Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:35

Афина Европанын айласын кетирди


Грек өкмөтүнүн премьер-министри Георгиос Папандреу жана Еврокомиссиянын төрагасы Жозе Мануэл Баррозу.
Грек өкмөтүнүн премьер-министри Георгиос Папандреу жана Еврокомиссиянын төрагасы Жозе Мануэл Баррозу.

Азыркы кризистен чыкканы Афина өкмөтүнө кандай таризде жардам керек? Бул проблема ушул жуманын этегинде Брюсселде ачыла турган еврошаркеттин саммитинде түйүндүү маселе болмокчу.

Гректердин айланы кетирген кризисин евронун зонасына кирген он алты өлкөнүн финансы министрлери талкуулап, атайын план кабыл алышкан. Анын майда-бараты белгисиз, болгону европалык өнөктөштөр Афина өкмөтүнө карыз берүүдөн баш тартканы гана маалым. Евротоптун башчысы, Люксембургдун премьер-министри Жан-Клод Юнкер гректерге азырынча тикелей финансылык көмөк кажет эмес деген жекече көз карашын билдирген. Бирок бул позицияны көп өлкөлөр колдойт шекилденет.

Бул учурда гректердин кризиси европалыктарды экономикалык саясатта жаңы жолдорду караштырганга мажбур кылды. Германиянын канцлери Ангела Меркел өткөн аптанын этегинде бундестагда сүйлөгөн сөзүндө Лиссабон келишиминдеги айрым жоболорду өзгөртүү маселесин козгоду. "Келечекте бизге келишимге жаңы механизм киргизип, аргасыз абал түзүлгөн шарттарда өтө узак мезгил бою жалпы талаптарды аткара албаган өлкөнү евронун зонасынан чыгарып салуу керек болот. Ансыз кызматташканга болбойт",-деп көрсөттү немец канцлери.

Буга кошумчалап Меркел грек кризиси евро үчүн "өтө чоң коркунуч" түзгөнүн белгилеп, аны "тилектештик аракеттери менен чечүү мүмкүн эместигин" эскертти. Ошол эле учурда ал евроаймактагы бир да өлкөнү өнөктөштөр "тагдырдын зомбулугуна" жалгыз таштап койбой турганына да ишендирди.

Меркелден саал мурдараак немецтердин финансы министри Волфанг Шойбле кыйын-кыстоо абалга туш болгон өлкөлөр үчүн өзүнчө "Европа валюта корун" түзүүнү сунуш кылган эле. Буга катарлаш жалпы Европа экономика өкмөтүн түзүү идеясы жайыла баштады. Бул долбоорду айныксыз түрдө колдой турганын Франциянын финансы министри Кристин Лагард алгачкылардын болуп билдирди.

Евросаммит алдында грек өкмөтү да маселени кабыргасынан койо баштады. "Жеке мен өзүм проблеманын Европада чечилишин каалайт элем, - деп айтты премьер-министр Папандреу. - Евроаймакка кирген өлкөдөгү кризисти чечүү үчүн европалык ички механизмдерге таянган акыл-эстүү иш болот".

Эгер алдыдагы саммитте еврошаркеттен финансылык жардам алалабаса, Папандреу эл аралык валюта фондусуна жардам сурап кайрылганга аргасыз болорун моюнга алды.

Байкоочулар мындай кадам трансулуттук түзүлүш катары Европа биримдигинин кадырына катуу балта чабат дешет. Ошол себептен өткөн аптада Европа комиссиясынын төрагасы Жозе Мануэлл Баррозу евронун аймагындагы өлкөлөрдү Афинага финансылык жардам көрсөтүүгө чакырды. Анын үстүнө кеп бул жерде бир жолку насыя тууралуу болуп жаткан жок. Баррозу еврошаркеттин ар кайсы өлкөлөрү гректерге эки тараптуу келишимдердин негизинде бир катар кредиттерди бөлө алат деп эсептейт.

Бирок финансылык жардам көрсөтүүнүн мындай механизми еврошаркет өлкөлөрү ичинде эч качан практикаланган эмес. Бир катар мамлекеттер баштагыдай эле мунун жүйөөлүү болорунан шектенип жатышат.

XS
SM
MD
LG