Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:19

Евроминистрлер жыйыны


Чет элдик телерадиолорду уктурбай, алардын сайттарын ачтырбай жатканы үчүн иран бийликтерине кандай чараларды көрүү керектиги бүгүнкү жыйында караларын Евробиримдиктин тышкы иштер боюнча жогорку өкүлү Кэтрин Эштон ырастады.
Чет элдик телерадиолорду уктурбай, алардын сайттарын ачтырбай жатканы үчүн иран бийликтерине кандай чараларды көрүү керектиги бүгүнкү жыйында караларын Евробиримдиктин тышкы иштер боюнча жогорку өкүлү Кэтрин Эштон ырастады.

Еврошаркеттин тышкы иштер министрлери бүгүн Брюсселге кезектеги жыйынга чогулушту. Талкуулана турган проблемалар арасында Ирандагы сөз эркиндиги, Ооганстандагы жагдай, Украина менен Молдовага байланышкан иштер, шаркеттин жаңы дипломатиялык корпусун түзүү маселелери бар.

Шаркетке кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери мындай жыйынды ай сайын өткөрүшөт. Бул жолку чогулушта алар алды менен Ирандан чет элдик телерадио каражаттарынын үнүн өчүрүп, интернет булактарын бууп салган практиканы токтотууну талап кылышмакчы. Соңку айларда "Немец толкуну", "Америка авазы" радио станциялары, Би-Би-Синин фарсы тилиндеги программалары уктурулбай, алардын интернет сайттары ачылбай калды.

"Бизге Иранга жооп кайтаруу чараларын ойлонуп көрүү керек. Буга байланыштуу биздин камтамачылыгыбызды ырастаган билдирүү бүгүн жарыяланат. Кандай жооп берерибизди тышкы иштер министрлер Кеңешинде талкуулайбыз", -деп билдирди шаркеттин эл аралык иштер боюнча катчысы Кэтрин Эштон.

Иран темасын кеңири масштабда, анын ичинде атом программасына байланышкан жагдайды ужуманын этек ченинде биримдиктин лидерлери да талкуулашат. Өткөн аптада немец канцлери Ангела Меркел Тегеранга каршы таасирдүү чараларды көрүүнүн маалы келгенин айткан эле. Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинде да кошумча санкциялар боюнча масилет-мастеттер уланууда.

Евроминистрлер ооган темасын да кеп кылышат. Алдыдагы айдан тартып Литванын мурдагы тышкы иштер министри Вигаудас Ушацкас Евробиримдиктин Ооганстандагы атайын өкүлү иретинде ырасмий түрдө кызматка киришет. Жакында ал бул өлкөдө болуп, жагдай менен таанышып келди. Бүгүнкү жыйында быйыл сентябрга белгиленген парламенттик шайлоого, талиптердин байистүү бөлүктөрү менен элдешүү процесси талкууланат.

Дипломаттар ырасташкандай, эркин соода аймагын түзүү боюнча Украина менен бир нече жыл мурда башталган сүйлөшүүлөр туюкка кептелгенине шаркетте ичи чыкпаган маанай бар. Жакында украин президенти Виктор Янукович ишендирген кадамдардын аңытында бул ишти илгерилетүү жолдору Брюсселдеги бүгүнкү чогулушта каралат. Мындан тышкары ушул аптада бул жерде Молдовага жардамдашуу жагынан эл аралык донорлор жыйыны ачылат. Бүгүнкү жолугушуунун күн тартибинде ушул маселе да бар.

Бүйүр кызыткан тема катары байкоочулар Еврошаркеттин дипломатиялык корпусун түптөөгө байланышкан талаштарды аташууда. Тышкы иштер боюнча жогорку өкүл Кэтрин Эштондун кеңсесине кире турган бул корпустан улам шаркеттин жогорку бийлик органдарында – Европа комиссиясы менен блокко кирген өлкөлөр ортосунда пикир келишпестиктер келип чыкты. Аларды кантип чечүү керектигин министрлер бүгүн талкуулашат. Байкоочулар бул маселеде бир беткей чечим табылышы азырынча кыйын деп божомолдоп жатышат.

XS
SM
MD
LG