Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:33

Клинтон Лахордо болду


Хиллари Клинтон Лахордогу мечиттердин биринде.
Хиллари Клинтон Лахордогу мечиттердин биринде.

Пакистанда АКШ мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон ырасмий сапарын улантууда. Кечээ ал Лахор шаарында болду, өлкөнүн жетекчилери менен жолукту, эки тараптуу бир катар маселелерди талкуулады.

Хиллари Клинтон Пакистанда коомчулуктун, оппозициянын жана ырасмий бийликтин өкүлдөрү менен өткөргөн жолугушууларда президент Барак Обаманын өкмөтү региондо мурдагы администрация жүргүзгөн саясатты түп-тамырынан өзгөртө турганын ырастады.
Сенаторлор Жон Керри менен Ричард Лугар авторлошуп түзүп, президент жактырган мыйзам долбоорунда алдыдагы беш жыл ичинде Пакистанга ар жылы 1,5 миллиард доллар өлчөмүндө жарандык жардам көрсөтүп туруу жагы каралган. Бул мыйзам, мамкатчынын айтымында,Пакистанга экономикалык жана энергетикалык кризистен чыкканга көмөктөшөт.

Керри-Лугар мыйзамы Пакистандын өзүндө бир беткей кабылданган жок. Анда бир катар катаң талаптар коюлганын айрым саясий ишмерлер, алардын ичинде оппозициянын лидери Наваз Шариф өлкөнүн суверендүүлүгүнө зыян келтирет деп эсептешет.

Буга байланыштуу Клинтон АКШ сунуш кылган жардамдын шарттарына макул болобу- жокпу, бу Пакистандын өз эрки экенин бөлүп көрсөттү жана муну менен өз планын оңдоп-түзөгөнгө Вашингтондун ою жоктугун туйгузду.

Клинтон президент Асиф Али Зардари менен өткөргөн сүйлөшүүлөрдө башка маселелер менен катар экстремизм,террор жана коопсуздук проблемасын кеп кылды.

Мамкатчы шаршемби күнү Исламбадга келип түшөрдөн бир нече саат мурда террорчулар Пешаварда бомба жардырышты. Баш-аягы жүздөн ашуун киши мерт кетти, ондогон адамдар жарадар болду.

Кечээ Клинтон өлкөнүн чыгышындагы Лахор шаарында болуп, студенттер менен жолугушкан учурда бул темага атайын токтолду. "Буга окшогон кыянаттар азыр силердин аймакта болуп жатат, бирок бу күрөштө силер жалгыз эмессиңер",- деп айтты мамкатчы.

Клинтон экстремисттер бардык адамдар үчүн аялуу жана кымбат саналгандарды кыйратып, жок кылганы жатканын айтып,күрөштүн алдыңкы чегинде турган пакистандыктар менен АКШ бир катарда турганына ишендирди.

Лондондо чыгуучу гезиттердин биринде редактор болуп иштеген аналитик Шахид Садулла мамлекеттик катчынын ырасмий сапарына баарыдан мурда Пакистандагы антиамерикалык маанайдын мизин мокотууну көздөгөн кадам катары карады. "Менимче, мамкатчы АКШны Пакистандын реалдуу өнөктөшү катары көрсөткөнгө аракет кылат", - дейт ал.

Бирок Садулла эки тараптын мамилелериндеги жараканы бир жолку визит менен эле данакерлеп салуу мүмкүн эместигин да эскертти.

XS
SM
MD
LG