Шарлот Үрбэн: -14-21-мартка чейин созулчу жумалык көркөм өнөрдөгү жаңы багыт көргөзмөсү менен ачылды. Ага Кыргызстандын, Бишкектин жаш сүрөткерлери катышты. Алар Франциянын символуна айланган Эйфел мунарасын кандайча кабыл алаарын, бул жактын маданияты аркылуу аны кандайча элестетээрин, ал кандай эмоцияларды жаратаарын чагылдырышты. Кээ бирлер видео аркылуу, башкалары сүрөт тартышкан, инсталляция, кыска оюн коюшкан.
Алардын арасында Эйфел мунарасы жөнүндө чыныгы көркөм өнөр чыгармалары жолугат. Маселен, мунара кандай кыялга батырат деген темадан баштап чет өлкөдө иштөө, сойкулук, кулчулук деген олуттуу маселелер чагылдырылды. Көргөзмө абдан кызыктуу болду, ар кыл көз караштарды камтыды. Анан швейцариялык мультфилмди, франциялык фильмди көргөздүк. Канадалык “Чоң азгырык” деген комедия элге өзгөчө жакты. Кинонун алдында бул жакта жашаган француздар менен швейцариялыктар салттуу тамак-аштарын жасап, конокторго тартуулашты.
Азаттык: - Жумалык кандай максатты көздөйт?
Шарлот Үрбэн: - Албетте, биздин максатыбыз франкофонияны жайылтуу. Франкофония – бул француз тилинде сүйлөгөн өлкөлөр, алардын маданияты жөнүндө маалымат берүүнү, француз тилин жайылтууну көздөгөн эларалык уюм.
Азаттык: - Кыргыз коомчулугун жумалык канчалык кызыктырып жатат?
Шарлот Үрбэн: - Кыргыз публикасы жалаң бул жумалыкта гана эмес, биз уюштурган башка маданий иш-чараларга да активдүү катышат. Алар дайыма биздин маданиятка абдан кызыгышат. Албетте, так санды атоо кыйын, бирок француз тили англис жана немис тилдеринен кийин кыргыздарды кызыктырган 3-тил экен.
Азаттык : - Француз жумалыктары качантан бери уюштурулуп келатат? Мен окуп жүргөндө биз андай мүмкүнчүлүккө ээ боло алган эмесмин.
Шарлот Үрбэн: - Ооба, чынында мен Бишкекте 3 жылдан бери иштеп жүрөм. 3 жылдан бери Франкофония жумалыктарын уюштурууга катышып келатам. Жумалыкты түрдүү, кызыктуу, ар кыл элди тарта тургандай кылууга аракеттенүүдөбүз. Иш-чараларыбызга француз тилин окуган студенттер менен окууучулардан тышкары француз тилин эч качан окубаган, бирок фильмдерди орусча субтитрлер менен көрүүнү же концертти угууну каалаган башка жаштарды тартууну көздөйбүз. Франкофония жумалыктары Кыргызстанда бери дегенде 6-7 жылдан бери уюштурулуп келатат.
Азаттык : - Жалпысынан алганда Кыргызстан менен Франциянын маданий байланыштары кандай өнүгүүдө?
Шарлот Үрбэн: - Менимче, Кыргызстан менен Франциянын маданий байланыштары каалагандай көп болбой жатат. Бирок эки тараптан тең аларды өнүктүрүү аракеттери көрүлүүдө. Албетте, каражат проблемасы да жок эмес. Буга карабай, Францияда окуп жаткан кыргыздардын саны көбөйүүдө. Алар да маданий байланыштарды өнүктүрүүгө салым кошуп келатышат.