Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:43

Р.Шаботоев менен Б.Амиражановду издөө иштери туюкта калды


Руслан Шаботоевди издөө иштери натыйжалуу болбой жаткандыктан депутаттын жердештери нааразылык акциясына чыгышкан
Руслан Шаботоевди издөө иштери натыйжалуу болбой жаткандыктан депутаттын жердештери нааразылык акциясына чыгышкан

Депутат Руслан Шаботоев менен Жусупжан Жээнбековдун уулу Бахтияр Амиражановдун өлүү-тирүү экендигинен туугандары да кабардар деген айыңдар айтылып жатат. Ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин айтуусунда, мындай сөздөр издөө иштерин оор жагдайга туш кылып, адаштырып жатат.

Ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин айтымында, депутат Руслан Шаботоевди издөө иштери Кыргызстанда туңгуюкка такалып калды. Азыр иликтөө иштери Казакстандын алкагында жүрүп жатат. Бирок акыркы мезгилде Шаботоевдин туугандарына барып, “Биз анын кайда экенин билебиз” деп акча өндүргөн париялаштарынын аракети түшүнүксүз жагдайды пайда кылып жаткандыгын айтат министр:

-Шаботоевдин эжеси Сымбатка анын Гүлчоро деген партиялашы бир кишини “Бул баарын билет, ушуну менен сүйлөш” деп тааныштырат. Анысы бир күнү түн ичинде келип, Сымбатка “мен Ак үй менен, чоңдор менен сүйлөштүм. Русландын каякта экенин билем. Пистолети менен беш миң доллар бер. Өзүнө алпарып берип, чыгарып келем” деп айтып сураганын алып кеткен. Бүгүнкү күндө акча да пистолет да жок. Партиялашы бир нерсе билсе, эмне үчүн биз менен байланышпайт.

Министр Амиражанов боюнча да ушундай адаштырган фактылар бар экендигин белгилейт. Анткени буга чейин бир акыл эси ордунда эмес адам жана бир корреспендент “алардын каякта экендигин билебиз” деп министрди да Жусупжан Жээнбековду да убара кылган. Эми жакында “Амиражановдун кайда экенин атасы билет” деген сөздөр чыккандыгын айтат Молдомуса Конгантиев:

- Мен Москвада болдум. Ал жердеги Амиражановду тааныгандар менен сүйлөштүм. Алар мага “Эмне аны бул жерден издеп жүрөсүздөр. Атасы билет да кайда экенин ” дешти. Мен анын тааныштарынын баарын тааныйм. Жусупжан аке билеби же жокпу мен анысын билбейм. Бирок мага ушундай адаштырган маалыматтар келип жатат.

Жусупжан Жээнбеков мындай айыңдардын тарашына ИИМдеги Турат аттуу тергөөчүнүн күнөөсү бар экендигин билдирди. Анын айтымында, ошол тергөөчү “Силер өзүңөр бекитип коюп, олтурасыңар” деп Шаботоевдин эжеси Сымбатка айткан:

-Бул анын чыгарган сөзү. Менөз баламды катып коюп жүрөгүмдү оорутуп, ар кайсы жерден издегендей айбан эмесмин. Мен мындай жолго барбаймын.

Парламентте жакын арадагы депутат Санжар Кадыралиевдин өлүмү туурасында маалымат берген министр видео көзөмөлдөө боюнча мыйзам керектигин Шаботоев менен Амиражанов жоголгон убактан бери эле айтып келе жаткандыгын белгиледи. Анткени депутат Санжар Кадыралиевди атты деп шектелген адамдар ошол жердеги дүкөндөрдүн бириндеги видео көзөмөлдүн жардамы менен кармалган. "Катуу чараларды көрбөсөк, азыр адам өлтүрүү кадыресе адатка айланып, кылмышкерлер жазасыз калып жатат",- дейт министр.

Бул арада ИИМдин Башкы штабынын жетекчиси Кырккелди Кыдырбаев Аэпортинская көчөсүндө жайгашкан үйүнөн чыгып келе жатканда белгисиз бирөө ага 1-2 литр өлчөмүндөгү күкүрт кычкылын чачып кеткендиги маалым болду. Окуя кечээ, 12.20 чамасында орун алган. ИИМдин маалымат кызматынын башчысы бакыт Сейитовдун айтуусунда, бул факт боюнча кылмыш иши козголду.

Акыркы убактардагы депутаттардын, саясатчылардын гана эмес күч органдарынын өздөрүнө да болуп жаткан кол салуулар - кылмыштуулуктун ашынып кеткендигинен кабар берерин айтат саясат таануучу Орозбек Молдалиев. Анын айтуусунда, азыр бийлик адамдары менен криминалдык чөйрөдө жүргөндөр аралашып калгандыктан, кылмыш иштеринин бетин ачуу кыйынга туруп калууда:

-Кылмышкерлер ашынып жатышат. Эми түрмөдө олтурган “Вор в законе” деген кишилер менен өкмөттүн башчыларынын деңгээлине чейин байланыш болуп жаткандыгын жакынкы тарыхыбызда эле көрбөдүкпү. Бул тилекке каршы Кыргызстан үчүн таң калыштуу деле болбой калды. Анан өздөрү чырмашып калса, кантип кылмыштын бети ачылмак эле.

Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Шаботоев өткөн жылдын 30-сентябрында, ал эми Жусупжан Жээнбековдун уулу Бахтияр Амиражанов 24-сентябрда дайынсыз жоголушкан. Алардын жакындары буга чейин издөө иштери өтө солгун жүрүп жаткандыгына нааразылыгын билдирип келишкен. Февраль айында ИИМ Бахтияр Амиражанов боюнча илинчектер бар экендигин, бирок иликтөө кызыкчылыгына байланыштуу айрым маалыматтар сыр катары сактала тургандыгын билдиришкен.
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG