Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:53

Чилиде экономикалык кризис талкууланды


Францияда он миңдеген адамдар нааразылык акциясына чыгышты
Францияда он миңдеген адамдар нааразылык акциясына чыгышты

2-апрелде Лондондо Чоң жыйырмалыктын саммити өтөт. Саммиттин алдында дүйнөлүк лидерлер кечээ Чилиде жолугушту. Ушул эле күнү Европанын көпчүлүк өлкөлөрүндө он миңдеген кишилер экономикалык кризиске нааразылыгын билдиришип, көчөлөргө чыгышты.

Латын Америка өлкөлөрүнүн, Европа жана АКШнын лидерлери Чилиде төрт саатка созулган жолугушууда дүйнөлүк каржы кризис жана эл аралык каржы мекемелерди реформалоо тууралуу талкуулашты.

Чилидеги Вина дел Мар курортунда өткөн жолугушууда сүйлөгөн сөзүндө Бразиялиянын президенти Луис Инасиу Да Силва “дүйнө эли бизди тигиле карап турат” деп белгиледи.

2-апрелде Лондондо өтө турган Чоң жыйырмалыктын саммитине катыша турган Латын Америкасындагы эң ири өлкө - Бразилиянын лидери “Натыйжада биз каржы базарларына болгон сокур ишенимден баш тартуудабыз” деп белгиледи.

Британиянын премьер-министри Гордон Браун каржы базарлар өзүн-өзү жөнгө сала албай турганын кошумчалап, бардык глобалдык маселелерде эл аралык көрсөтмөлөр талап кылынарын айтты.

АКШнын вице-президенти Жо Байден болсо, дүйнөлүк каржы базарларында кыйроолорду азайтуу үчүн Америка эл аралык кызматташтыкты колдой турганын кошумчалады. “Бирок каржы базарлары эркин болушу керек” деп белгиледи Жо Байден.

Бул саммиттин кожоюуну, Чилинин президенти Мишел Бачелет дүйнө лидерлери протекционизм менен күрөшүүгө макул болгонун тастыктады.

Саммитке Аргентина жана Уругвайдын президенттери, Испания жана Норвегиянын премьер-министрлери катышты.

Анын аралыгында Британия, Франция, Германия, Италия жана Европанын башка өлкөлөрүндө он миңдеген адамдар экономикалык кризиске нааразылыгын билдирип көчөгө чыгышты.

Нааразылык акциясына чыккандар дүйнө лидерлеринен жакырчылыкты азайтуу үчүн чара көрүүнү, иш орундарын түзүүнү, климаттын кескин ысышынан айлана-чөйрөнү коргоону талап кылышты.

Лондондогу демонстранттардын бири Терри Пирс “Рейтер” агенттигине буларды айтты:

- Эгерде дүйнө лидерлери капитализмден баш тартпаса, климаттын өзгөрүүсүнө, жакырчылыкка жана дүйнөлүк башка көйгөйлөргө мамилесин өзгөртпөсө, анда бул маселелер эч качан чечилбейт. Биз социалисттик артыкчылыкка муктажбыз.

Чилиде өткөн жыйында АКШнын вице-президенти Жо Байден нааразылыгын билдирип көчөгө чыккандарга кайрылып, өкмөттөргө экономикалык кризис менен күрөшүү үчүн мүмкүнчүлүк берүүнү өтүндү.

Британиянын премьер-министри Браун болсо, иш орундарын түзүү жана экономиканы жөнгө салуу үчүн бардык чаралар көрүлөрүн убада кылды.

Бирок Германиянын канцлери Ангела Меркел айым экономикалык кризис менен күрөш жана жаңы глобалдык базарлардын структураларын түзүү үчүн мындай жолугушуулар аздык кыларын белгиледи.

XS
SM
MD
LG