Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:40

Беларуста укук коргоочуну өз жанын кыюуга эмне мажбурлады


Укук коргоочу Яна Палякованын 9-мартта сөөгүн жерге койгондогу сүрөтү
Укук коргоочу Яна Палякованын 9-мартта сөөгүн жерге койгондогу сүрөтү

Беларуста полиция кызматкерин жаманатты кылды деген кине менен үй камагына кесилген 33 жаштагы укук коргоочу асынып өлдү. Беларустун активисттер чөйрөсүндө коркутуулар жана кысымга алуулар көп учурайт. Яна Палякованын өлүмүнө беймаза болгон байкоочулар жана укук коргоочулары бул окуянын чоо-жайын тактап, тергөө жүргүзүүнү талап кылышууда.

Ушул айдын башында, суук күндөрдүн бир кечинде Салигорск шаарынын тургуну, 69 жаштагы Неанила Палякова калың жоолугун оронуп, психонейрологду издеп чыкты. Эртеси анын 33 жаштагы кызы Яна тартип коргоочуну жаманатты кылат деп соттолгону жаткан.

Сотко чейинки апталарда коңшулары Яна сиркеси суу көтөрбөй, басынып кеткенин айтышкан. Полякованын энеси доктурдан "сотко азыр катыша албайт" деген кагаз алып, сотту кийинкиге калтырууга үмүттөнгөн. Бирок психоневролог Янанын саламаттыгы "ойдогудай" дегенден башка бүтүм чыгаруудан баш тарткан.

Неанила кызы менен чакан батирде турат. Ал дарыгерге кызы коркуп эшикке чыкпай калганын, соттолсом бул жашоодон кечем деп айтканын түшүндүргөн. Бирок психоневролог Яна сотко катыша алат дегенинен кайткан эмес.

Эне үйүнө шашылды. Кеч болуп калган. Анын үстүнө ар түнү полиция Янаны суракка чакырчу болгон. Кечинде ондо, кээде түнкү экиде, кээде төрттө сурак берчү. Кээде белгисиз кишилер телефон чалып, коркутчу.

Эртеси 3-мартта Яна Палякова эки жарым жылга үй камагына жана 350 доллар айып төлөөгө кесилди. Активисттер сот жараяны көптөгөн эреже бузуулар менен өтүп, текшерилбеген көрсөтмөлөр пайдаланылганын айтышты.

Төрт күндөн кийин, 7-мартта Неанила Палякова кызы жаткан бөлмөгө баш бакса, Яна шып менен өткөн темир түтүктө асылып алыптыр.

Неанила Палякова Азаттыкка кызын өзүн өлтүрүүгө бийликтер жеткирди деп билдирди:

– Бийликтин бардык органдарынан кысым болду. Прокуратурадан келишиптир, мен эч кимди эч качан кечире албайм деп айттым.

Кийинки кездери Беларуста президент Александр Лукашенконун саясий оппоненттери "дайынсыз" жоголгон учурлар азайды. Бирок активисттер жана оппозиция мүчөлөрү майда-барат иштери үчүн деле куугунтукталып, сабалып, түрмөгө салынат.

Ошол эле убакта, Яна Паляковадай укук коргоочу өзүн асып алган учурлар сейрек кездешет. Беларус бийликтери Батыш менен жакындашууга ынтаа коюп жатканы менен, көп активисттер Лукашенконун бийлик ыкмасы жалпы жонунан өзгөрбөгөн бойдон калгандыгын айтышууда.

Оппозиция жетекчиси, бир кездеги саясий айыпкер Аленсандр Казулин Палякованын өлүмүнөн кийин Минскиде аны эскерүү акциясын уюштурду:

– Менимче мындай окуялар элдин абалы канчалык кыйын экендигин айгинелейт. Эгер жаш эле кыздын өз жанын кыйгандан башка айласы калбаса, демек ал ошого барууга аргасыз болду. Алар Янаны анын принциптери, ишенимдери, идеалдары үчүн кысмакка алышты.

Палякова Салигорскто мыйзамдык коргоо жана саясий иштери менен кеңири таанымал болгон. Ал "Элге мыйзамдык жардам" деп аталган бейөкмөт уюмда иштеген. Уюмдун жетекчиси Алех Волчак Азаттыкка билдиргендей, Палякова Казулиндин 2006-жылдагы президенттик шайлоого катышкандан кийин куугунтукталышы сыяктуу олуттуу маселелер менен иштеген. Анын бийликтер менен тирешүүсү дал ушул окуядан башталган:

– Ал Казулин камакка алынгандан кийин анын иши менен алектене баштаганда, кысым башталган. Ал Казулинди бошотуу талабы менен демонстрация өткөрүүгө арыз бергенде, тартип коргоочулар Янанын батирин камалоого алышкан.

Коңшулары Янаны жакшы жагынан мүнөздөштү, ошол эле убакта анын ички сезимдерин жашыра албаган жаш баладай көтөрүмсүз болгондугун белгилешти. Муну Яна өзү билчү, бийликтер да билген. Янага былтыр күздө тартип коргоочу кол салганда, денеси көк-ала болуп, колу аз жерден сынбай калган. Ошондо ал бийликтерди өзүнө атайылап, психологиялык согуш жарыялады деп айыптаган:

– Келмем оозуман түшүп калды, эмне дешти да билбейм. Алар менин өзүмдү жок кылбастан, амалымды түгөтүп, психологиялык жактан жок кылууну чечишкен. Мен муну моралдык кысымга алуу, мени жок кылуу аракети деп эсептейм. Алар менин саламаттыгымдын абалын эң жакшы билишет.

Палякова өзүн сабоону териштирүү талабын койгон. Натыйжада ушул айдын башында ага тартип коргоочуну жаманатты кылып жатат деген айып тагылып, өзү соттолуп, акыры өлүп тынды.

XS
SM
MD
LG