Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:56

АКШ Россия менен кызматташканга кызыкдар


Хиллари Клинтон МГУда студенттер менен жолугуп,бир катар суроолорго жооп берди.
Хиллари Клинтон МГУда студенттер менен жолугуп,бир катар суроолорго жооп берди.

АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон бүгүн Москвада америкалык атактуу акын Уолт Уитмендин эстелигин ачты, МГУнун студенттери менен жолукту. Андан соң Татарстандын борбору Казан шаарына келди.

Хиллари Клинтон өз сапарынын ырасмий бөлүгүн аяктаган соң кечээ россиялык укук коргоочулар менен жолугушту, "Эхо Москвы" радиосунун суроолоруна жооп берди.

Экинчи күндүн жарымын ал Москвадагы мамлекеттик университетте өткөрдү. Адегенде филология факултетинин имараты алдында айтылуу акын Уолт Уитменге тургузулган эстеликтин ачылышына катышты. Аземдеги сөзүндө Клинтон акындын орустар менен америкалыктар дүйнөнүн эки жак бетинде жашашса да алардын өлкөлөрү өтө окшоштугун белгилеген ыр саптарын келтирди.

Кийин студенттер менен жолугушканда аны таасирленткен көп китептер бар экенин айтып, алардын ичинде "Бир тууган Карамазовдорду" өзгөчө бөлүп көрсөттү. Бу китепти ал "биринчи мерте жаш кезинде окуган", аны азыр да маал-маал барактап, кайталап окуп турат.

Студенттер мамкатчыга англис тилинде кайрылып,бир катар суроолорду беришти. Эки тараптын алакаларына токтолуп, Клинтон Россия менен АКШнын жакындашына азыр дүйнө абдан кызыкдар экенин ырастады.

Мамкатчы ырастагандай, Кошмо Штаттары Россиянын күчтүү жана бейкут өлкө болушун каалайт, эки тараптуу мамилелердин келечегине ишенет.

"Россия канчалык ачык болсо, ал көп ишке ошончулук жөндөмдүү болот. Силердин саясий система канчалык активдүү жана ийкемдүү болсо, талантуу кишилер жана ар түрдүү пикирлер ошончолук көп болот, мунун баары келип баарыбызды бирдей түйшөлтүп жаткан проблемаларды чечүүнүн мыкты жолдорун тапканга көмөктөшөт",-деп айтты Клинтон.

Россияда адам укуктарынын сакталышы жагынан камтама кылган жагдайлар бар экенин Клинтон жашырган жок. "Маселе жалпы адамзаттын асылнарктары жарандык жана саясий эркиндиктерди тааныганды талап кылганында эле эмес,алар экономикалык өсүштөргө жана саясий баракатчылыкка да өбөлгө түзөөрүндө турат",- деп түшүндүрдү америкалык мамкатчы. Жаңысаак коомдо адамдар бийликтердин аракетин макул таппаган пикирин ачык жана эркин айтканга укуктуу болушу керек.

Мамкатчынын айтымында, "АКШ өкмөтүндө жана орус өкмөтүндө да өткөндүн ой-санаасы менен жашаган адамдар бар". "Алар АКШ менен Россия бийик деңгээлде кызматташа аларына ишенишпейт, алар бир-бирине ишенишпейт. Алардын бул пикири туура эместигин биз аларга далилдешибиз керек", - деп көрсөттү Клинтон.

Түштөн кийин Клинтон Казанга келди. Бу жерде ал православ жана мусулман жайларын көрүп чыгат, студенттер менен жолугуп, аңгемелешет. Республиканын жетекчилери, өкмөт мүчөлөрү менен сүйлөшүүлөр өткөрөт, диний конфессиялардын жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү чакырылган "тегерек үстөлдөгү" талкуу-таңашка катышат.

XS
SM
MD
LG