Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:45

“Кандуу жол”: МЧСтин жок кылынышы


Интернет айдыңында Эдил Кожошизи деген такма ат алдында «Кандуу жол» аттуу детектив аңгеме пайда болду. Чыгарма каармандардын аты-жөндөрү бир аз өзгөртүү менен мурдагы президенттик администрация башчысы Медет Садыркуловдун кандайча өлтүрүлгөндүгүн көркөм баяндагандай.

Чыгармада “Lexus LX 570” маркасындагы авто унаа менен Алматадан келаткан башкы каарманды президенттин бир тууган иниси жана жансакчыларынын башчысы карматып, кыйнап өлтүргөнү баяндалат.

“Кандуу жол” деп аталган детектив аңгеме “proza.ru” интернет сайтында жарыяланды. Чыгарманын автору катары Эдил Кожошизи деген ысым жүрөт. Аңгеменин алгы сөзүндө автор чыгармадагы окуялар, каармандар толугу менен ойдон чыгарылганын айтат. Бирок, андагы каармандардын аты-жөндөрү бир аз гана өзгөртүлгөнү болбосо, алардын баарынын тең өздүгү бүгүнкү күндөгү саясий элитанын каймактарыкына дал келип турат.

Чыгарманын баш каарманы мурдагы президенттик администрация башчысы Медер Чомоевич Садырбеков. Ал салмактуу саясатчы катары тааныла баштаганда ага МЧС (МЧС - орусча Министерство Чрезвычайных Ситуаций деген сөздүн кыскартылышы. Чыгармада каармандын атын-жөнүнүн баш тамгаларынан алынган ылакап ат. – ред.) деген ылакап ат тагылып калган. Автордун баяндашынча, убагында МЧС деген атты укканда менменсинген чоңдор да ичкен ашын жерге коё коюшчу. Чыгармада дал ошол МЧС президентке өтө чоң кызмат көрсөтүп, анын авторитардык бийлигин бекемдеп берген болот.

Кыргызстанда эле эмес эл аралык чөйрөдө да таасири чоң МЧС ушул жылдын башында өз каалоосу менен арыз жазып, президенттик администрациянын башчылыгы кызматын тапшырып салат. Анын мындай кадамга баруусуна президенттин бала-чакасы менен бир туугандарынын өзүм билемдиги, президенттин өзү болсо алардын айтканынан чыга албай калгандыгы себепчи болот.

Кызматынан чегингенден кийин МЧС бийликте тургандагы кетирген каталарын оңдоого белсенип, конструктивдүү күчтөрдү бириктирүү аркылуу үй-бүлөлүк бийликти кетирүүнү көздөйт. Дал ошол максатта Алмата шаарында таасирлүү адамдар менен сүйлөшүү жүргүзүп, ал жактан кайра Бишкекке келатканында аны президенттин бир тууган иниси жана жансакчыларынын башчысы Жакен Кибаев карматып, кыйнап өлтүргөн соң өрттөтүп салат.

Саясат талдоочу Марс Сариевдин пикиринде, мындай көркөм чыгарманын дал шайлоо алдында жарыкка чыга калышында толук саясий негиздер жатат. Муну саясий күрөштүн түрлөрүнүн бири катары баалаган талдоочу, чыгарма калк арасына жайылса чындыктай кабыл алынып кетиши мүмкүн экенин, аңгеменин кооптуулугу ушундай экенин айтат:

- Бул чыгарма жанагы, психологиялык жактан алганда өтө катуу саясий курал болуп саналат. Бул деген ошол чыгармадагы дал келип аткан каармандарга да сөзсүз таасири тийет. Бул ушундай абдан күчтүү курал болуп саналат. Бирок менин оюмча мындай иштерди ачык жасаш керек да. Бул жактан болбосо чет мамлекеттен сотторго берип, эл аралык эксперттерди тартып жасаш керек. Анан менин оюмча ушундай көркөм жагы менен урган таза эмес нерсе.

Чыгармадагы башка каармандар деле окуган кишиге дароо тааныштай туюлат. Маселен Ички иштер министри Конкаргаев, мурдагы президенттик администрация башчысы Күсөн Кыдыков, Эсептөө палатасынын төрагасы Абдугаипов жана башкалар.

Талдоочулардын айтымында, мындай көркөм чыгарма учурдагы оппозициянын эле чырагына май тамызууда. Чыгармада сүрөттөлгөн окуянын жылы, күнү, саатынан бери мурдагы президенттин администрация башчысы Медет Садыркуловдун өлүмүнүкүнө дал келүүдө. Андыктан мындай чыгарма учурдагы режимдин кайсы бир атаандаштарынын буюртмасы болушу да мүмкүн.

XS
SM
MD
LG