Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:39

Израилдин аракети азиялык саммиттин күн тартибин өзгөртчүдөй


Түрк өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдоган палестин лидери Махмуд Аббас менен Стамбулдагы саммиттин негизги иш күнүн утурлай жолукту. 7-июнь, 2010-ж.
Түрк өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдоган палестин лидери Махмуд Аббас менен Стамбулдагы саммиттин негизги иш күнүн утурлай жолукту. 7-июнь, 2010-ж.

Азиядагы карым-катнаш жана ишеним чаралары кеңешмеси уюмунун эки күндүк саммити кечээ Түркияда башталды. Жыйындын расмий темасы “саясий жана коопсуздук диалогун” жакшыртуу деп аталганы менен Израилдин Газа секторуна жүк тартып бара жаткан кемелерге өткөн аптада жасаган жортуулу анда үстөмдүк кылган маселеге айланчудай.

Азиядагы карым-катнаш жана ишеним чаралары кеңешмеси уюмуна Кыргызстан да мүчө. Курамында жалпысынан 20 өлкө, анын ичинде Израиль менен Палестин автономиясы да бар. 1990-жылдары түзүлгөндөн бери уюмдун буга чейинки эки саммити Казакстанда болгон. Азыркы саммиттен кийин төрагалыкты Казакстандан Түркия өткөрүп алмакчы. Анкарадагы элчиликтен алынган маалыматка караганда, Кыргызстандан саммитке тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу баштаган делегация барды. Жалпысынан саммиттин бүгүнкү негизги иш күнүнө сегиз мамлекеттин башчыларынын катышуусу белгиленген.

Түркиянын тышкы иштер министри Ахмет Давутоглы кечээ Израилге шарт коюп, 31-майда түрк улутундагы тогуз активисттин өлүмү менен аяктаган жортуул боюнча эл аралык иликтөө жүргүзүү жөнүндөгү сунуштарды кабыл алууну талап кылды:

-Эгер Израиль эл аралык иликтөө комитети түзүлүүсүнө жана ал комитеттин суроолоруна жооп берүүгө макул болсо, биздин мамиле оң нукта өнүгөт. Кокус алар бул талапты аткаруудан качууну уланта берсе, Түркия-Израиль мамилелеринин нормалдашуусу жөнүндө сөз кылуу да мүмкүн эмес.

Түрк тышкы иштер министри бул тууралуу саммиттин кечээги иш күнүндө Пакистан жана Ооганстандын тышкы иштер министрлери менен бирге өткөргөн маалымат жыйыны учурунда айтты.

Жаңы Зеландиянын мурдагы премьер-министри, деңиз укугу боюнча адис Жеффри Палмер төрагалык кылган Эл аралык комиссия түзүүнү БУУнун башкатчысы Пан Ги Мун сунуш кылган эле.

Саммитке палестин лидери Махмуд Аббастын катышуусу да анда жортуул маселеси үстөмдүк кыларын каңкуулоодо. Азиядагы карым-катнаш жана ишеним чаралары кеңешмеси уюмуна Израил да мүчө болгону менен түрк Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, саммитке ал бул ирет Түркиядагы элчисинин деңгээлинде гана катышат.

Саммитке Израилдин эки сынчысы: Сирия президенти Башар Ассаддын конок, ал эми Иран президенти Махмуд Ахмадинежаддын мүчө өлкөнүн лидери катары келгендигин эске алганда, Түркиянын бул эл аралык жыйынды Израилди айыптатуу үчүн пайдалануу мүдөөсү орундалчудай. Стамбулда, кабарчылар менен маегинде Ахмадинежад дүйнө өзгөрүүгө муктаж экендигин белгиледи:

-Дүйнөдөгү азыркы шарттарды эске алганда, биз фундаменталдык өзгөрүүлөргө, жаңы системага, биргелешип ойлонууга, кызматташууга муктажбыз. Ушунун баары маанилүү өлкөлөр катышып жаткан азыркы конференциянын маанисин арттырат.

Анкара өткөн аптадагы жортуул үчүн Тель-Авивден кечирим суроосун да талап кылган. Израилдин бийликтери болсо андайга баруудан баш тартып жатышат. Газага багышталган кербендин уюштуруучуларынын айтымында, жөөт аскерлер көч башындагы кемеге түшкөндө эле атып киришкен. Израиль тарап болсо аскерлер темир-тезек, бычак менен куралданган адамдар озунуп кол салгандан кийин коргонуу үчүн ок ачууга аргасыз болгон деп ырастоодо. Бул аралыкта Түркиянын кээде премьер-министр Эрдогандын өкмөтүн кескин сынга алып жүргөн “Hurriyet” гезити кербендин көч башындагы “Мави Мармара” кемесинин бортунан тартылган айрым сүрөттөрдү жарыялап жиберди. Ал сүрөттөрдө токмок жеген жана бети канжалап турган аскерлер тартылган. Айрым сүрөттөргө караганда, алар кеменин ичинен куралсыздандырылгандай.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG