Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:54

Кубада элүү эки диссидент эркиндик алат


Гавана -- Испаниянын тышкы иштер министри Мигел Анхел Моратинос түрмөдөн бошотула турган кубалык саясий айыпкерлерди Мадрид өкмөтү кабыл алганга даяр деп ырастады.
Гавана -- Испаниянын тышкы иштер министри Мигел Анхел Моратинос түрмөдөн бошотула турган кубалык саясий айыпкерлерди Мадрид өкмөтү кабыл алганга даяр деп ырастады.

Кубада саясий жүйөөлөр менен камалган айыпкерлерден элүү эки киши азат кылынат. Шаршемби күнү президент Раул Кастро менен рим-католик чиркөөсүнүн Гаванадагы архиепискобу Хайме Ортега жолуккан соң өкмөт ушундай чечимге келди. Сүйлөшүүлөргө Испаниянын тышкы иштер министри да катышты.

Азаттык ала турган айыпкерлердин баары 2003-жылы камалган, бул окуя "75тин тобу" деген ат менен белгилүү болгон. Элүү эки диссиденттин бошотулушуна рим-католик чиркөөсүнүн Гаванадагы өкүлү орточу болду.

"Гавананын архиепискобу кардинал Хайме Ортега бардык саясий айыпкерлердин ишине байланыштуу чечим тууралуу айтты, "75тин тобуна" киргендер бошотулат, бардык иш акырындап жасалат, бирок бекем убада берилди, биз буга абдан курсантпыз", - деп айтты журналисттерге Испаниянын тышкы иштер министри Мигел Анхел Моратинос шаршемби күнү Гаванада.

Гаванадагы сүйлөшүүлөргө испан министри да катышты. Анын айтымында, саясий беш айыпкер жакынкы күндөрдө түрмөдөн чыгарылат, алдыдагы айларда дагы 47 айыпкер бошотулат. Камактан азат болгон беш диссидентке туугандары менен Испанияга кеткенге уруксат берилет.

Кардинал Ортега биринчи болуп бошотула турган беш айыпкердин аты-жөнүн атаган жок. Буга байланыштуу билдирүүлөр жасаларына үмүт кылып, алар испан министри Гаванада жүргөндө жасалса жакшы болот эле деген пикирин билдирди.

Кардинал Ортега шаршемби күнү президент Раул Кастро менен саясий айыпкерлердин абалын, айрыкча быйыл февралдан бери наар албай, тамак жегенден таптакыр баш тартып келаткан Гилмеро Фаринастын ахыбалын талкуулады. Кырк сегиз жаштагы диссидент алиге чейин ооруканада жатат, анын канына дары куюп, жасалма түрдө азыктандырып жатышат.

Быйыл февралда экинчи бир диссидент Орландо Сапата Тамайо узакка созулган ачкачылык акциясынан түрмөдө каза болгон эле. Ошондон кийин Гавана өкмөтү эл аралык коомчулуктун кескин сынына кабылды.

Мурда өлкөдө саясий айыпкерлер бар экенин караманча танып келген өкмөт диссиденттер тууралуу маалыматтарды аз-аздап ачыкка чыгара баштады. Жадесе компартиянын ырасмий органы Granma гезити да диссиденттердин абалына кызыгып, аларды дарылап жактан докторлордун маектерин жарыялады.

Өкмөттүн шаршемби күнкү чечимин байкоочулар олуттуу өзгөрүүнүн жышаанына жорушту. Диссиденттердин мынчалык чоң тобуна Кубанын режими биринчи мерте ырайымын көрсөтүп отурат. Укук коргоочу активисттер болсо элүү эки диссиденттен тышкары түрмөлөрдө дагы жүздөн ашуун саясий айыпкер бар деп эсептешет.

XS
SM
MD
LG