Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:24

Чеченстан: узакка созулган согушка чекит коюлабы?


Ахмед Закаев жана Дуквахи Абдурахманов
Ахмед Закаев жана Дуквахи Абдурахманов

Өткөн аптада Норвегияда Ичкериянын лидери деп айтылып келген Ахмед Закаев менен Чеченстан парламентинин өкүлү Дуквахи Абдурахманов жолугушту.

“Коммерсант” гезитине курган маегинде Ахмед Закаев жикчилер 1-августтан тарта каршылык көрсөтүүлөрүн токтоторун айтты. “Бул үчүн Ичкерия куралдуу түзүлүшүнүн башкы штабынын жетекчисине тийешелүү буйрук чыгарышы үчүн тапшырма берилди” деди Закаев.

Бирок Орусиянын мамлекеттик думасынын депутаты Геннадий Гудковдун баамында, Закаевдин билдирүүсү Чеченстандагы абалды өзгөртпөйт. Себеби бул жумуриятта аракеттенип келген жоочулар бир жетекчиге баш ийишпейт.

Айрым серепчилер Ослодогу жолугушууну Чеченстандагы согушту токтотуу үчүн жасалган кадам катары баалашууда. Бул Грозныйга Кремл дайындаган бийлик келгенден кийинки сегиз жыл ичиндеги алгачкы саясый жолугушуу болду.

“Көз карандысыз Ичкерия өкмөтүнүн” жетекчиси Ахмед Закаев Чеченстан парламентинин төрагасы Дуквахи Абдурахманов менен жолуккандан кийин “1-августтан тарта чечен эч убакта чеченди карата ок чыгарбайт” деп айткан.

Серепчилердин айрымдары бул жолугушуу расмий Москванын демилгеси менен болду деген пикирде. Ассошейтед Пресс маалымат агенттиги “Абдурахманов 24-июлда Москвада болуп, Орусиянын өкмөт башчысы Владимир Путиндин колдоосуна ээ болуп, андан кийин гана Ослого аттанган” деп жазат.

Саясатчы Алексей Макаркиндин айтымында, Чеченстандагы жагдайга Закаев өтө таасир эте албайт. Саясатчынын баамында, Закаевдин көмүскөдөн кол салып жаткан террорчулар арасында баркы төмөн.

- Бул болгону башталышы гана. Алгачкы расмий жолугушуу. Так айта алам - мындай жолугушуулар уланат. Кийинки жолугушуу Лондондо өтөт.

Ахмед Закаев 2003-жылдан бери Лондондо бозгунда жүрөт. Орус бийлиги ага карата төрт кылмыш ишин козгоп, Лондондон аны өткөрүп берүүнү өтүнүп келет.

Ослодогу жолугушуу Чеченстанда он беш жылдан бери уланып келаткан согуштан алсыраган калк үчүн жакшы кабар. Чеченстан парламентинин төрагасы Д.Абдурахманов террордук аракеттерди жасаган жоочулар Закаевге эмес Доку Умаровго баш ийишет деп эсептейт. Ал ичкериялык тарапка да, Кадыров башкарган бийликке да кошулбайт.

Айрым серепчилер Ахмед Закаевдин кепке келиши Рамзан Кадыровдун тегирменине суу куярын, анын “Чеченстанда тынчтык орноду” деген кеби үчүн колдоо болот дешет.

Бирок чечен жикчилеринин өкүлү Закаев Чеченстандын азыркы бийлигин легитимдүү деп таанып, аны менен кызматташууга даяр болгонун билдиргенден эки күн өткөндөн кийин Грозныйда жанкечти өзүн жардырып жиберген. Ал эми 15-июлда укук коргоочу Наталия Эстемированы белгисиз адамдар өлтүрүп кетишкен.

XS
SM
MD
LG