Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:46

Талибандын Борбор Азияга туудурган коркунучу канчалык?


Талибан дегенде сакалчан жана селдечен согушкерлер элестейт.
Талибан дегенде сакалчан жана селдечен согушкерлер элестейт.

Борбор Азия лидерлери соңку кездери аймактагы өлкөлөр үчүн Ооганстан жана Пакистан тараптан келген, атап айтканда Талибан туудурган коркунуч күчөгөндүгү тууралуу айта башташты. Бул маселеге ушул аптада кыргыз президенти Курманбек Бакиев да токтолду. Коңшу Өзбекстан болсо чек араларын бойлото аң казып, тосмо орнотууга өттү. Азыркы тапта талибдердин Борбор Азия үчүн коркунучу канчалык реалдуу?

Талибандын Борбор Азияга туудурган коркунучу жөнүндөгү жаңы билдирүүлөр Пакистан өлкөнүн түндүк –батышында Талибандын согушкерлерине каршы кеңири масштабда операция өткөрүп, ал эми Кошмо Штаттар Ооганстандагы аскерлеринин санын көбөйтүп жаткан шартта жасалууда. Маселен кыргыз президенти Курманбек Бакиев апта башында Ат-Башы районунда эл менен жолугушуу учурунда мындай деген эле:

-Пакистанда акыбал аябай оор, Ооганстанда акыбал аябай оор. Пакистандагы качкындар саны эки миллионго жетти. Эми Ооганстанда талибдер менен карама-каршылык аябай күчөсө, алар кайда кетет? Кудай сактасын, тигил жагы Тажикстан, бул жагы Кыргызстан, Өзбекстан жана башкалар.

Анткен менен президент Курманбек Бакиевдин жогорудагыдай сөздөрүн айрым талдоочулар АКШнын аба базасынын өлкөдө туруусу боюнча жаңы чечим кабыл алар алдында коомдук пикирди даярдоо аракети катары да баалашты.

Айтор Кыргызстан Ооганстан менен Пакистандан келүүчү ыктымал коркунучтар тууралуу азырынча сөз гана кылып жатса, коңшу Өзбекстан ишке өткөндөй болду. Мурда кокус өлкө аймагына Ооганстан тараптан согушкерлер келсе, алар Тажикстан аркылуу гана кирет деп ырастап келген Өзбекстан эми Кыргызстан менен чек араларында адам секире алгыс аң казып, тосмо орнотууга киришти.

2001-жылга чейин өкмөтү да, эли да Ооганстандын Ахмат Шах Масуд баштаган тажик можахедеринин Талибанга каршы согушуна колдоо көргөзүп турган Тажикстан болсо,Талибандын кайсыл бир согушкеринин өлкөдө башпаанек табуу мүмкүнчүлүгүн такыр эле жокко чыгарып келген.

Дегеле Борбор Азиянын түштүк чек аралары туудурган тобокелчиликтер боюнча аргументтердин көбү Талибандын башка согушкерлер, анын ичинде Борбор Азиядан чыккан согушкерлер менен байланышынан улам айтылат.

Талибан менен байланышы бар делген борбор азиялык согушкерлердин саны канча экени так белгисиз. Түрдүү булактар түрдүү цифраларды аташат. Көпчүлүгү Өзбекстан Ислам кыймылы деген экстремисттик, тыюу салынган бирикменин жолун жолдоочулар деп эсептелинет.

Алар Ооганстандын аймагында 1990-жылдардан 2001 –жылга, АКШ баштаган коалициялык күчтөр Талибанды бийликтен кулатышканга чейин жүрүшкөн. Кийин антитеррордук операция башталганда, согушкерлердин бир бөлүгү коалициялык күчтөр тарабынан жок кылынган, экинчилери Пакистандын уруулар жашаган аймактарына баш калкалап кетүүгө үлүгүргөн.

Борбор Азиянын расмий өкүлдөрү түрдүү террордук актыларды Өзбекстан Ислам кыймылынын же ага киндиктеш уюмдардын жактоочуларына байланыштырып келгени менен бул топ 2001-жылдан бери анчалык деле активдүүлүгүн көргөзө элек.

Талибандын Ооганстанда жана Пакистандын уруулар жашаган аймагында жансактоосундагы чечүүчү фактор жергиликтүү элдин колдоосу экенин эске алганда, пуштундар үстөмдүк кылган бул кыймылдын адамдарынын Борбор Азияда колдоо табары арсар. Андыктан айрым аналитиктер да талибдердин Борбор Азияны көздөй жылуу мүмкүнчүлүгү абдан эле аз деп эсептешет. Тажикстандык журналист жана саясат тануучу Марат Мамадшаев биз менен маегинде буларга токтолду:

-Менимче азыр ири масштабдагы коркунуч жок деп так эле айта алабыз. Бирок аймактагы коопсуздук кырдаалын, коопсуздук күчтөрү алсыз, эл өз коопсуздугуна анчалык деле көңүл бурбай турганын эске алганда, талибдер кандайдыр бир майда терракттарды уюштура алары турган иш. Менимче ушундан коркуу керек. Эл менен иштеп, аларга мына ушуну, кандайдыр бир террактар болушу мүмкүндүгүн, муну талибдер эле жасабай тургандыгын түшүндүрүү керек. Ал эми Талибан мамлекеттерге реалдуу коркунуч туудуруп жатат деп айтууга болбойт.

Ал ошондой эле биз менен маегинде кошумчалагандай, Борбор Азия согушкерлеринин Талибан менен тыгыз байланышта турган деп эсептелген бирикмеси - Өзбекстан Ислам кыймылы азыр мурдагы кубатын жоготкон, бирок репрессиячыл саясат ошондой экстремиттик уюмдардын жактоочуларынын санын көбөйтөт:

-Өзбекстан Ислам кыймылы олуттуу ресурстарынан ажырганына узак болду. Башка маселе, репрессиячыл саясат диний экстремисттик агымдар үчүн жактоочуларды жаратат.

Экстремизм чек аранын ары жагынан эле келбестан, өлкөнүн өз ичинен да тутанышы мүмкүн деген пикирлерге Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Мирослав Ниязов да кошулат. Ал “Азаттык жана Эркин Европа” радиосунун кабарчысы менен маегинде буга себеп берген жагдайлар катары төмөнкүлөрдү атайт:

-Социалдык –экономикалык көрсөткүчтөр жагынан Кыргызстан азыр (мурдагы советтик республикалар арасынан) акыркы орунда турат. Ушунун өзү эле көптү каңкуулодо. Элдин кызыкчылыгына каршы келген көрүнүштөр пайда болгонунан улам өлкөдө адамдар бийлик институттарына анчалык ишенишпейт. Мындай жагдай адамдардын ишенимин гана кетирбестен кыжырдануусун да жаратууда. Мындай шартта албетте азыр жүргүзүлүп жаткан саясатка нааразылар бар жана алар радикалык күчтөрдүн кимисин болсо да колдоого даяр.

Мирослав Ниязов “Азаттыктын” кабарчысы менен маегинде ошондой эле Ооганстандан келүүчү коркунучка көңүл кош мамиле кылууга болбостугун. Талибан менен Ооганстан Борбор Азия үчүн тикелей коркунуч туудуруп жатат деп айтуу азырынча эртелик кылганы менен ал аймактын өлкөлөрү үчүн экстремизм жана наркосооданын булагы бойдон калып жатканын белгиледи.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG