Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:14

Х. Клинтон ооган аялдарынын абалына өтө тынчсызданат


Клинтон Эркин Европа/Азаттык радиолорунун студиясында, 5-апрел, 2009-жыл
Клинтон Эркин Европа/Азаттык радиолорунун студиясында, 5-апрел, 2009-жыл

АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон өткөн жекшембиде "Эркин Европа/Азаттык" үналгысынын Прагадагы баш кеңсесинде болуп, Эркин Ооганстан үналгысынын директору Акбар Аязи менен маектешип, ооган угармандарынын алдын-ала жаздырылган суроолоруна жооп берди. Өз маегинде Клинтон ооган аялдарынын абалына терең тынчсыздануусун билдирди.

Хиллари Клинтонго алды менен жакында ооган президенти кол койгон талаштуу мыйзам тууралуу суроо берилди. Оогандык шийи азчылыгына карата колдонулушу керек болгон бул мыйзам боюнча Бириккен Улуттар уюмунун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссиясы билдиргендей, анда шийи аялдары үйүнөн «мыйзамдуу» максатта гана көчөгө чыга алаары, күйөөлөрүнүн уруксаты болбосо, аялдар иштеп, же окуй албай тургандыгы айтылат. Мыйзам ошондой эле эркекке аялын зордуктоого уруксат берет, анткени анда «аялы күйөөсүнүн сексуалдык каалоо-талаптарын канааттандырууга милдеттүү» деп айтылат.

АКШнын мамкатчысы бул мыйзамдын кабыл алынганына таң калганын жашырбай, ал кайра каралып, күчүнөн кетирилет деген үмүтүн билдирди:

Мен өтө кабатыр болдум, анткени бул мыйзам Ооганстандагы элдин басымдуу көпчүлүгүнүн асыл-нарктарын чагылдырат деп ойлобойм. Бул - азчылыктын азчылыгына багышталган мыйзам деп эсептейм, ал аялдарга жана балдарга катуу чектөөлөрдү таңуулайт. Мен бул тынчсыздануумду жана ага каршы экенимди президент Карзайга ачык эле айттым. Президент Обама да бул мыйзам Ооганстан түшкөн багытка шайкеш келбейт деген.

Эркин Ооганстан радиосунун угармандарынан Хиллари Клинтонго бир миңден ашык суроо келип түшкөн. Алардын ичинде америкалык жана НАТО чабуулдарында Ооганстанда карапайым адамдардын, айрыкча аялдар менен балдардын арасында өлүм көп болуп жаткандыгына тынчсыздануу көп айтылган. Кабулдан бир угуучу «мындай чабуулдар эл аралык коомчулукка да кесепетин тийгизип, оппозицияны күч алдырып жатат» деген.

Хиллари Клинтон бейкүнөө оогандардын өлүмүнө терең өкүнүчүн билдирип, мындай калпыстыктардын токтошу үчүн согушкер козголоңчулардын душманчыл аракеттери да токтошу керек экендигин белгиледи. Угармандар коррупция боюнча да кабатыр ойлорун ортого салышты. Клинтон АКШнын жаңы администрациясы бул көйгөйдү жакшы билээрин мындайча билдирди:

Мен бул маселени козгогом, президент Обама буга кайрылган, биздин Ооганстан жана Пакистан боюнча атайын өкүлүбүз Ричард Холбрук да билет. Биз коррупцияны алдын алып, аны болтурбоо үчүн бардык аракетибизди көрөбүз. Ооганстандын эли ансыз деле далай азапты тартты. Алардын бакыбат жашоого укугу бар. Өкмөт аларга болушуп, укугун коргоп, жаңы жашоо курууда аларга кол кабыш көрсөтүшү керек.

Кабулдук бир угарман аял бүгүн бийликтегилердин 80 пайызын «кан ичкичтер, аткезчилер, бангичилер, жоопкерчиликсиз, бетсиз адамдар» деп мүнөздөдү. Ал Клинтонго «ооган түйүнүн чечем десеңиз карапайым оогандар, карапайым аялдар менен жолугушуңуз керек» деди.

Клинтон Ооганстанга барган сайын, карапайым адамдарга жолугушаарын билдирди:

Мен Ооганстанда үч жолу болдум. Ар жолу аялдарга, атуулдук коомдун өкүлдөрүнө, адистерге, окумуштууларга жолугам. Мен жолуккан адамдар өкмөт өкүлдөрү менен чектелбейт. Бирок өкмөт менен да иштеш керек, бул реформа үчүн, өкмөттүн жаңыланышы үчүн керек.

Клинтон анын өкмөтү келерки президенттик шайлоодо бир да талапкерди колдобой тургандыгын, АКШ кошумча аскерлерин шайлоонун коопсуздугун кепилдөө үчүн гана жиберип жаткандыгын билдирди.

Соңунда Мамлекеттик катчы АКШнын жаңы ооган стратегиясы тууралуу билгиси келген көптөгөн угармандардын суроолоруна, анын ичинде «бул стратегия ишке ашпай калса, Обаманын администрациясында альтернативалык план барбы?» деген суроосуна жооп берди:

Биздин жаңы стратегия ишке ашаарына үмүттөнөбүз. Бирок анын ишке ашаар ашпасы Ооганстандын элине караша болот. Ооган эли жаңы келечекке даярбы, армияга жаңы келгендер, жаңы полиция офицерлери машыгуудан өткөндөн кийин аларга калк колдоо көрсөтөбү, өкмөт коррупцияны жок кылып, ооган элинин кызыкчылыгында иштейби, экстремист болбогон талибдер чет элдик согушкерлерге кошулуп, башка бир мамлекеттердин кызыкчылыгына кызмат кылбаш керек экендигин түшүнөбү, кем ушунда. Эл бириксе, бул стратегия да ишке ашат.

Маегинин соңунда Клинтон Эркин Ооганстан радиосунун ишине ыраазычылык билдирип, ооган эли менен бирге иштөө нийетин бышыктады.

XS
SM
MD
LG