Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:28

Чехия Брюсселди бушайманга салды


Чех президенти Прагада өткөн Лиссабон келишимине каршы акция маалында. 3-октябрь, 2009-ж.
Чех президенти Прагада өткөн Лиссабон келишимине каршы акция маалында. 3-октябрь, 2009-ж.

Европа Биримдигинин орток баш мыйзамы боло турган Лиссабон келишими Шаркетке мүчө 27 мамлекеттин баарында жактырылып, ага жалгыз Чехия президенти кол кое элек.

Чех президенти Вацлав Клаус келишимге айрым талаптар аткарылмайынча кол койбой турганын айткан, ага ачууланган Еврокомиссия президенти Жозе Мануэль Баррозо Клаустун бүткүл Евросоюзга бут тосо тургандай укугу барбы деген суроону кабыргасынан койду.

Еврошаркеттин Брюсселдеги жетекчилери ушу тапта Чехияга кысым көрсөтүп, ар тараптан кодулап турган чак десек өтө жумшартылган мүнөздөмө болчудай, дейт Азаттыктын Брюсселдеги кабарчысы Ахто Лобякас. Шейшембиде Еврокомиссия президенти Жозе Мануэль Баррозо Чехиянын өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу Ян Фишер менен чукул жыйын өткөрүп, жагдайды талкуулады.

Анын шаштысы кеткенин түшүнсө болот, 27 мамлекеттин орток документи Ирландияда 2-жолку референдумда жактырылгандан 10 күн өттү, ага удаа буга чейин кыр көрсөтүп келген Польшанын президенти Лех Качинский документке кол коюп берди. Эми минтип баары чех президентине такалганы туура эмес, маселени Вацлав Клаус чечпей, Чехиянын Конституциялык Соту караштырышы керек, деген жыйынтыгын чыгарды Баррозо:

- Эгерде Конституциялык сот Лиссабон келишими менен Чехиянын баш мыйзамы ортосунда карама-каршылык жок деген бүтүмүн чыгарса, анда Чехия Республикасы үчүн Еврошаркетке мүчө калган мамлекеттер менен орток мекемелер алдындагы милдеттенмелерин аткаруудан башка жол калбайт деп эсептейбиз.

Чехиянын президенти Вацлав Клаус Европаны урматташы керек, деп ачуулана кошумчалады Еврокомиссия президенти. Лиссабон келишими – 7 жыл бою талкууланып отуруп, Франция менен Голландиядагы референдумда өтпөй калган Евросоюз конституциясынын ордуна даярдалган документ.

Бардык тараптардын каалоо-тилегине жараша өзгөртүлүп отуруп, Лиссабон келишими атка конгон документ былтыр Ирландияда өтпөй калып, быйыл экинчи жолку добуш берүүдө бекигенде Брюссел кадимкидей жеңилдей түштү эле, эми минтип чех президентинин каршылыгына туш болуп отурат. Вацлав Клаус өткөн жумада Лиссабон келишими экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Европада кабыл алынган орток келишимдерди күчүнөн жоготпой турган документ экени кепилденгенде гана кол коюшум мүмкүн, ага чейин колдобойм деп билдирди.

Чехия 2-дүйнөлүк согуштан кийин жергиликтүү судет немецтери куулуп чыгып, алардын мүлкү тартылып алынган Бенеш жардыктары жокко чыгарылат деп чочулайт. Брюсселдин Лиссабон келишими мамлекеттик мүлктү жөнгө салууга эч тиешеси жок деп ишендиргени Клаусту муюта алган жок.

Шейшембиде Еврокомиссия президенти менен жолугушуудан кийин Чехиянын премьер-министринин милдетин аткаруучу Ян Фишер келишим жыл аягына чейин ратификацияланат деп ишендирүүгө аракет кылды.

Мен Еврокомиссия президентин Чехия өкмөтү келишимди ратификациялаш үчүн бардык күчүн жумшайт деп ишендирдим. Маселенин жалаң Европалык жалпы долбоор үчүн гана эмес, Чехиянын эл аралык аброю үчүн да мааниси артык”, - деп басым жасады Фишер.

Ошол эле маалда Брюсселде чех премьери - президент Клаустун бул талабы аткарылгандан кийин жаңысы келип чыкпайбы? – деген суроого так кесе жооп бере алган жок. Айрым эксперттер башынан жалпы европалык идеяны жактыра бербеген чех президенти улам бир шылтоо таап, Евробиримдиктин бардык орток мекемелери толук кандуу иштеп башташына бут тосо бериши мүмкүн деп чочулайт. Клаус өзү андай кылбайм деп азырынча эч жерде ачык айта элек. Шек санагандардын чырагына май тамызып, Чехиянын президенти 14-октябрда Москвага мамлекеттик сапар тартууда, ал жактагылар Клаустун Брюсселди машакатка салган саясатын кубаттаары күтүлүүдө.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG