Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:59

Европарламент: оңчулдар ооматка жетти, солчулдар сокку жеди


Европарламенттин Брюсселдеги имаратында добуштардын көрсөткүчтөрү улам такталып жатат.
Европарламенттин Брюсселдеги имаратында добуштардын көрсөткүчтөрү улам такталып жатат.

Евросоюздун өлкөлөрүндө жекшемби күнкү шайлоонун жыйынтыктары толук чыгып бүтө элек. Бирок алгачкы маалыматтар жаңы шайланган Европарламентте оңчулдар фракциясы басымдуу күч болорун көрсөтүүдө.

Оңчулдардын жалпы көрсөткүчү беш жыл мурдагы шайлоодогудан биртке начар болду. Ошентсе да аларды бириктирген эң ири саясий бирикме – Европа элдик партиясы парламентте негизги фракция болорунда калет калбады: бул партия азырынча 267 мандат алды, бирок ал 271ке жетет деген болжол бар.

Социалисттер Европарламенттеги экинчи саясий күч болушат – аларга 184 орун тийиши мүмкүн. Либералдар менен демократтар алянсы 80-82 мандатка, "жашылдар" -51 орунга үмүт кылып турушат. Алардын соңунан жаңы парламентке Европа улуттар союзу -35, бириккен солчулдар – 33 өкүлүн өткөрүшү мүмкүн, көз карандысыз депутаттар тобу 20 адамга жетиши ыктымал. Калган партиялар, алардын ичинде ашкере оңчулдар жана башкалар баары биригип 90 мандатка ээ болушат шекилди.

Еврокомиссарлардын бири Хоакин Алмуния шайлоонун алгачкы натыйжаларынан улам Европа парламентинде баштагы состав, саясий топтордун мурдагы теңдеми сакталып калды деп тыянак жасады.

Евросоюздун 27 өлкөсүндө добуштардын санагы уланып жатат.

Он тогуз өлкөдө шайлоо жекшемби күнү өткөрүлдү, сегиз мамлекетте,анын ичинде Британияда добуш берүү бейшембиден жекшембиге чейин созулду.

Батыш Европадагы шайлоочулар экономикалык кыйгас кризис шартында деле саясий табитинен танган жок: алар негизинен бийликте турган партияларды колдошту. Ал эми континенттин чыгышында,өзгөчө кризистен азар көргөн балтикалык өлкөлөрдө, Венгрияда, Румынияда жана Болгарияда башкаруучу партияларды шайлоочулар жазалашты.

Британияда лейбористтер айрыкча катуу саясий соккуга учурады.Жалпы европалык социалисттердин лидери Мартин Шульц солчулдар блогу үчүн бул жолку шайлоо ындын өчүргөн өнөктүк болгонун моюнга алды.

Ортосолчулдардын – европалык социалисттер партиясынын - саясий ооматы бөксөргөнүн Еврокомиссиянын байланыш стратегиясын тескеген вице-президент Марго Уоллстрем иш жүзүндө кызматын тапшыргандай маанайда комментариялады.

"Бул өтө өкүткө салар натыйжа болду, - деп айтты ал шайлоочулардын добуш берүүгө өтө аз катышканын эске алып. – Айрыкча бу Европарламент үчүн өкүнөрлүк иш болууга тийиш, анткени ал шайлоо өнөктүгү үчүн көп күч үрөгөн эле".

Оңчулдардын ооматы болсо жогорку даражалуу еврочиновниктердин көбүн,анын ичинде Еврокомиссиянын азыркы төрагасы Жозе Мануэл Баррозуну курсант кылды. Ал иш жүзүндө дагы бир мөөнөткө кызматында калганга мүмкүндүк алды.

Европарламентти шайлоочулардын көбү адат катары эчтеме чечпеген,бийлиги жок орган деп эсептейт. Экинчиден, ырасмий 26 тилде сүйлөгөн Евросоюздун өзүндө бирдиктүү саясий мейкиндик жок экенин бул шайлоо дагы бир жолу айкындады. Байкоочулар Брюссел үчүн ушул баарынан коопко салган көрүнүш болду дешет.

Еврокомиссиянын орунбасар төрагасы Жак Барро жарандарга өз таасирин далилдегенге Европарламенттин жаңы курамында мүмкүнчүлүк болоруна ишеничин айтып, шайлоочулардын активдүүлүгүн жогорулатуу үчүн күрөшүп,келечекти ойлоп иш жүргүзүүгө чакырды.

Соңку отуз жылдан бери Европарламенттин корпусун шайлоого катышкандар саны такай төмөндөп келатат. 1979-жылы добуш бергендер саны жалпы шайлоочулардын 61 процентине барабар болсо, мындан төрт жыл мурда 46 процентке араң жеткен эле. Быйыл бу көрсөткүч 43 процентти түздү.

XS
SM
MD
LG