Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:15

АКШ Ооганстан боюнча НАТОдогу өнөктөштөрдүн үнүн уккусу келет


Жо Байден НАТО кеңешинин жыйынында сүйлөп жатат.Брюссель, 10-март, 2009-ж.
Жо Байден НАТО кеңешинин жыйынында сүйлөп жатат.Брюссель, 10-март, 2009-ж.

Кошмо Штаттардын вице-президенти Жо Байден шейшемби күнү Брюсселде, НАТОнун баш кеңсесинде болду. Өз сөзүндө ал Ооганстандагы кырдаал начарлап жатканынын эске салып, НАТО боюнча өнөктөштөрдү бул өлкөдөгү козголоңчуларга каршы күрөш үчүн "биргелешкен жана ар тараптуу" чараларды иштеп чыгууда жардам көрсөтүүгө чакырды.

АКШнын вице-президенти Жо Байдендин Брюсселдеги сапары Ооганстандын келечегин НАТО боюнча өнөктөштөр жана Евробиримдик менен талкуулоо максатын көздөдү. Ал НАТОго мүчө 26 өлкөнүн элчилери алдында сүйлөгөн сөзүндө төмөнкүлөргө токтолду:

- Биз билгибиз келген нерсе – силердин өлкөлөрдүн көз-карашы боюнча эмне иштээри, эмне иштебей турганы, биз канткенде Ооганстан менен Пакистан террорчулардын жайына айланбоосуна жакшыраак жетише аларыбыз. Кошмо Штаттар бул милдеттерди аткаруу менен биз баарыбыз коопсуздук жагынан өзүбүздүн өтө маанилүү кызыкчылыктарыбыз үчүн аракеттенип жатабыз деп эсептейт. Аймактагы (Түштүк Азия) абалдын курчуусу Кошмо Штаттарга эле эмес, ушул столдун тегерегиндеги өлкөлөрдүн баарына коркунуч туудурат.

Буга чейин эле жарыялангандай, президент Барак Обама Ооганстанда коопсуздук орнотууну өзүнүн тышкы саясаттагы артыкчылыктуу маселеси катары атаган.

Вашингтон учурда Ооганстан боюнча саясатын кайра кароодо жана жаңы стратегия НАТОнун Страсбургада 3-4 апрел күндөрү өтүүчү саммитинде шардана кылынаары күтүлүүдө. Буга чейин белгилүү болгону - Кошмо Штаттарда Ооганстанга дагы 17 миң жоокер жөнөтөт. Бул күчтөр Ооганстанда азыр турган чет элдик 70 миң аскерге кошумча болмокчу.

Бирок Брюсселге Мамлекеттик катчы Хиллари Клинтондун артынан келген Жо Байден Ооганстандын көйгөйлөрү "аскерий эле жол" менен чечилбесин белгиледи. Ал президент Барак Обаманын АКШ Талибандын байыстуу канаты менен сүйлөшүү идеясын колдоору жөнүндөгү буга чейинки ишарасын ырастады. АКШ президентинин мындай ишарасы ооган өкмөтүнө, асыресе президент Хамид Карзайга катуу жаккан эле.

Брюсселдеги пресс-конференцияда АКШ вице-президентинен талибдердин канчасын байыстуу деп эсептөөгө болорун сурашканда, Жо Байден төмөнкүдөй жооп узатты:

- Талибандын 5%ы - ийге келгистер, жеңилүүдөн башканы кабыл албайт. Калган 25%ы, менин көз-карашымда, козголоңчулук вазийпасынын ургалдуулугу үчүн олку-солку болуп тургандар. Ал эми 70%дайы буга акча төлөнгөнү үчүн эле тартылгандар.

АКШ вице-президенти өз сөзүндө ошондой эле Вашингтон НАТО боюнча жана Европадагы өнөктөштөрдүн Ооганстан боюнча стратегияны кайра кароого катышуусу өтө зарыл деп эсептерине токтолуп, алардын идеялары стратегияга киргизилерин убада кылды.

Ооганстанга карата болочок мамиле, Жо Байдендин айтымында, төрт элементти камтыйт. Пакистанды да кошкон аймактык мамиле, аскерий чараларды жарандык жана дипломатиялык аракеттер менен айкалыштыруу, Ооганстандын өзүнүн коопсуздук күчтөрүн куруу жана өлкөдөгү саясий жараянды быйыл август айына белгиленген президенттик шайлоо аркылуу мыйзамдаштыруу.

АКШ өкмөтүнүн эми Ооганстанга карата ар түрдүү ыкмалар менен аракеттенүү, анын ичинде талибдердин айрымдары менен сүйлөшүүнү караштырып жатканы европалыктарды бул иште жакшыраак жардам берүүгө шыктандырабы? "Азаттык" радиосунун кабарчысы бул суроону Вашингтондогу иликтөө борборлорунун бири – "Жаңы Америка" корунун талдоочусу Уильям Хартунг мырзага жолдоду:

- Менимче америкалык расмий өкүлдөр жалгыз эле аскерий жагын албай түрдүү жолдорго, түрдүү ыкмаларды байкап көрүүгө ниеттенип жатканы Европанын айрым өлкөлөрүндө жакшы кабыл алынуусу мүмкүн. "Талибандын байыстуу канаты чын эле барбы?" жана башка ушул өңдүү суроолор боюнча карама-каршылыктар жок эмес. Бирок жок дегенде түрдүү чараларга аракет жасагандык, Европадан оң жооп алып келүүсү ыктымал.

Бул аралыкта Талибандын өкүлү өлкөдөн чет элдик аскерлердин кетүүсү кыянатчылыктардын күчөөсүн токтотуунун жалгыз жолу экенин билдирди. Талибандын маалымат катчысы Кари Мохаммад Юсуф бул тууралуу Рейтер агенттигинин кабарчысына 9-март күнү айткан.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG