Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:01

Лукашенко: Бакиев Минскиде


Белорус президенти Александр Лукашенко Минскиге "Бакиевдин өзү, беш жашар баласы, тогуз жашар кызы жана аялы келгенин" ырастады.
Белорус президенти Александр Лукашенко Минскиге "Бакиевдин өзү, беш жашар баласы, тогуз жашар кызы жана аялы келгенин" ырастады.

Белорус президенти Александр Лукашенко шейшемби күнү парламентте депутаттар алдында сүйлөгөн сөзүндө бийликтен кулатылган Курманбек Бакиевди үй-бүлөсү менен Минскиге алдырып, аларды өз камкордугуна алганын ырастады. Муну ал мамлекет башчысы катары жеке өзүнүн чечими деп түшүндүрдү.

Лукашенко болгону төрт адамды гана чыгарып алганга жетишкенин, алар ушу тапта Минскиде экенин, белорус мамлекетинин жана жеке президенттин коргоосуна алынганын ырастады. Төрт кишинин ким экенин тактап, "Бакиевдин өзү, беш жашар баласы, тогуз жашар кызы жана аялы келгенин" кабарлады. Бирок алардын аттарын атаган жок.

Кыргызстандагы айрым булактар Бакиевдин өз аялы Татьяна Бакиева 7-апрелде эле Москвага учуп кеткенин, ал жерде азыр жалгыз жашап жатканын айтышкан эле.

Лукашенко атайын кызматтарга тапшырма берип, дүйшөмбү күнү Бакиевди Минскиге алдырганын, муну ал Бакиевдин бир нече жолу суранычына ылайык жасаганын маалым кылды. Алардын баарына азыр атайын адистер дайындалып, медициналык кароодон өткөрүлүп жатканын да кошумчалады.

Лукашенко акыркы эки аптада Бакиев менен үч ирет сүйлөшкөнүн, ал белорус президентинен: "Александр, үй-бүлөмү чыгарып кет, балдардын эмне күнөөсү бар?!" –деп өтүнгөнүн да ырастады. "Буга менин каңырыгым түтөп, көзүмөн жаш тегеренип кетти",-деп моюнга алды Лукашенко.

Белорус президенти андан ары Бакиевди "кадимки эле советтик директор" деп сыпаттады. Лукашенконун айтымында, 2005-жылы революционерлер баарын кыйратып салышып, "бечера Бакиевди жетелеп келип, ага жетекчилик кылууну" табышташкан. "Ал башмалдак атып иштеп, өкмөткө "профессионалдарды" топтой баштады. Ким бирөөгө папке жетпей калды, айрымдарына өзү каалаган кызмат тийбей калды. Натыйжада тытышмай башталып, акыры төбөлөшө кетишти, өз ара атышканга чейин жетишти",- деп айтты Лукашенко.

Бакиевди бийликти жана байлыкты басып алды деген айыптоолорду Лукашенко караманча четке какты. "Аерде эмнени уурдай алат элең, колго илинер эчтеме жок, ким бирөө Кыргызстанда болсо муну жакшы билет, мен аерде бир нече ирет болгомун",- деп ишендирди белорус президенти.

Апрелдеги окуяларды Лукашкенко "мамлекеттик төңкөрүш" деп баалады. Эл аралык коомчулуктун мамилесине токтолуп, Россия менен АКШнын позициясын ал сынга алды. "Бул өлкөлөрдүн бийликтери Кыргызстандагы төңкөрүштү айыпташы керек эле, бирок алар минтишкен жок", - деп айтты Лукашенко.

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев коңшулаш өлкөнү жарандык жаңжалдан сактап калганы Москва жана Вашингтон менен макулдашып, Бакиевди Кыргызстандан чыгарып кетишкенин айткан эле.

Бакиевдин Минскиден табылганын Бишкекте убактылуу өкмөттүн өкүлү Эдил Байсалов алымынсып комментариялады. Ал баарыдан мурда кылмыштуу иш жасагандарды өз ара кармап берүү тууралуу КМШ өлкөлөрү дал ушул Минскиде кол койгонун эске салды.

"Бакиев Европанын ортосунан баш калка тапканына биз, албетте, өтө кубанабыз. Кыргыз элине каршы жасаган кандуу кылмышы үчүн жоопкерчиликке тартыла турган күнгө чейин белорус мамлекети аны коргоп, коопсуздугун камсыз кыларына ишенебиз",-деп айтты ал Интерфакстын кабарчысына.

Кептин баары өзү кол койгон ошол конвенцияны Лукашенко урмат кылабы-жокпу, азырынча эч ким айта албайт. Анын үстүнө Бишкектеги убактылуу өкмөттү белорус президенти мыйзамдуу деп эсептебейт.

XS
SM
MD
LG