Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:42

Канадада парламенттин иши убактылуу токтотулду


Канаданын премьер-министри Стивен Харпер парламенттин иши токтотулганын кабарлады
Канаданын премьер-министри Стивен Харпер парламенттин иши токтотулганын кабарлады

Канаданын генерал-губернатору январдын этегине чейин парламенттин ишин токтотту.Премьер-министрдин өтүнүчү боюнча кабыл алынган бул чечимди оппозициядагы партиялар айыпташты.

“Канада, албетте, депутаттар алка-жакадан алышып,бирин-бири жумуртка менен атып урган Украина же болбосо парламент мүчөлөрү бир күнү саясий союз түзө калып, эртеси кайра элдешпес душманга айланып кеткен Грузия эмес”,-деп белгилейт “Азаттыктын” Вашингтондогу кабарчысы Хизер Махер.

Алдыңкы демократияга кирген бул өлкөдө, Онтариядагы падышалык университеттин профессору Нед Франкс ырастагандай, федералдык деңгээлде мындай иш 1926-жылдан бери дегеле болгон эмес.

Бу жолку конституциялык кризис өткөн аптада башталды. Башкаруучу консерваторлор партиясынын атынан премьер-министр Стивен Харпер парламентке келерки жылдын бюджетин сунуш кылды эле, аны оппозициядагы либералдар, жаңы демократтар партиясы менен Квебек блогу колдобой коюшту. Долбоордо азыркы финансы кризисинен улам саясий партиялардын корун жоюу да каралган эле.

Оппозиция премьерди экономикалык кризистерди чечкенге кудурети жетпейт деп айыптап, анын ордуна либералдар партиясынын лидери Стефан Дионду дайындоону чечти. Коалиция азыркы өкмөт башчысына ишеним көрсөтпөй, маселени колго салмай болуп калышты. Буга алардын добушу толук жетмек.

Иш кыйчалыштап калганда Харпер парламенттин ишин убактылуу токтотуу өтүнүчү менен генерал-губернатор Микаэл Жанга кайрылды. Эки саатка созулган талкуу-таңаштан соң Жан айым премьердин сунушун колдоп,парламентке январдын этегине чейин иштегенге тыюу салды.

Канада Британ ынтымакташтыгына кирет, Канаданын генерал-губернатору британ канышасы Елизаветта IIнин өкүлү эсептелет. Ага Канаданын парламентин таркатканга жана убактылуу иштетпей койгонго укук берилген. Генерал-губернатордун чечимине ылайык, парламент эмдиги жылдын 27-январында ишке киришет. Өкмөткө өлкөнүн бюджети тууралуу доклад даярдап, аны парламентке кайра сунуш кылуу тапшырылды.

Жаңы демократтар партиясынын лидери Жек Лэйтон генерал-губернатордун чечимин өлкөнүн демократиялык негиздерин бузган аракет катары баалады.Ал эми либералдар, алардын жетекчиси Дион премьерди “коен жүрөк” деп аташты жана аны парламент ишке киришкенден кийин деле баары бир кызматтан кулатарын айтышты.

Профессор Нед Франкс алдыдагы бир жарым айды премьер оппозицияны ичтен бөлүп-жаруу, айрым арасат депутаттарды өз арабына тартуу үчүн пайдаланат деп ишенет. “Менимче, оппозициядагы үч партиянын альянсы анча бекем эмес. Алардын арасында Харперди премьерликтен алуу идеясын колдобогондор бар. Эгер Харпер ошондой он же он бир депутатты калыс позицияда турганга макул кыла алса,анда ал бийликте калышы мүмкүн”, - дейт профессор Франкс.

Коомдук пикирдин акыркы иликтөөсүнө караганда канадалыктардын 53 проценти премьер Харпердин экономикалык саясатын колдошпойт, ошол эле учурда калктын 64 проценти оппозициядагы коалициянын лидери Стефан Диондун өкмөт башына келишин да каалабайт.

XS
SM
MD
LG