Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:51

Көз карандысыз Косовонун алгачкы шайлоосу


Косоводо бүгүн жергиликтүү бийлик органдарын шайлоо өтүп жатат. Бул - Косово былтыр Сербиядан көз карандысыздык жарыялагандан берки алгачкы саясий өнөктүк.

Косовонун бийликтери бүгүнкү шайлоо ачык жана адилет өтөрүн, анда калктын көпчүлүгүн түзгөн албандар, азчылыкты түзгөн сербдер да добуш бере аларын убада кылышкан. Президент Фатмир Сейдиу болсо жашоочулардын баарын шайлоо бекеттерине келүүгө чакырды. Косоводо добуш берүүгө укуктуулардын саны 1,5 миллиондон ашуун.

Бирок саны 120 миңди түзгөн серб улутундагылардын көбү шайлоону бойкоттошорун айтышкан. Анын үстүнө жашоочуларынын көпчүлүгү сербдерден турган түндүк аймактарда, анын ичинде Митровица деген шаарда шайлоо бекеттери уюштурулган жок.

“Азаттык жана Эркин Европа” радиосунун Приштинадагы бюросунун башчысы Арбана Видишигинин маалымдаганына караганда, шайлоону тейлеген расмий өкүлдөр Косовонун түндүк аймактарында шайлоо бекеттери эмне себептен ачылбаганына расмий түшүндүрмө беришпеди, болгону “техникалык кыйынчылыктарды” гана жүйө кылышты.

Айтор, кандай болгон күндө да Косовонун былтыр февралда көз карандысыздык жарыялашына каршы болгон аймактарында жашаган сербдер Сербиянын бүгүнкү шайлоого бойкот жарыялоо жөнүндөгү чакырыгын аткарышчудай. Анткен менен албандар менен аралаш жашаган сербдердин шайлоого катышуусу күтүлгөн. Приштиналык саясат талдоочу Рамуш Тахири бүгүнкү шайлоонун мааниси жөнүндө мындай дейт:

- Биринчиден, бул - бардык жагынан Косовонун өзүнүн инститттары тарабынан уюштурулган алгачкы шайлоо. Экинчиден, бул шайлоо жараяны аркылуу жергиликтүү башкарууну децентрализациялоо башталат жана жаңы муниципалиттерди уюштурууга мүмкүнчүлүк ачылат. Үчүнчүдөн, Косово шайлоо уюштурууга, башкарууга жана жыйынтыктарды кабыл алууга жөндөмдүү экенин көргөзүп, эл аралык коомчулук алдында демократиялык сынактан өтүүсү керек.

Эл арасында болсо шайлоого карата көз караш эки башка. Приштинанын Кастриот Жаби ысымдуу төмөнкү тургуну бүгүнкү шайлоонун Косовонун келечегине таасири чоң деп эсептейт:

-Жергиликтүү шайлоолор демократия жана бул өлкөнүн көз карандысыздыктан кийинки өнүгүүсү үчүн маанилүү. Ал чынчыл жана демократиялуу болушу керек.

Ал эми Агим Буржани ысымдуу башка бир тургун шайлоо кандайдыр бир өзгөрүү алып келерине ишенбейт:

-Менде кандайдыр бир үмүт жок. Согуш бүткөнүнө он жылдан ашып калды. Бирок баары эле ойдогудай болбоду.

Бүгүнкү шайлоонун аркасында косоволуктар 36 муниципалитеттин, анын ичинде башкалаа Приштинанын мэрлерин жана жергиликтүү кеңеш депуттарын аныкташат. Шайлоого 74 партия менен коалиция катышууда. Бийликтер добуш берүүнүн коопсуздугун камсыздоого 5 миңдей полицейди бөлдү.

НАТОнун Косоводо турган жана саны 13 миңге жеткен бейпилдик күчтөрү да, алардын командачыларынын айтымында, кандайдыр бир сураныч түшсө, аракет көрүүгө даяр. Көптөр эгер бийликтер бүгүнкү шайлоону эркин жана адилет өткөрө алса, Косовонун көз карандысыздыгын таанучу өлкөлөрдүн катарын көбөйүшүнө мүмкүнчүлүк ачат деген ойдо.

1998-99-жылкы согуштан кийин Косово БУУнун миссиясы тарабынан башкарылып келген. Сербиядан көз карандысыздыгын былтыр февралда жарыялагандан бери аны 63 мамлекет, анын ичинде АКШ жана Евробиримдиктин көп өлкөлөрү тааныды. Сербия жана анын өнөктөшү - Орусия Косовонун көз карандысыздыгын эч бир шартта кабыл алалбасын билдиришкен.

Шайлоо бекеттери жекшембиде эртең мененки жетиден тартып ачылды. Добуш берүүнүн баштакы жыйынтыктары дүйшөмбүнүн таңына карата белгилүү болот.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG