Орус армиясынын Генштабына жетекчи Николай Макаров айтканга караганда, Орусия Азиялык-Тынчокеандык аймакта жагдай тынч эмес болгондуктан Кытай менен аскерий кызматташууга барып атат. Коркунуч бир эле Түндүк Корей ракетасын сыноого байланыштуу эмес, КНДР кошуналары Жапония менен Түштүк Корей кескин түрдө куралданууга киришкени түрткү болду.
Кытай армиясынын Генштабынын жетекчиси Чэнь Биндэ: «Биз Корей жарым аралы ядролук куралсыз болушун каалайбыз» - деген.
Пхеньян ядролук дүрмөттөрүн улам кайра жардырып, сыноо өткөрүп, ракеталарын учуруп дүйнөлүк коомчулукту кыйла дуу-дуу кылууда. БУУ Коопсуздук Кеңеши атайын олтурум чакырып Пхеньян бийлигине катуу чараларды көрүү токтомун кабылдаган.
Орусиялык генерал Макаров айтымында Ооганстан менен Ирактагы оор абал Бежин-Москва аскерий алкасын чыңдоого түткү болду.
Ошондуктан алар «террорчулук, диний-саясый экстремизмге, бангизатын мыйзамсыз ташууга, уюшкан кылмыштуулукка каршы жана адамды массалуу түрдө кыруучу куралдарды таркатпоо үчүн» күрөшүп аткабыз дешкен.
Серепчилер баамында болсо Бээжин менен Москванын бирге аскерий машыгуу өткөрүшүнө башка да себеп бар. Ал эки мамлекет жеринде жикчилдер аракеттери курчуган кез.
«2009-тынчтык өкүлдүгү» Кытайдын түштүк-чыгышында жана орусиялык Ыраакы Чыгышта 22-июлда башталды жана ал 26-июлга дейре уланмакчы.
Ал жер жакында уйгурлар менен ханзулардын кагылышуусу чыгып, анын айынан 197 киши курман болгон Шынжан обулусуна чукул жер экени дайын болот.
Орусия Федерациясында да Түндүк Кавказ аймагы, Ингушетия, Дагстан жана Чеченстан тынч эмес. Жоочулар кол салуусу арбып барат.
Мурда «2009 - тынчтык өкүлдүгү» сыңары машыгуу 2007-жылы өткөрүлгөн. Ал жолу Шанкай кызматташуу уюмуна кирген өлкөлөр Орусия менен Кытайдан сырткары, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Кыргызстан катышкан эле.