Шайлоо Бытыев: Быйыл шаардыктарды жаңы бир өзгөчөлүк күтүп жатат. Биз биринчи жолу Чехиядан 350 000 сомго гүлдөрдүн жаңы сортторунун уруктарын алып келдик. Азыр аларды сээп, көчөттөрүн даярдап жатабыз. Буга чейин өзүбүздүн эле гүлдөрдү олтургузчубуз. Алар майда, анан сабактары ичке болуп калчу. Булардыкы болсо баштары 12-13 сантиметрге чейин жетет экен. Өңдөрү да жакшы. Мисалы питуня, тагетис, шафран деген гүлдөрдүн жаңы түрлөрү абдан кызыктуу экен.
“Азаттык”: Эмне үчүн гүл уруктарын Чехиядан алдыңыздар?
Шайлоо Бытыев: Былтыр Чехиядагы бир фирмадан сыноо иретинде бир аз урук алып сээп көргөнбүз. Гүлдөрү жакшы экен. Биздин климатка да туура келет. Баасы да арзан. Кытай менен салыштырганда, алардан эки эсе арзан болду. Алар деле ошол жактан алып, баасын көтөрүп кайра сата беришет. Биз менен иштешкен чех фирмасы гүл уругу менен 100 жылдан бери иштейт. Май айында ал фирманын жетекчиси бизге келет. Ошондо да тажрыйбасынан бөлүшөт го.
“Азаттык”: Гүлдөр жаңырат деп жатасыздар. Алар менен кошо клумбалардын дагы формалары, дизайндары өзгөртүлөбү?
Шайлоо Бытыев: Сөзсүз өзгөрөт. Биз азыр Кыргыз Илимдер Академиясынын алдындагы бадал тосмолорду, эски картайган роза гүлдөрүн алып салдык. Ал жердин азыр топурагын жаңы гүлдөргө даярдап койдук. Клумбаларды кыргыздын оймосунун формасында жана башка жаңы дизайнда жасоого аракет кылып жатабыз. Атайы адистер компьютер менен сүрөттөрүн, чийиндерин, конструкциясын даярдап жатышат. Быйыл баары жаңы болот.
“Азаттык”: Буга чейин Бишкек менен Бээжин шаарларынын жашылдандыруу багытында кызматташаары айтылды эле. Бул жылы алардын дагы тажрыйбалары менен бөлүшөсүздөрбү?
Шайлоо Бытыев: Гүлдөр боюнча илип коймо конструкцияларды жасап көрөлү деп жатабыз. Биздин Бишкек курулуш муниципалдык ишканасынын директору Бээжинге барып, көп кызык нерселерди алып келген. Бадал тосмолорду 5-6 катар кылып олтургузуу ыкмасы бар экен. Биз азыр шаардагы эстеликтердин биринин жанына, Чүй проспектисинин четине ошентип олтургузуп көрдүк. Эгер жакшы боло турган болсо, бул ыкманы дагы колдонобуз.
“Азаттык”: Бак дарактар дагы жаңыртылдыбы? Быйыл канча көчөт тигилди?
Шайлоо Бытыев: Жаңы жылдан баштап эле биз ийне жалбырактуу бактардын көчөттөрүнөн 5000 түп олтургузганбыз. Алар Тынчтык проспектисине, анан шаардын парктарына олтургузулду. Жаздан баштап жалбырактуу бактардан 17 000 түп тишилди. Азыр көчөлөрдөгү бадал тосмолорду толуктап жатабыз. Тосмолордун 150 миңден ашыгын тигип койдук. Аны 500 миңге жеткирели деген ой бар. Дагы 20 күндөй убакыт калды ага.
“Азаттык”: Бээжинде жашылдандыруу иштерине жылына 420 миң доллар каражат бөлүнөт экен. Бизде каражат маселеси кандай?
Шайлоо Бытыев: Бээжинге салыштырганда, албетте, биздики арзыбаган акча болуп калат. Бирок быйыл бир аз жакшы көңүл бурула баштады. Күнүмдүк камсыздоо иштерге 25 миллион сом, капиталдык кароого жана жаңы олтургузууларга азырынча 13 миллион сом каралды. Ушул каражат менен иштеп жатабыз.
“Азаттык”: Бул акча жетиштүүбү?
Шайлоо Бытыев: Жетпейт. Бул каражат абдан аз. Бишкек шаарына, жок дегенде, 150-200 миллион сом акча бөлсө, жетмек. Бизге техника керек. Элестетсеңиз, килейген Бишкек шаарына эки гана машина иштейт. Ал бир эле районго иштемек. Бизде беш район бар. Анан ал эмне болот? Эгер өкмөт техникалык жактан жардам берсе, биз да аракет кылып, “жашыл шаар” деген атыбызды кайтарып алат элек. Азыр болсо болгон акча менен иштеп жатабыз.