Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:43

Чечен кол башчысы Дубайда өлтүрүлдү


Сулим Ямалдаев
Сулим Ямалдаев

Апта соңунда Дубайда өлтүрүлгөн адам - Орусиянын бийлигин колдогон чечен кол башчысы экендиги бышыкталды. Сулим Ямалдаевди ишембиде атып кетишкен эле. Ошону менен Чеченстандын маскөөчүл президенти Рамзан Кадыровдун дагы бир оппоненти киши колдуу болду.

28-март күнү атып өлтүрүлгөн Сулим Ямалдаевди урук-туугандары тааныгандыгын Орусиянын Дубайдагы консулу Сергей Красногор бышыктады. 36 жаштагы Ямалдаевге Перси булуңунун жээгиндеги ал өзү жашаган көп кабаттуу имараттын алдында ок атышкан. Ямалдаев алган жараатынан Дубай ооруканасында көз жумду. Дубайдын маалымат каражаттарынын жазышынча, ал өзү же жанындагы жан сакчылары да кол салган кишиге каршы ок чыгарган. Бул атышууга байланыштуу бир киши камакта экендиги кабарланууда.

Сулим Ямалдаев орусиялык элиттик Восток баталонунун командири болуп туруп, өткөн августта бошотулган. Анын иштен кетишин чечен президенти Рамзан Кадыров менен чатагына байланыштырышкан. Андан бир айдан кийин Ямалдаевдин агасы, Мамлекеттик Думанын Бириккен Россия партиясынан шайланган депутаты Руслан Ямалдаевди Москвада атып кетишкен. Сулим Ямалдаев ошондон кийин чет өлкөгө кеткени кабарланган.

Сулимдин дагы бир бир тууганы Жабраил 2003-жылы Чеченстандын Ведено шаарчасындагы согуш аракеттеринде окко учкан. Ал да аскер командири болгон. Бир туугандар үчөө тең Орусиянын баатыры деген медал алышкан.

Таанылбаган Ичкерия Чечен жумуриятынын сүргүндөгү өкмөтүнүн башчысы Ахмед Закаев Азаттыкка Ямалдаев көптөгөн ыплас кылмыштарга барганын, көп каталыктарды кетирип, көп калпыс иштер менен алектенгенин билдирди:

– Ким эмне дебесин, Чеченстандагы согуш - өтө канкор согуш. Ямалдаевдин өлүмүнө таң калып болбойт. Мындай нерселер болгон жана боло да берет. «Чечендер бири-бирин кырып жатат» деп айтышаар, бирок мындай киши өлтүрүүлөрдүн артында Орусиянын коопсуздук кызматтары тургандыгын жашыруу мүмкүн эмес.

Ал эми «Время новостей» гезитинин Кавказ боюнча баяндамачысы Иван Сухов биздин радиого Ямалдаевдин урук-туугандары эбактан эле чечен президенти Кадыров менен кырды бычак мамиледе болгондугун билдирди. Анын айтымында, бул чатак 1990-жылдардагы саясий тирешүүлөрдөн башталган, бирок Ямалдаев кезегинде сеператисттик кыймылда болуп, кийин маскөөчүл бийлик тарапка өтүп кеткендиги да анын душмандарын көбөйткөн болушу мүмкүн.

Ал эми Азаттыктын орус кызматынын кабарчысы Андрей Бабицкийдин пикиринде, бул өлтүрүү кесипкөй киши өлтүрүүгө окшобойт:

– Биринчиден кол салуу элиттик комплекстин туш тарабында видео-камералар орнотулган машина токтотуучу жайында болгон. Экинчиден, ал жерде бул жайдын куралданган кароолчулары бар болчу. Алар кол салууну токтотууга аракеттенишкенин айтып жатышат. Үчүнчүдөн кол салуунун мезгилинде Ямадаев жан сакчылары менен болгон. Башкача айтканда, кол салгандар өз жанына да кайыл болушкандай таасир калтырат.

Акыркы айларда Орусияда жана чет өлкөлөрдө президент Кадыровдун бир нече оппоненти жок кылынды. 13-январда Кадыровдун мурдагы жан сакчысы Умар Исраилов Венада өлтүрүлдү. 26-февралда мурдагы сеператист согушкер Али Осаев Истамбулда окко учту. Ал эми былтыр дагы эки таанымал чечендер Гази Эдилсултанов менен Ислам Жанибеков киши колдуу болгон эле.

XS
SM
MD
LG