Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:49

Доордун жүгүн көтөргөн Докедей асыл бар бекен?...


Д.Садырбаев оппозиция өткөргөн митингде 2006-жылдын 27-майы.
Д.Садырбаев оппозиция өткөргөн митингде 2006-жылдын 27-майы.

28-майда Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда белгилүү саясатчы, коомдук ишмер, кинорежиссер Д.Садырбаевди эскерүү кечеси болуп, жыйынга келгендер анын чыгармачылык мурасына, саясий ишмердигине токтолушту. Анын ысымы Бишкек шаарынын түштүк-батыш тарабындагы Бах көчөсүнө берилгенин шаардын мэри И.Өмүркулов жыйында жарыялады.

Элеси эстен кетпейт

Коомдук ишмер, көп кырдуу талант Дооонбек Садырбаев Кыргызстан эгемендик алган мезгилден баштап чоң саясатка аралашып, өлкөнүн демократиялык өнүгүүсү, бийликтин эл үчүн иштөөсү үчүн депутат катары зор салымын кошуп, буга чейинки аткаминерлердин кетирген каталарын тике айтып, коомдогу көйгөйлөрдү чечүүдө беттеген багытынан кайтпаган ири саясатчы катары көргөзө алганын кечеге келген «үзөңгүлөштөрү» эскеришти.

Өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева өз доорунун чыгаан инсаны Дооронбек Садырбаевди керт башынын кызыкчылыгынан
Роза Отунбаева. 2010-жылдын 19-майы.
калк тагдырын жогору койгон, ачуу чындыкты бетке айткан бирден бир саясатчы катары баалады.

- Дооронбек аганы чоң саясат айдыңында өз ордун тапкан ири саясатчылардын бири деп айтсак эч жаңылышпайбыз.
Кыргызстан эгемендикти алгандан тарта чоң саясат айдыңында кыргыз элинин келечек тагдыры үчүн жан үрөп, кыйынчылык башка түшкөн учурда тайманбастан топ жарып, бийлик башында турган төбөлдөрүнүн жорук жосундары, кайран элдин көптөгөн көйгөйлөрү тууралуу өз пикирин жарыялап айтуу менен өз таламын талашып келди.

Роза Отунбаева белгилегендей Д.Садырбаев 1990-жылдары «Кайран эл» кинотасмасы менен кыргыз элинин кайгы-муңун чагылдырып, эркиндигин чыңдоону эңсеп келсе, кийин биринчилерден болуп мурдагы бийлик башы Курманбек Бакиевдин өз элине каршы жүргүзгөн саясатын, жүзүн ачып «Абийир соту» публицистикалык китебин чыгарган.

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Өмүрбек Текебаев парламенттин үч жолку чакырылышында Дооронбек Садырбаев менен бирге ийиндеш иштешкенин, анын каалоо тилектери, жасаган иштери жалаң мамлекеттин келечеги, кыргыз эли үчүн болгонун белгилеп, нукура элдик адам катары кары-жаштын баары аны Доке деп атап калышканын айтты.

«Доор өзгөрүп жатканда Докемдей доордун жүгүн көтөргөн аксакал чыгат кыргызда», - деди Ө.Текебаев.

Убактылуу өкмөт башчысынын биринчи орун басары Алмазбек Атамбаев 2006-жылы күзүндө ошол кездеги Бакиевдин бийлиги оппозициянын ортосуна жик салып, түндүк-түштүк маселеси өтө курчуп турган маалда Дооронбек Садырбаев аксакалдык сөзүн айтып, калыстык менен кырдаалды жөндөп, оппозицияны дагы бөлүнүп-жарылуудан сактап калгандыгын белгиледи.

Д.Садырбаевдин таламдаштары. Элдик курултай. Арашан 2009-жыл, 25-апрель.
Анын айтымында, эгерде алдын көрө билген, элдин камын ойлогон Докемдей аксакал болгондо 7-апрелде 87 баланын каны төгүлбөйт калат беле.

Президенттерди тайманбай сындаган коомдук ишмер

Дооронбек Садырбаев Жогорку Кеңеште депутат болуп жүргөндө мурдагы президент Аскар Акаевди "бийликти узурпациялап, коррупцияны гүлдөтүп, үй-бүлөлүк башкарууга жол берип жатат" деп сындап, аны өз каалоосу менен кызматтан кетүүсүн талап кылып, оппозициянын башында жүргөн.

Кийин 2005-жылдагы элдик ыңкылаптан кийин эле ал Жогорку Кеңеште Аксы окуясы боюнча комиссияны жетектеп, жыйынтыгында каргашалуу Аксы окуясы боюнча Аскар Акаев менен Курманбек Бакиев күнөөлүү экенин айтып, аларды жана ошол кездеги бир катар жооптуу кызматтарда иштегендерди кылмыш жоопкерчилигине тартуу демилгесин көтөрүп чыккан.

