Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:55

Беларус: Лукашенко жазгы күндөй жумшарып баратабы?


Орусиянын таасири алдындагы Беларустун абалы кыйын
Орусиянын таасири алдындагы Беларустун абалы кыйын

Катаал экономикалык кризис алдында турган Беларустун авторитардык президенти Александр Лукашенко батыш өлкөлөрүнөн жардам сурап, арга табыла турган болсо өз бийлигин жумшартууга убада берүүдө.

Акыркы айларда Беларус бийлиги саясий камактагыларды бошотуп, оппозициялык басылмалардын чыгуусуна уруксат берип, оппозиция менен кепке келип, экономикасын либералдаштырууга барды. Лукашенко дагы канчага чейин жумшарат болду экен?

Беларус президенти Лукашенко адатка айланган камоолор менен чектөөлөрдү басаңдатып, бекем кармаган тизгинин жумшартууга өттү. Антпесе кыйын кезеңде турган өлкөсүнө батыштан каражат келиши кыйын.

Мындай абалдан пайдаланып активисттер, Беларус лидерин мурдагыдан ачык, толеранттуу мамлекет түзүү аракетин сынап көрүштү. Ошентип оппозициянын жаштар канаты Ыйык Валентин күнүндө “Сүйүү демонстрациясы” деп аталган акция өткөрүүнү чечишкен.

Алар жүрөктөр менен ленталар тагылган кооз кийимдерди кийип Минскте чогулушуп, үйлөнгөн шар көтөрүп шаардын борборун көздөй бет алышкан. Бирок сүйүүнү даңазалагандар борбордук аянтка жете бергенде аларды куралчан полиция сабап-кууп таркаткан.

Оппозиция лидерлеринин айтымында, сүйүү акциясын күч менен басуу Лукашенканын жумшаруусунда чек бар экенин көргөздү. Ал жаштардын лидерлеринин бири Змитсер Дашкевич “Азаттыкка” мындай дейт:

- Бул - тынчтык маанайындагы абдан көркөм, татына майрам өтө зомбулук менен куулуп таркатылды. Мындай нерсе “либералдашуу жана баарлашуу” маалынын так туу чокусунда болууда.

Минскте мындай өкүм зордук Европа кеңешинин Парламенттик ассамблеясынын өкүлдөрү өлкөгө келгенден бир аз мурда болуп отурат. Алар өлкөнүн демократиялык жана адам укуктары багытындагы жылыштарын байкоо үчүн келишкен эле.

Лукашенко жумшарып, айрым чегинүүлөргө барганы менен дале болсо салтка айланган репрессиялык кадамдарын көрсөтүп жиберүүдө. Талдоочулардын баамында, Лукашенко айласы кетип батыштан жардам издеп атса да, Москва менен мамилесин өзгөртүүгө ашыкпайт. Жакында эле Москва Минскке 2 миллиард доллар өлчөмүндө насыя берери тууралуу кеп болгон.

Талдоочулардын айтымында, батыштын жардамына муктаж, Орусиянын көзүн караган, өз өлкөсүндө абалы кыйын Лукашенко бийлигинин чабалактоосу дагы далайга созулчудай. Саясат талдоочу Юрий Дракахруст сүйүү жүрүшүнө чыккан жаштардын акциясынын басылышын мындай баалайт:

- Бул оппозицияга багышталган билдирүү. Бийликтегилердин “Ооба биз либералдашууга карата аздан жылып атабыз. Бирок силер муну толук эле эркибизге коет деп түшүнбөгүлө. Абсолюттук либералдашуу болот деген ойдон да алыс болгула” дегендей билдирүүсү.

Ошентсе да Европа биримдиги Беларуска айрым жеңилдиктерди бере баштады. Мурда Лукашенко жана анын жан-жөкөрлөрүнө Европага кирүүгө тыюу салынган болсо, азыр ал алынды. Учурда Беларус Европа биримдигинин атайын экономикалык программаларына кирүүнүн аргасын издөөдө.

XS
SM
MD
LG