Бакудагы мунай академиясында бул кандуу адиса бүгүн эрте менен болду.
"Азаттыктын" азери кызматынын кабарчысы Маариф Акберли прокурорлордун маалыматтарына таянып, 13 киши мерт кеткенин, 10 чактысы жарадар болгонун билдирди.
Студенттерге ок аткан жандимини күбөлөрдүн көбү Грузияда жашаган азери жараны экенин айтышты. Эрте менен ал академиянын имаратына кирип,айрым студенттер менен бирдемени талаша кеткен. Андан соң чөнтөгүнөн тапанчасын сууруп чыгып,бет келди аткылап кирген.
Ок жегендердин баары ооруканаларга жеткирилген.
Жергиликтүү ANS телеканалы жандими Надир Ширхан оглы деген неме экенин, ал Макаров тапанчасынан ок атканын кабарлаган эле. Кийинчерээк өкмөттүк телеканал жандиминин жанынан Фарда Гадыровдун наамына жазылган документ табылганын,ал 29 жашта экенин,теги азери грузин жараны экенин тактады.
Жан таслим болгондордун көбү академиянын студенттери менен мугалимдери,арасында чет элдик эки студент да болушу мүмкүн дешет.
Алгачкы маалыматтарда алар он үч делинсе,соңку кабарларда алардын саны 17ге жеткени айтылат.Ал эми Azeri-Pressтин эсебинде өмүрү кыйылгандар 22ге барат.
Күбөлөрдүн бир даары эки адам ок атканын айтышкан эле.
Өлкөнүн башкы прокурору менен ички иштер министри окуянын чоо-жайын териштирип, дастания иштерине жеке өздөрү баш-көз болуп жатышат.
Бакудагы мамлекеттик мунай академиясы – Азербайжандагы эң ири окуу жайлардын бири. Аны бүтүргөндөр арасында Сталиндин жакын кишиси Лаврентий Берия,СССР Госпланын көп жылдар жетектеген Николай Байбаков,азыркы "Лукойл" компаниясынын президенти Вагит Алекперов жана башка белгилүү адамдар бар.
Дүйнөнүн башка аймактарында,айрыкча Батыш өлкөлөрүндө орто мектептерде жана университеттерде окуучулар менен студенттерге кол салмай тез-тез кайталанган көрүнүшкө айланды. Азербайжанда мындай иш биринчи ирет болду.