Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:17

Карзайдын курман айт чакырыгы


Курман айт майрамында Ооганстандын президенти Хамид Карзай талиптерди кайрадан элдешүүгө чакырды.
Курман айт майрамында Ооганстандын президенти Хамид Карзай талиптерди кайрадан элдешүүгө чакырды.

Дүйнө мусулмандары Курман айтты белгилеп жатышат. Майрамга байланыштуу элге кайрылган сөзүндө ооган президенти талиптерди жана алардын тарапкерлерин кайрадан элдешүүгө чакырды.

Курман айтка байланыштуу орус президенти Дмитрий Медведев өз куттуктоосунда бул күндү исламдын чыныгы асылнарктарына - тынчтыкка,боорукерликке жана жакшылыкка чакырган жаркын майрам деп атады. Диндер арасындагы ырашкерликти бекемдөөдө, коомдогу ар түрдүү маданияттардын сакталышына кошуп жаткан мусулмандардын салымын ал жогору баалады.

Сауд Арапстанда курман айттын арапасында нөшөрлөгөн жамгыр жаап, суу ташкындап, сел жүрдү. Такталган маалыматтарга караганда, сексенге чукул киши набыт болду, дагы ондогон адамдардын дайыны табылбай жатат. Кырсык болгон райондо ажылык зыяратка келген чет элдик үч миллиондой мусулман бар.

Ооганстанда президент Хамид Карзай айт майрамына байланыштуу элге кайрылып, "Талибан" кыймылын, анын өнөктөштөрүн дагы бир жолу элдешүүгө чакырды. Карзайдын айтымында, талиптер, аларды колдогон күчтөр куралдарын таштап, өлкөнү кайра тикелөө ишине катышууга тийиш.

Андан эки күн мурда талиптердин лидери Омар молдо бийликтер менен сүйлөшүү мүмкүндүгүн четке кагып, ооган жеринде чет элдик аскерлер турганда "Талибан" эч кандай мунасага барбай турганын ырастаган.

Талиптердин мурдагы жогорку даражалуу өкүлү, учурунда алардын Пакистандагы элчиси болуп иштеген Абдул Хаким Мужахид да "Азаттыктын" кабарчысына сүйлөшүүлөрдүн башкы шарты деп ушул маселени атады.

Экс-элчи талиптерди Ооганстандагы оожалуу процессине тартуу зарыл экенин моюнга алып, бирок бул үчүн азырынча эч кандай шарт-шараят түзүлө электигин белгиледи. "Иш жүзүндө эчтеме өзгөргөн жок,баарыдан мурда куралдуу оппозициянын башчыларына сайылган көп миллиондуу байгепулдар күчүндө турат. Аларды саясий процесстин мыйзамдуу бөлүгү катары таанышкан жок. Ким эле анан өз башын тобокелге байлап, элдик курултайга же дагы бир башка бийлик бутагына мүчө болгонго макул болот? Аларды эртеси эле кармап, Гуантанамого жөнөтүшөт",-деп айтты талиптердин мурдагы элчиси.

Карзайдын бийлигин ал эчтемеге тиши өтпөгөн режим деп атады. Элчинин айтымында, азыркы ооган өкмөтү чет элдик аскер контингенти менен бирдиктүү стратегия түзүп, талиптер менен сүйлөшүүлөрдүн так шарттарын жана эрежелерин аныкталышы керек,аларга кепилдик берилиши зарыл.

"Өткөндө президент Карзай өзүнүн шарттарын сунуш кылды эле, ага коалициялык өкмөттөр караманча каршы чыгышты. Мындай абалда сүйлөшүүлөрдө кандайдыр бир жылыш болушу дегеле мүмкүн эмес",- деп кошумчалады талиптердин мурдагы элчиси.

XS
SM
MD
LG