Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:58

Эрдогандын Давостогу “эрдиги”


Давос -- Түркиянын премьер-министри Режеп Эрдоган менен Израил президенти Шимон Перестин кайым айтышы. 29-январь 2009-жыл.
Давос -- Түркиянын премьер-министри Режеп Эрдоган менен Израил президенти Шимон Перестин кайым айтышы. 29-январь 2009-жыл.

Кечээ Давосто Израил президенти Шимон Перес менен тартыша кетип, Түркиянын премьери Режеп Эрдоган форумдан кетип калды. Стамбулда аны миңдеген адамдар баатырдай уулдап-дуулдап тосуп алышты. Оппозициянын, интеллектуалдык элитанын өкүлдөрү болсо Эрдогандын жоругун айыпташты.

Бейшемби күнү кечки талкууларда Жакынкы Чыгыштагы жагдай сөз болуп, Израил президенти Шимон Перес менен Түркиянын премьери Режеп Тайип Эрдоган катуу талаша кетишти.

“Урматтуу Перес, менден улуусуз, бирок үнүңүз өтө бийик чыкты, адатта айыбы бар адамдын үнү ушинтип бийик чыгат. Адамдарды өлтүргөнгө келгенде муну жакшы билесиңер. Кум жээкте жаткан жаш балдарды кантип жайран кылдыңар, мындан кабарым бар”, -деп билдирди түрк өкмөт башчысы израил президентине каяша кылып. Перестин сөздөрүн ал “чындыкка дал келбеген, мазактоо” маанисиндеги кеп деп атады.

Өз кезегинде Перес Газа тилкеси “Хамастын” колуна өткөн соңку төрт жыл ичинде Израилдин баракат жаткан калкына баш аламан мүнөздө 5,5 миңдей ракета, 4 миңден ашуун артиллерия огу атылганын айтып: “Башка өлкөлөрдө буга эмне кылат эле? Эгер күн сайын кечинде Стамбулга ондогон же жүздөгөн ракета келип жарылып турса, силер эмне кылат элеңер?” - деп кызууланды.

Эрдоган талкууга баш-көз болуп отурган “Вашингтон пост” гезитинин аткаруучу редактору Дэвид Игнатиус менен да тартыша кетти.
Төрага талкуу учурунда Арап мамлекеттер лигасынын башчысы Амр Мусага,Улуттар Уюмунун баш катчысы Пан Ги Мунга он беш мүнөт убакыт берип, аларды да шаштырып турганы, ал эми Перес 23 мүнөт сүйлөсө да анын сөзүн бөлбөгөнү Эрдоганды нааразы кылды.

“Мен үчүн Давос бүттү, мен экинчи бу жерге келбейм, мага болгону он үч мүнөт сөз беришти, мындай болбойт”,-деп билдирди Эрдоган.Ошондон соң колун шилтеп, форумдан чыгып кетти.

Премьер-министрди түн бир оокумда Стамбулда беш миңдей киши тууларын булгап, ураан-чакырык айтып, уулдап-дуулдап тосуп алышты. “Түркия палестиналыктар менен бирге!”, “Эрдоган – дүйнөлүк жаңы лидер!” – деп айкайлашты алар.

“Мен Түркиянын жана түрк элинин ар-намысын коргогонго милдеткермин, анткени мен кайсыдыр бир уруунун башчысы эмесмин, Түркиянын премьер-министримин жана менин буга байланыштуу белгилүү жоопкерчилигим бар”,-деп түшүндүрдү Эрдоган өзүнүн Давостогу кадамын.

Түркия – Израил менен дипломатиялык алакасы бар саналуу мусулман өлкөлөрүнүн бири. Газадагы операциялар башталганда түрктөр аны кескин сындашкан.

Бирок ошол эле түнү Шимон Перес Эрдоганга телефон чалып, андан кечирим сурады. “Залда отургандарга сөзү угулбай калбасын деп үнүн биртке көтөрүп сүйлөгөнүн”айтып, Перес саясатчылар деле кээде ушинтип талашып-тартыша кетерин, бирок бул эки тараптын мамилесине зыян келтирбей турганын белгиледи. Эрдоган да “ачууга алдырып иш кылган жетекчи эместигин” ырастады.

Деген менен Түркиядагы саясий оппозициянын, интеллектуалдык элитанын өкүлдөрү Эрдогандын Давостогу “эрдигин” айыпташты. Муну алар “мамлекеттик ишмердин мартабасына жарашпаган жорук”, ”дипломатиялык кырсык”, ”сырткы саясаттагы одоно каталык” деп баалашты.

XS
SM
MD
LG