусалим Израилдин да, келечекте түзүлө турган палестин мамлекетинин да борбору болуп калууга тийиш",- деп айтылган баш катчынын кайрылуусунда.

XS
SM
MD
LG