Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:53

Брюссел жыйыны: эң башкы тема - экономика


Белгия -- Европа биримдигине кирген өлкөлөрдүн лидерлери Брюсселге жыйынга чогулушту. 19-март 2009-жыл.
Белгия -- Европа биримдигине кирген өлкөлөрдүн лидерлери Брюсселге жыйынга чогулушту. 19-март 2009-жыл.

Брюсселде Евросоюздун эки күндүк жыйыны башталууда. Лидерлер Лондондо ачыла турган “Жыйырманын” саммити алдында экономикалык кризистен чыгуу боюнча шаркеттин бирдиктүү позициясын аныктаганы жатышат.

Эки күндүк жыйындын күн тартибинде глобалдык экономикалык кризистин кесепеттерин жоюу,энергетикалык коопсуздук, “Чыгыштагы өнөктөштүк” өңдүү бир топ маселелер бар.

Германия менен Франция биргелешип жарыялаган катта жакшы жөндөлө турган, салака-сабыры жаман кризистердин түпкү себептерин таасын аңдай алар глобалдык жаңы финансы системасын түзүү “Жыйырманын” саммитиндеги башкы багыт болушу керектиги көрсөтүлдү.

Евросоюз эл аралык валюта фондусуна бөлүнө турган каражаттын көлөмүн эки эсе көбөйтүп, аны 500 миллиард долларга жеткирет. Лондон саммитине шаркет ушундай чечим менен барат.

Ошентсе да экономикалык кризис маселесинде биримдик менен АКШ ортосунда пикир келишпестик жаралды. Өндүрүштү жандантуу планын Евросоюз былтыр декабрда бекиткен жана бул максатка 200 миллиард евро сарптамак болгон. АКШ муну аз деп эсептеп, европалыктардан аны көбөйтүүнү сурап жатат.

Буга байланыштуу француз президенти Николя Саркози өткөн аптада Берлинде немец канцлери Ангела Меркел менен биргелешип өткөргөн маалымат жыйынында маселе мамлекеттик чыгымдарды көбөйтүүдө эмес,экономика менен финансы системасын жөнгө салуунун таасирдүү механизмдерин түзүүдө турганын билдирген эле.

Ошого улай эле эки тараптын позициясын жакындаткысы келип, Еврокомиссиянын төрагасы Жозе Мануэл Баррозу бир жактуулуктан качууга чакырган жана эки ыкманы тең айкалыштыруу зарылдыгын белгилеген. Брюсселде лидерлер ушул маселенин да башын ачканы жатышат.

Шаркет ошондой эле өзүнүн чыгыштагы мүчөлөрүнө арналган атайын фондго да кошумча акча кошот. Бул фонддун баштапкы көлөмү 25 миллиард евро өлчөмүндө аныкталган эле. Андан Венгрия менен Латвия каражат алганга үлгүрүштү.

Мындан тышкары жыйында жумушсуздук маселеси талкууланат. Шаркетке кирген өлкөлөрдө өндүрүш төмөндөп,ишсиз калгандар катмары калың тартып баратат.Европа комиссиясы шашылыш чаралар көрүлбөсө, жумушсуздар экономикалык активдүү калктын арасында 10 процентке чейин чыгып кетерин эскертти.

Шаркеттин лидерлери “Чыгыштагы өнөктөштүк” программасына Азербайжан,Армения, Грузия, Молдавия менен Украинадан тышкары Белоруссияны тартуу мүмкүндүгүн карашат. Өткөн аптада союздун тышкы иштер министрлери белорус жетекчилерине санкцияларды колдонууга тыюу салган режимди дагы он айга узартууну сунуш кылышкан эле.

Жыйында энергетикалык коопсуздук проблемасында Nabucco долбоорун финансылоо маселеси талашка түшчүдөй болуп турат. Бюджетте үнөмдөлгөн каражаттар эсебинен бул долбоорго адегенде 250 миллион евро бөлүнмөк болгон, бирок кийин анын 50 миллиону кыскартылган. Айрым өлкөлөр, өзгөчө Германия,Италия жана Франция Nabuccoнун келечегинен кадиктенип жатышат. Башкалары,айрыкча мурдагы социалисттик лагердин өлкөлөрү Nabuccoну орус газына көз каранды болуудан кутулуунун жолу катары карашат.

Жыйында Лиссабон келишимине байланыштуу жагдай да сөз болот. Келишимди 27 өлкөдөн азырынча бир гана Ирландия ратификациядан өткөрө элек.

XS
SM
MD
LG