Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:42

Евробиримдик жаңы жылдан кийин сынак алдында


Жаңы жылдан тартып, Евробиримдикте Испания төрагалык кылат. Ал биримдиктин Лиссабон келишими күчүнө кирип, уюмдун башкаруу структурасы реформалангандан кийинки алгачкы төрагасы болот. Испаниянын төрагалыгы тушунда жаңы түзүлүштүн тышкы саясатка тийүүчү таасири сыналары күтүлүүдө.

Евробиримдиктин башкаруу структураларын реформалоону караган Лиссабон келишими 2009-жылдын соңуна барып күчүнө киргенге чейин уюмдун аймактык тышкы саясаты алты айлык төрагалыгы учурунда тышкы саясатты көзөмөлдөө укугун алган өлкөнүн приоритетине жараша аныкталуучу. Бул тышкы саясатта олку –солкулук орун алып, көңүл бир аймактан экинчисине бурулуп турат дегендик.

Маселен төрагалыкка Испания сындуу түштүктөгү өлкө келсе, биримдиктин көңүлү да түштүктү көздөй ооп, чыгыштагы эмес, түштүктөгү коңшулар менен иштешүүнү караган долбоорлорго артыкчылык берилет деп ойлоого болот эле. Эми Лиссабон келишимине ылайык, мындай нерсе бери дегенде теориялык жактан кайталанбоосу керек. Анткени Евробиримдик ротацияланган төрага, тышкы иштер министрлеринин кеңеши өңдүү эски, президент жана тышкы саясат боюнча жогорку өкүлдүн кызматы өңдүү жаңы механизмдерди колдонуу менен жаңы тышкы саясатты жүргүзүү аракетинде “белгисиз сууга” кирүүдө.

Алдыдагы алты - ай аңдап –билүүчү мезгил


Биримдик Лиссабон келишиминин эрежелери астында кандай иштей алары, андан ириде тышкы саясатка оң же терс кесепети тиер-тийбеси Испаниянын төрагалыгы тушунда сыналган турат. Испаниянын Европа иштери боюнча катчысы Диего Лопез Карридонун ырастоосуна караганда, мекени континенттин түштүк ыптасында турганына карабай, анын төрагалыгы учурунда деле Чыгыш өнөктөштүгү программасы приоритеттердин бири болот:

-Европанын жакшы коңшулук саясаты, өзгөчө Чыгыш өнөктөштүгү программасы Испания, Бельгия, Венгрия катары менен төрага болуучу үч мөөнөттө эле эмес, Испаниянын тушунда да приоритеттердин бири болот.

Чыгыш унутулбайт, бирок .......

Евробиримдиктин Чыгыш өнөктөштүгү программасы эски совет аймагынын алты өлкөсү: Украина, Беларус, Молдова, Армения, Азербайжан, Грузия менен жакындашууну карайт. Испаниянын аларды да унутпоону убада кылуусу көптөрдү таң калтырбай койгон жок. Анткени Мадрид соңку ондогон жылдардан бери Франция менен чогуу биримдик Магриб аймагы же Жер ортолук деңиздин аркы четиндеги Марокко, Алжир, Тунис, Ливия, Мавритания сындуу түндүк африкалык өлкөлөр менен тыгыз алака түзүүсүн жактап келген.

Бирок Испаниянын азыркы төрагалыгы учурунда бүткүл тышкы саясатты Магриб чөлкөмүнүн пайдасына буруу мүмкүн эмес. Лиссабон келишиминин жоболоруна ылайык, төрагалык кылып жаткан өлкө өз күн тартибин андан мурда төрага болгон үч өлкө менен координациялоосу керек. Мындай жобо уюмдун тышкы саясаттагы күн күн тартибин узак мезгилге мерчемдөө, ырааттуулукту жана биримдикти көргөзүү аракетинде киргизилген.

Европа саясатын изилдөө боюнча Брюсселдеги борбордун талдоочусу Пётр Качинскинин көз карашында, Мадрид төрагалыгы учурунда Жер ортолук деңизинин тегерегиндеги өлкөлөр боюнча милдеттемесинен баш тартпайт, ошол эле учурда чыгыштагы коңшулар менен кызматташтыкка да тыюу салбайт:

-Албетте, Испаниянын төрагалыгы учурунда Чыгыш өнөктөштүгү күн тартиптеги маселелердин көч башында турбайт. Бирок испандар Чыгыш өнөктөштүгүнүн өнүгүүсүнө тоскоолдук кылбай турганын да айтышкан.

Талдоочу “Эркин Европа жана Азаттык” радиосунун кабарчысы менен маегинде кошумчалагандай, Испаниядан чыгыштагы коңшулардын кызыкчылыгын коргогон кадамдар күтүлбөсө деле, ал Евробиримдиктин аткаруучу органы - Еврокомиссиядан келген сунуштарга оң жооп берчидей. Бул алдыдагы жарым жылда чыгыштагы алты коңшу менен сүйлөшүүлөрдү алга жылдырууга жана тиешелүү келишим түзүүгө тоскоолдук жасалбайт дегенди туюндурат.

Эң башкы эки кызматтын ээси

Бирок чыгыштагы коңшулардын тагдыры Испаниянын эле колунда эмес. Жаңы жылдан тарта бельгиялык Херман ван Рөмпей биримдиктин президенти, ал эми британиялык Кэтрин Эштон тышкы саясат боюнча жогорку өкүл же тышкы иштер министринин кызматына киришүүдө. Бул эки кызмат Лиссабон келишимине ылайык түзүлдү. Бирок алардын алгачкы ээлери - Европанын буга чейин анча белгисиз саясатчылары.

Биримдиктин президенти уюмдун эң жогорку деңгээлдеги жыйындарына, ал эми тышкы иштер боюнча жогорку өкүл тышкы иштер министрлеринин кеңешине төрагалык кылат. Брюсселдеги саммиттер президент Херман Ван Рөмпейдин жоопкерчилигиндеги иш болсо, расмий Мадрид да алдыдагы алты ай ичинде өз тарабынан Евробиримдик менен ага кирбеген өлкөлөрдүн он чакты саммиттин, анын ичинде АКШ жана Орусия менен жогорку деңгээлдеги жыйындардын конок ээси болору күтүлүүдө.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG