Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:19

Прагада бүгүн "Чыгыш өнөктөштүк" саммити ачылат


Прага -- Евросоюздун жетекчилиги.
Прага -- Евросоюздун жетекчилиги.

Бүгүн Прагада Евробиримдиктин "Чыгыш өнөктөштүк" саммити ачылат. Ага экс-советтик алты өлкөнүн өкүлдөрү чакырылган. Россия еврошаркеттин бул программасынан Батыштын саясий экспанциясын көрүп, саммиттин өткөрүлүшүнө каршылыгын билдирген.

Өнөктөштүк программасы 2003-жылы бекитилип, ага Азербайжан, Армения, Белоруссия, Грузия, Молдавия жана Украина тартылган.

"Алтылыкты" Евросоюзга мүчө кылуу планда жок, бирок аларга Евросоюз 2013-жылга чейин 600 миллион евро бөлүп, саясий жана экономикалык жактан жакындашууну, мамлекеттик институттарын бекемдөө, чек араларын чыңдоо ишине көмөктөшкүсү келет. Иши кылып,алты өлкөнү "стабилдүү достордун ийримине" айлантууну каалайт.

"Маанилүү маселелердин ичинде өнөктөштүк чыгыштагы коңшуларды адам укуктарын, негизги эркиндиктерди урматтоого чакырат, демократиялык жана өткөөл процесстерге, ошондой эле саясий жана коопсуздук чөйрөсүндөгү кызматташтыкка колдоо билдирет",-деп айтты Чехиянын тышкы иштер министри Карл Шварценберг кечээки эл аралык конференцияда.

Евросоюз өкүлдөрү бул программадан "региондогу таасир үчүн" эч кандай таймашты көрүшпөйт. Мындай аталыштын өзүн натуура деп эсептешет. Атүгүл "алтылыкты" саммиттин Декларациясында "европалык өлкөлөр" катары атаганга Германия, Франция, Италия, Испания жана башкалар караманча каршы болушту.

Мындан тышкары еврошаркет ичинде "Чыгыштагы өнөктөштүк" Евросоюздун түштүк коңшуларына арналып түзүлгөн "Жерортолук деңиз жамаатташтыгы" өңдүү долбоордой эле өлүк бойдон калат деп эсептегендер да бар.

Прагадагы бул саммит, жалпы эле "чыгыш өнөктөштүк" программасы Россиянын да олуттуу каяша-каршылыгын пайда кылды. Орус тышкы иштер министри Сергей Лавров аны быйыл мартта "таасир чөйрөсүн" кеңейтүү долбоору деп атаган эле. Шаршемби күнү Москвада ал Полшанын тышкы иштер министри Радослав Сикорски менен өткөргөн маалымат жыйынында Европада кайрадан "ажырым тилкелерин түзүүдөн" шаркетти сактандырды.

Россиялык таанымал саясий аналитиктердин бири Сергей Караганов Германиядагы конференцияда "Батыш менен Россиянын ортосундагы бардык талаш-тартыштын түйүнү мурдагы совет мамлекетинин таасириндеги аймак эми кимге өтөт деген маселеде" жатканын белгилеген эле.

Прагага белорус жана молдован президенттери келбей калышты. Алардын ордуна өкмөттүн вице-премьерлери катышат. Евросоюздун өзүнөн да Франция менен Испаниянын биринчи лидерлери саммитте болушпайт.

XS
SM
MD
LG