2005-жылы күзүндө киши колдуу болуп жан таслим болгон депутат Баяман Эркинбаевдин өлүмүнө байланыштуу ошол кездеги Коопсуздук кызматынын жетекчиси Таштемир Айтпаевдин жана мурдагы Ички иштер министри Мурат Суталиновдун кызматтан кетүүсүн жана Башкы прокуратуранын жооптуу кызматкерлерин жоопкерчиликке тартуу маселесин кабыргасынан койгон.

Д.Садырбаевдин Ала-Арчадагы көрүстөнүндөгү эстелик. 2009-жыл, 30 май
Дооронбек Садырбаев 2008-жылы 26-апрелде оппозицияга каршы Түп окуясындагы бийликтин уюштурган чагымына өтө капа болуп, Курманбек Бакиев жана анын айланасындагылар мурдагы бийликтин кетирген каталарынын терс жактарын эки эсе ашыра кайталап, өлкөдө мыйзамдуулук сакталбай калганына нааразы болгону бар.

- Кыргызстанда кайдагы мыйзамдуулук? Аскар Акаев да, Курманбек Бакиев да мыйзамдуулук десе Аксы окуясына жооп бериши керек.
Азыркы бийликтегилер өздөрүнүн пайдасы үчүн каалаганындай кандай чоюп иштетсе мыйзам жакшы. Ал эми өздөрүнүн пайдасына иштебей калса жаман. Карапайым калк үчүн жакшынакай мыйзамдар турса аны иштетпей эле, мыйзамды бузуп аларга каршы колдонуп жатышпайбы.

"Азаттык" обого чыгарган бул интервьюну Дооронбек Садырбаев көзү өтөөрүнө бир жарым ай калганда алган элем.

Докем ууландырылганбы?

Ал эми көзү өтөөрүнө он чакты күн калганда Дооронбек Садырбаев: «Мени азыркы бийликтегилер ууландыргандан кийин болбой калдым», - деп таягы менен жер чукулап, кабагын түйүп кара көк болуп отуруп калган эле.

«Ким ууландырды?» - деген суроомо:

«Убагы келгенде баарын ачыкка айтам, азыр аны айтуунун кажети жок, иним» деген болчу.

Доке аны ким ууландырганын, кандайча ууландырганын айтпай ичине сактап, өзү менен кошо ала кетти, деп калышат аны жакындан билгендер.

Эскерүү кечесинде парламенттин мурдагы чакырылышындагы депутат Кубатбек Байболов Дооронбек Садырбаевди кашкайган чындыкты бетке айткан «көй кашка» саясатчылардын бири катары баасын берди.

- Коркунучка дагы карабай, өлүмгө дагы карабай, бийлик тарабынан болгон ар кандай кысымдарга дагы карабай чындыкты чыркырап айтып келген кыргыз жарандарынын арасында туу чокусунда жүргөн Дооронбек Садырбаев деп айтаар элем.

Көп кырдуу талант Дооронбек Садырбаевдин эли үчүн сиңирген эмгеги эске алынып, Убактылуу өкмөт тарабынан «Кыргызтелефильмге» анын ысымы ыйгарылып, Бишкек бийлиги убагында Докем өзү өтүп жүргөн көчөгө берүү тууралуу чечим чыгарганын
Иса Өмүркулов, 2009-жыл 14-декабрь
шаар башчысы Иса Өмүркулов билдирди.

- Докемдин чыгармалары, кинотасмалары муундан-муунга калары анык. Ал эми анын кырк жылдан ашуун өрнөктүү өмүрү өткөн Бишкек шаарынын бир көчөсүнө ысымын берелик деп Бишкек шаарынын бийлиги чечим чыгардык. Ал өзү ары бери дайыма өтүп жүргөн Бах көчөсүн Дооронбек Садырбаев атындагы көчө деп жакында расмий түрдө бекитебиз.

Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн билдиришинче өткөн жылы бийликтин тымызын кысымы менен Докенин кара ашы өзүнүн кичи мекени Ноокен айылында өткөрүлбөй калган эле.

29-майда маркумду Ош шаарында эскеришип, ал эми жекшемби күнү (30-майда) болсо кичи атажурту Ноокенде кара ашы өткөрүлүп, анын айкели орнотула турган болду.

ТАСМА.

"... Дүркүрөп турчу баркың бар"
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:45 0:00


"... Дүркүрөп турчу баркың бар"

28-майда Бишкектеги Улуттук филармонияда кыргыздын чыгаан уулу, белгилүү коомдук-саясий ишмер, кинорежиссер жана акын Дооронбек Садырбаевди эскерүү кечеси өттү.

XS
SM
MD
LG