Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:58

90 адамы бар эфиопиялык "Боинг" деңизге кулады


Ливандык тикучар жана БУУнун Ливандагы убактылуу күчтөрүнүн кемелери эфиопиялык учак кулап түшкөн жайды издешүүдө. 25-январь, 2010-жыл.
Ливандык тикучар жана БУУнун Ливандагы убактылуу күчтөрүнүн кемелери эфиопиялык учак кулап түшкөн жайды издешүүдө. 25-январь, 2010-жыл.

Эфиопия аба жолдор компаниясынын учагы Бейрут аба майданынан Аддис-Абебага учуп чыккандан кийин Жер Ортолук деңизине кулап түштү.

Аддис-Абебага бараткан учактын кырсыгы тууралуу Ливандын транспорт министри Гази Ариди билдирди:

- Биз учак менен байланышты жергиликтүү убакыт боюнча 2:37де, учак эми абага көтөрүлгөндөн кийин жоготтук. Анын алдында учактын пилоту менен түз байланышып, учак кармачу багыттын деталдарын сүйлөшкөнбүз.

Маалымдалганга караганда, 83 жүргүнчүнүн көпчүлүгү эфиоптор менен ливандыктар. Учакта Түркия, Франция, Канада, Россия, Сирия жана Ирактын жарандары да болгон. Экипаждын жети мүчөсүнүн тагдыры да белгисиз.

Авиакырсыктын себеби азырынча белгисиз. Келген маалыматтар боюнча, “Боинг-737” абага көтөрүлгөн маалда катуу шамал аралаш жамгыр куюп, чагылган жаркылдап жаткан.

Ливан президенти Мишел Сулейман кырсык “террорчулук же саботажга” окшобосун айтып, Ливан бийликтери учактын жүргүнчүлөрүн куткаруу үчүн бардык аракеттерди жасаарын билдирди:

- Ливан өкмөтү жана бардык өкмөттүк мекемелер тирүү жүргүнчүлөрдү таап-куткаруу үчүн бар аракетин кылууда. Биз учактагы адамдар жана алардын үй-бүлөлөрүнө тилектешпиз. Бул трагедия.

Күбөлөрдүн бири, ливандык Абдел Мехди Саланех көк асманда “жарк” эткен от пайда болуп, деңизге кулап түшкөнүн көргөн:

- Биз асманда жарк эткен отту көрдүк. Биз асмандан кулап бараткан отту көрдүк. Ал кулап бараткан учак болчу.

Ливандын тикучарлары менен кемелери, ошондой эле Улуттар Уюмунун Ливандагы убактылуу күчтөрүнүн кемелери деңиздин учак кулап түшкөн бөлүгүн айланчыктап издешүүдө. Катаал аба ырайынын шартында бешимге чейин 20 чакты кишинин жасаты табылганы кабарланды.

Эфиопия аба жолдор компаниясы Бейрутка кырсыкты иликтөө үчүн эксперттер тобун жөнөттү. Компаниянын башчысы Жима Вейк Жер Ортолук деңизине кулап түшкөн “Бионг-737” 2002-жылы курулганын, акыркы жолу былтыр 25-декабрда техникалык контролдон өткөнүн жана техникалык абалы жакшы деп табылганын билдирди.

Авиакырсыкка байланыштуу 25-январда Ливанда “Аза күтүү күнү” деп жарыяланды.

Ливан менен Эфиопия арасындагы экономикалык карым-катнаш жакшы өнүккөн жана Ливанда миңдеген эфиоптор түрдүү үй кызматтарында иштешет.

Мамлекеттик Эфиопия аба жолдор компаниясы Африкадагы үч чоң авиакомпаниянын бири cаналат. Ал жумасына 550дөн ашуун жолу дүйнөнүн 56 өлкөсүнө, анын ичинде Африканын 35 мамлекетине учуп турат. Акыркы он жылдан ашуун убакта өкмөттүк компаниянын учактары олуттуу кырсыкка кабылган эмес.

XS
SM
MD
LG