Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:15

Австралияда террорчулар убагында кармалды


Полиция Мельбурнда шектүү делген жерлерди текшерип жатат, 4-август, 2009
Полиция Мельбурнда шектүү делген жерлерди текшерип жатат, 4-август, 2009

Австралиянын бийликтери өлкө тарыхындагы эң кандуу террористтик чабуулду болтурбай койгонго жетишкенин айтып чыгышты.

Австралиянын федералдык полициясы аскер базага жанкечти чабуулун уюштуруп жаткан төрт адамды кармады. Теги ливандык жана сомалилик 20дан жашы эми эле өйдөлөгөн ал жигиттер Австралиянын жарандары болуп чыкты. Алар “Ал-Каида” менен тыгыз байланыштагы “Ал-Шахааб” деген уюмдан болушат. Колдоруна мылтык алып, Сиднейдин түштүк-батышындагы аскер базасында өздөрү окко учканча көзгө урунган аскердин баарын кырабыз деп ойлошкон.

Мына ушуга даярданып жаткандарды убагында кармаган полиция менен ASIO чалгын агенттигинин ишин өлкөнүн өкмөт-башчысы Кевин Рудд заматта мактоого алып чыкты. “Бул агенттиктер биргеликте мыкты иштешкенин өзгөчө белгилеп өткүм келет, - деп айтты ал. - Австралиянын өкмөтү кайра кайра айтып келаткандай, бизде да, башка жактарда да терроризмдин коркунучу жогору”.

Таң эртелеп мамлекеттин экинчи ири шаары Мельбурнда өткөн рейдге 400дөй полисмен катышты. Дагы камоолор болушу мүмкүндүгү айтылып жатат.

Бул ирет кармалган жикчилер эмне үчүн аскерий базага чабуул уюштурганы тактала элек. Австралия Иракка да, Ооганстанга да аскерлерин жибергенин эске алганда, баары түшүнүктүү боло калат деп жатышат.

Полициянын башчысы Тони Негустун айтымында, кармалган төрт адамдын бири “Аль-Шахабдын” Сомалидеги лагеринде даярдыктан өтүп келген экен. Ошол жерде жүргөндө ал Австралияда террор чабуулдарын уюштурам деп касам ичкени айтылды.

Полиция менен өкмөттүн жашыруун агенттигинин кызматкерлери шектелгендерди жети ай бою сырттан аңдып жүрүшүптүр.

Ал аралыкта Австралияда террор чабуулун уюштурууну пландаштырган деп айыпталган Шейн Кенттин соту да жүрүп жатат. Исламды кабыл алган Шейн Мельбурнда 2005-жылкы ири спорт мелдештеринде теракттарды жасамакчы болгонун мойнуна алган.

Австралияда ошентип эң ири террор чабуулу пландалганына жана аны менен байланышкан кооптонууларга карабай, өкмөт башчы Рудд азырынча сактык чараларын күчөтпөй турууну эп көрдү. “2001-жылы Кошмо Штаттарына чабуул болгондон кийин, Австралияда сактыктын орточо деңгээли киргизилген. Ошондон бери аны дагы курчута элекпиз жана бул жолу да сактык кадимки эле оордунда калат”, - деди премьер-министр Кевин Рудд.

Сомалиде болсо Муктар Али Робоу жетектеген “Аль-Шахаб” уюму өлкөнүн түштүк бөлүгүн дээрлик толугу менен жана борбордук бөлүгүн өзүнүн контролуна алып алган. Алар Сомалиде ислам мамлекетин куруш үчүн өкмөт жана анын жакын союздашы Эфиопия менен күрөшүп келишет.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG