Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:46

Медведев Европанын энергетикалык коопсуздугуна кам көрөт


Медведев Халоненге (оңдо) ыраазы, 20-апрел, 2009-ж. Хелсинки
Медведев Халоненге (оңдо) ыраазы, 20-апрел, 2009-ж. Хелсинки

Финляндиядагы эки күндүк сапары мезгилинде Орусиянын президенти Дмитрий Медведев европалык энергетикалык коопсуздук саясатынын түп-негиздерин кайра карап чыгуу ниетин жарыялады. Ал ошондой эле жаңы туруктуулук келишимин түзүү үчүн аймакта бардык тийиштүү өлкөлөрдүн жана уюмдардын башын кошуп, чоң жыйын өткөрүү ниетин бышыктады.

20-апрелде Хелсинкиде Медведев былтыртан бери Европанын энергетикалык коопсуздук саясатынын үстүнөн иштеп келгенин, ал боюнча сунуштарын жакын арада жарыяларын бышыктады.

Хелсинки университетиндеги сөзүндө Медведев НАТОнун 1999-жылы Косовону бомбалашын, Косовонун былтыр бир тараптуу өз алдынчалык жарыялашын жана өткөн августтагы Грузиядагы согушту эскерип, учурдагы уюмдар Европанын коопсуздугун кепилдей албай калды деди. Бул кырдаалды оңдош үчүн Медведев аймактагы бардык өлкөлөр, ошондой эле НАТО, Европа Биримдиги, ЭККУ жана КМШ, жогорку деңгээлде жыйын өткөрүп, жаңы коопсуздук келишимин иштеп чыгышын сунуш этти.

Майда-баратын атап отурбастан, орус президенти Орусия Түндүк Агым, Түштүк Агым сыяктуу долбоорлор аркылуу, мунай-газды өз аймагы аркылуу өткөргөн транзиттик өлкөлөрдөн көз карандысыздыгын кепилдөөнү максат кылаарын белгиледи:

– Мындай долбоорлор европалык энергетикалык коопсуздуктун байдубалын түзөт, газды ташуунун жолдору канчалык көп болсо, бул коопсуздук ошончолук бекемделет.

Медведевдин сөзү боюнча, жаңы келишим кезегинде Европа биримдиги кол койгон, бирок Орусия кошулбаган Энергетика хартиясын алмаштырышы керек.

Медведев сөз кылган Түндүк Агым долбоору Орусияны түздөн-түз Германия менен бириктирмек. Ага Польша жана Балтия мамлекеттери караманча каршы болушууда. Эстония Түндүк агым куурунун өз суулары аркылуу өтүшүнө уруксат берүүдөн баш тартты. Швеция бул долбоорду колдоодон тайсалдап турат. Финляндия айлана-чөйрөгө салакасы беймаалым деген негизде ага бут тосуп келет.

Хелсинкиде президенти Таря Халонен Түндүк Агым боюнча Финляндия жакын арада макулдук бере албай тургандыгын каңкуулады:

– Мындай жолдун жаратылышка кесепетин иликтөө жүрүп жатат. Финляндия менен Орусиянын өкмөт башчылары келерки июнда жолукканда, биз маселенин убакыт формасы кандай болооруна тактык киргизе алабыз деп ойлойм.

Халлонен анын өлкөсү маселенин экологиялык жагына гана басым жасай тургандыгын баса белгиледи.

Медведев Финляндиянын «оң мамилесине» баа берип, бул долбоордун үзүрүн «бүт Европа» көрөт» деди:

– Мен Финляндияга жалпы жонунан оң мамилесине жана бул маселе боюнча жигердүү талкуусу үчүн рахмат айткым келет. Бул долбоор ар кандай сезимдерди жаратканы менен, ал бүткүл Европага пайдалуу деп эсептейбиз, биз бул долбоордун үстүнөн ишти улантууга нийеттүүбүз.

Медведевдин айтымында, Орусия Европага газдын мүмкүн болушунча көп санда түз ташылышы үчүн аракетин улантып, ошондой эле Украина менен Беларус сыяктуу транзиттик өлкөлөргө жаңы «мыйзамдык» мүмкүнчүлүктөрдү сунуш этмекчи. Мындай мүмкүнчүлүктөр болжолу алардын кыймыл-аракетин чектөөгө багытталмакчы.

XS
SM
MD
LG